Кыргыз улуттук «Манас» театрына имарат бөлүнүп берилди

Кыргыз улуттук «Манас» театрына имарат бөлүнүп берилди
Акылбек ЖАПАРОВ: «Манас» театры кыргыз элинин улуу мурасын – баян айтуу өнөрүн сактоо жана жайылтуу максатында негизделген»
Бүгүн, 14-мартта Кыргыз улуттук «Манас» театрына имарат бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, имараттын ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, ЖК спикери Талант Мамытов, Маданият министри Азамат Жаманкулов жана төкмө акындар, манасчылар катышкан.
Имараттын лентасын Акылбек Жапаров менен Сүйүнбек Касмамбетов кести.
Акылбек Жапаров өнөр адамдарына чыгармачыл ийгиликтерди жана бакубаттуулук каалап, «Бүгүнкү күндө 30 жыл аралыгында жетиштүү көңүл бурулбай келген көптөгөн жакшы демилгелер өлкө жетекчилигинин колдоосу аркылуу ишке ашырылууда. Алсак, «Манас» театрына имарат бөлүнүп берилген. Кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын, каада-салтыбызды, элдик оозеки чыгармачылыкты, өзгөчө «Манас» эпосун сактоодо сиздердин салымыңыздар баа жеткис. Апрель айында социалдык тармактагы кызматкерлердин, анын ичинде маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу пландаштырылууда», — деди
Белгилей кетсек, театр 2021-жылдын сентябрь айында «Манас» эпосун, ошондой эле кенже эпосторду жана манасчы, дастанчылардын чыгармачылыгын сактоо жана жайылтуу максатында негизделген. Президент Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 17-февралындагы Жарлыгы менен улуттук макам ыйгарылган.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Кыргыз улуттук «Манас» театрына имарат бөлүнүп берилди

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.