Инновациялык борборго сүрөтчүлөр, дизайнерлер жана композиторлор чакырылды. Алар эмнени талкуулашат?

Инновациялык борборго сүрөтчүлөр, дизайнерлер жана композиторлор чакырылды. Алар эмнени талкуулашат?

Эртең, 16-мартта, “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинде (Эркиндик гүлбагы, 58 А)  “Искусство — креативдүү индустриянын өнүгүүсүнүн негизи” аталышта семинар өткөрүлөт. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, семинарды Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) жана “7-АСМАН” чыгармачыл студиясы уюштуруп жатат. Жаратмандардын, чыгармачыл инсандардын, авторлордун ишмердигин колдоо жана кесипкөй искусствону өнүктүрүү максатта уюштурулуп жаткан семинарга сүрөтчүлөр, кийим дизайнерлери жана композиторлор чакырылды.

Семинарда автордук укук маселелери, товардык белгилерди каттоо, өнөр жай үлгүлөрүн укуктук коргоо жана чыгармачыл ишмердикти колдоо жана коргоо маселелери талкууланат жана Кыргызпатент тарабынан демилгеленген “40 райондон 40 демилге” долбоору тууралуу маалымат берилет.

Сурап-билүү телефондору:  (0771) 458 — 549 Мирахим,  (0555) 778 – 151 Аида.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.