«Ак калпак күнүн» негиздеген Ырысбек Жабировдун каты кимди ыйлатты эле?..

«Ак калпак күнүн» негиздеген Ырысбек Жабировдун каты кимди ыйлатты эле?..

Эрнис АСЕК уулу:  «Жакшы көрөмүн го?!»

«Жакшы көрөмүн го?!» деген рубриканы ачкым келип жүргөн. Элдин баары жакшы көргөн кишисине жылуу сөз айтсын дечүмүн. Керек болсо, самачумун. Биз, адамдар, жакшы сөз айтканга жарабай калдык. Аны өзүмөн байкайм. Күнү-түнү жаныңда жүргөн адамга жакшы сөз айталбай калат экенсиӊ. Ушунчалык майда болуп кетиппиз. Муну мага Бетховендин “Ай сонатасы” айтты. Сонатаны кыргызча которо албай, жаман болдум. Анан кийинкиси кетти. Унчуга албадым. «Унчукпаганың – алсыздыгың» деп да айтып көрүштү. “Мейли” дедим. Анткени мен  “Ай сонатасын” – “Ай мээрими” деп өзүмчө которуп алгам. Бардыгы ошондон башталды окшойт. Керек болсо, керек нерсенин кереги жок болуп калат. Анткени ал – “Ай сонатасы”. Сен ошону түшүнөсүңбү? Түшүнүп-түшүнбөсөң да, айта турганым: “Ай сонатасы” болчу. Башка сөзүм жок. А сөз жок калганда, серт көрүнө баштайсың, ошол үчүн мен музыкага таазим этем. Анын касиети сөз эмес, дабыш, добуш, үн, эмне десеңер ошо дегиле, бирок таазим этесиң. Бирок кыргызың “Миң уккандан бир көргөн” дейт. Көздүн кулу экенбиз, ов! Толубай сынчы кыргыз үчүн эмнеге жаралган дейсиңер? Ушул сөздү айтыш үчүн.

Эрнис АСЕК уулу

«Ак калпак» күнүн негиздеген автор тууралуу…

Эрнис ачып кеткен ушул рубрикага, байым сыйлап-урматтаган кыргыздын мекенчил уулу, белгилүү кинорежиссер Ырысбек Жабировго өз учурунда жылуу сөзүмдү айтып, жазгым келди. Чыгармачылыктын ар кыл оош-кыйышында жүрүп, 11 жылдан бери 5-мартта биз «Ак калпак күнү» деп белгилеп келаткан майрамды негиздеди. Жаралыш таржымалына токтолсом, Ырысбек «Ак калпак күнүн» белгилөө демилгесин 2011-жылы көтөрүп чыкты. Бирок бул жакшы демилгеси, ортодо 5 жыл өтүп, Жогорку Кеңеш токтому менен 2016-жылы 29-мартта расмийлешти, 2017-жылдын 29-июнунда “Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү” катары жарыяланды. Ошентип  улуттук баалуулуктарыбыздын бири улуттук баш кийимибизди даңазалаган «Ак калпак күнүн» 11 жылдан бери белгилеп, жаш баладан президентке чейин куттуктап, тарыхын айтып келатабыз. Тарыхый иш жасаган авторго — Ырысбекке рахмат!

Ырысбек ЖАБИРОВ: «Сүйүүн кадырлаган сенче болор, эгер болсо…»

Эми Ырысбектин адамгерчилигине токтолсом… Былтыр (2021-жылы) 25-апрелде Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда «Өмүр менен өлүмдүн жарк дей түшкөн учкундары» аталышта байымды эскергенбиз. Анын алдында Ырысбекке чакыруу жиберсем, ал Вотсабыма мындай деп кат жазган эле: «Назира, кандайсың? Буттун айынан балдакчан эскерүүгө бара албадым, тепкичтен чыгуу көйгөйү жаралат деп. Негизи, барышым керек эле. Ал үчүн кечирим сурайм. Жакшы болуп алайын, Эрнис үчүн бир чоң иш кылууга бел байлап жүрөм. Ошол иштерге Кудай күч-кубат берсин.
Эскерүүнү уктум, аябай жакшы, жогорку деңгээлде өткөрүпсүң. Эрнис да бир оодарылып алса керек, бейиши болгур! Сага рахмат, эки дүйнө бактылуу бол! Сүйүүнү, адамды кадырлаган сенче болор, эгер болсо…
Мага капа болбой тур, сураныч

Ушундай катыңды окуп алып: «Ырысбек, сага эмнеге капа болмок элем? Себеби, сен балдакчан байымдын жылдыгына куран окутууга келип, мусулмандык парзыңды аткарып кетпедиң беле?..» деп ыйлап, баягы Эрнисимдин тирүү кезинде кубантканыңды эстеп ого бетер сыздагам… Анда 2013-жыл эле… «Баягы Асаба» гезитин чыгарып жатканыбызды угуп, кубанып редакцияга келип, гезиттин чыгышын, байым экөөбүздүн баш кошконубузду куттуктап 10 миң сом бергенсиң. Анда Мелис байкенин адамгерчилигин, мыкты журналист, мыкты саясатчы болгонун айтып Эрнисти кубанттың эле. «Эрнис, Мелис байкеге арнап, бир иш-чара өткөрүп калсан, сөзсүз айт, мен колдон келген жардамымды берем» деп айтканыӊда ого бетер ичим жылыган. Себеби, Эрнисим агасы тууралуу жакшы сөз гана уккусу келчү…

Эрнис сага ыраазы болуп бильярдга чакырып, экөөӊөр 3 саат ойноп, чыгармачылык тууралуу сүйлөшүп, көп нерсени пландадыӊар эле. Эрнис сага Мелис байке экөө кинорежиссер болгулары келгенин, ошол ой-максаттарын кийин ишке ашырышарда агасы каза болуп калганын айтып кейиди эле… Сен болсо, «Азыр деле кеч эмес, досум! Сен сценарий жаз, мен тартам» дедиӊ эле… Сценарий жазып баштаган эле… Андан мурунку сүйлөшүүлөрдө кино тартууга кошо ала кетээриӊди айттыӊ эле. Ошол күндү байым аябай күткөн эле…

«Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даӊкталбайт»

Ырысбек, былтыр, 4-февралда «Сузак биримдиги» коомдук биримдиги менен «Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даӊкталбайт» аталышта 2020-жылы каза болгон ардактуу 34 инсаныбызга багыштап, «Айкөл Ордо» ресторанына куран окутпадың беле?..

Кесиптешим Назира ААЛЫ кызы айткандай, армандуулар чогулганбыз… Ыраазы болуп тараганбыз…

Бар бол, Ырысбек! Ак калпак күнү менен куттуктап, Эрнистин «Кубаныч илимин» тартуулайм!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.