«Эстелик» ырдын багын ачкан Түгөлбай Казаков. «День Победы» ырдын багын ачкан Лев Лещенко

«Эстелик» ырдын багын ачкан Түгөлбай Казаков. «День Победы» ырдын багын ачкан Лев Лещенко

Бүгүн Кыргызстандын бардык аймактарында Жеңиштин 77 жылдыгы белгиленип, «Эстелик» жана «День Победы» ыры жаңырууда… Чыныда, бул эки тарыхый ырсыз 9-майды элестетүү кыйын. Жаралыш тарыхын канчалык билебиз?.. 

ЭСТЕЛИК

Сөзү : Төлөгөн МАМЕЕВдики

Обону: Түгөлбай КАЗАКОВдуку

Биз турмушка аталардан кеч келип,

Тээ батыштан согуш отун кечпедик.

А аталар төрөлө элек биз үчүн,

Кала берди танк алдында тепселип.

 

Биз турмушка агалардан кеч келип,

Тээ батыштан адам канын кечпедик.

А агалар жаңы баскан биз үчүн,

Кала берди танк алдында тепселип.

 

Өткөн согуш кан майдандан сес берип,

Турат бүгүн бардык жерде эстелик.

Гүл ордуна койдум ушул ырымды,

Аталарды, Агаларды эскерип.

Түгөлбай КАЗАКОВ: «Эстелик» ыры эл арасына сиңип, ырдалып калды…»

«Эстелик» ырына кандайча обон жазылып калганын Кыргыз Эл артисти Түгөлбай Казаков мындай деп эскериптир:

Мен 1965-жылы атамдын бир сүрөтүн издеп Ошко барып калдым. Ал кезде 8-класстын окуучусу элем. Ошол кездеги Ош облустук «Ленин жолу» гезити азыр «Ош жаңырыгы» аталып калбадыбы. Капыстан гезиттен акын Төлөгөн Мамеевдин калемине таандык «Эстелик» ырынын текстин окуп калдым. Ыр таасирдүү жазылгандыктан мага аябай жакты. Гезиттин ошол ыр басылып чыккан жерин кыркып алдым. Кыркылган гезиттин барагы ошол бойдон менде 10 жыл сакталып жүрдү.

1975-жылы Улуу Жеңиштин 30 жылдыгына карата өлкөдө обондуу ырлардын кароо-сынагы уюштурулуп калды. Ал убакта Чолпон-Атадагы Ысык-Көл райондук маданият үйүнүн директору элем. Кароо-сынакка катышуу максатында жанагы 10 жыл сактап жүргөн ырдын текстине обон жаратып, мен да конкурсант катары катышып калдым. Тилекке каршы, менин обонум эч кандай орунга илинген жок. Бирок, сынакта утуп чыккан обондордон менин обонум кийин эл арасына сиңип, ырдалып калды. Сынактан кийин радиолордо берилип, жаңырып жүрдү. Бул ырдын жаралуу тарыхы ушундай болгон.

«Ош шамы», 2017-жыл

«День Победы» ырын жоготкула!» деп чыгышкан…

«День Победы» ыры согуштан кийин жаралган. Бирок элге чыкканга чейинки тагдыры татаал болгон. Анын багын ырчы Лев Лещенко ачкан.  Болбосо, чаң басып «цензура текчесинде» канча жатмак…

«Юность» радиостанциясынын редактору Евгений Широков Лев Лещенкого келип, «Бир жакшы ыр бар, бирок эскертип коеюн – аны көркөм кеңеш чаап салды»,- дейт. Себебин сураса, «Давид Тухмановдун жары Татьяна Сашко ырдап чыкпаса болмок… Сен кайра карап чыксаң, балким өтүп калат» деген ойду айтат. Лев Лещенко Алматыга гастролго баргандагы сапары апрелден аягы, эл май майрамдарын күтүп аткан кезге дал келип калып, ал ырды ырдап чыкса, зал жапырт туруп коштоп, кол чаап, ыйлап угушат. Ошол эле күнү Тухмановго телефон чалып, бул ырды ага берүүнү суранса, ал ыр Жеңиштин 30 жылдыгына арналган телевизиондук «Огонёкко» Л.Сметанниковдун аткаруусунда тандалып алынганын айтат. Бирок ошол чыгарылыштан соң ал ыр башка ырдалбасын деген чечим чыгат.

10-ноябрь Милиция күнүндө репетицияда Лев Лещенко «День Победы» ырын ырдап көрөт. Кечени ушул ыр менен жабууну суранышат. Түпөйүл ой менен ырдалган ыр залда отургандарга да жагып (ырдын обон-сөзүнүн авторлоруна да күтүлгүс белек болгон), кийинки күнү жер-жерден миллиондогон каттар келип, телевидение жетекчилиги ырды 1975-жылдын мыкты ырларына киргизүүгө аргасыз болгон.

Ырдын сөзүн жазган Владимир Харитонов согушту сырттан эмес, ичтен көргөн акын-жоокер. Солдат башына түшкөндүн баарын көрүп, согуш отун кечип келген. Бирок ал жөнөкөй адам болгон. Ырында да ашыкча көркөмдүккө умтулган эмес — Жеңиш жөнүндө, Мекен жөнүндө, Эне жөнүндө ыр саптарды жетик тил менен жүрөктөргө жеткире билген экен…

Бир жолу Кызыл Аянтта өткөн бир параддан кийин Кремлде улантылган жолугушууда Леонид Бережнев Владимир Харитовновго: «Володя, биз кетебиз, эл болсо сенин ырларыңды ырдай берет…» деген кеп таштаган экен. Айткандай эле, бул ыр 1945-жылдагы Жеңиш күнүнөн 30 жыл кийин жазылса да, бүгүнкү күнгө чейин фашисттерди ушул ыр менен жеңип келгендей элес калтырып, жашап келет.

«Баягы Асаба», 2014-жыл

Даярдаган Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.