МУФТИЯТ: «Курандын «К» тамгасын билбеген инсан түпкү маанисине түшүнбөй туруп, чечмелөөнү ким коюптур?»

МУФТИЯТ: «Курандын «К» тамгасын билбеген инсан түпкү маанисине түшүнбөй туруп, чечмелөөнү ким коюптур?»

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) саясатчыларга кайрылып, Ыйык Куран менен ойнобоого чакырды. Алардын кайрылуусу кечээ, 12-майда муфтияттын сайтына жарыяланды. Кайрылууда мындай деп жазылган:

— Куран менен ойнобогула! Күнүмдүк жыргалчылык жана саясый упай топтоо үчүн Алла Тааланын ыйык сөзүн булгабагыла жана бурмалабагыла! Курандан адал, арам деп өкүм чыгарууга илимиңер жетпейт жана укугуңар жок.

Динин «Д», Курандын «К» тамгасын билбеген инсан Куран аятын окуп, анын түпкү маанисине түшүнбөй туруп чечмелөөнү ким коюптур? Ар бирибиздин Алла Тааланын алдына баруучу күнүбүз алыс эмес. Курандан колуңарды тарткыла! Акыл  жетпеген иште, адис менен кеңешүү керек. Аллахтын сөзүн саясатчы эмес, аалымдар чечмелесин. Ыйык китеп менен каада күтүп, добуш алам деген арам оюңардан кайтып, кеч боло электе тобо кылгыла!

Дарыгер дарыгерлигин, молдо молдолугун, депутат депутаттыгын кылганы туура. Дин кызматкерлери саясатка аралашпайт, бирок Алланын сөзү болгон Куранды бурмалоодо унчукпай тура албайбыз! Анткени ыйык Куранды бурмалоо бул чоң күнөө эле эмес, Алланын каарын алып келет. Алланын каары келсе, пенденин колунан эч нерсе келбейт!

Кумарканаларды ачууну колдогон депутаттар…

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары 11-майда сессияда кумарканаларды (оюн автоматтары бар залдарды, лотереяларды) ачуу тууралуу мыйзам долбоорун талкуулашып, колдоп, биринчи окуудан өткөрүп беришкен. 13 депутат каршы болгону менен 56ы макул болгон.

Талкуу учурунда депутат Арсланбек Малиев Куран китебин алып чыгып, кумар оюндары тууралуу аятты окуп, “бир аз пайдасы бар” экендигин айткан. Анткени менен ал коомчулукта катуу сынга кабылып, аятты аягына чейин окубаганы айтылган.

Президент эмне дейт? 

Президент Садыр Жапаров менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров буга чейин журналисттерге берген маектеринде мыйзам долбоорун колдой турганын билдиришкен. Президент кумарканаларды Ысык-Көл облусунда гана эмес, Кыргызстандын бардык аймагында ачууну сунуштаган.

Бул маселе былтыр (2021-жылы) да парламентте каралып, ызы-чууну жараткан. Тагыраак айтканда, андагы жыйында депутат Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун сунушташкан. Катуу талаш-тартыш болгондон кийин, ал долбоор артка кайтарылган.

Эске сала кетсек, 10 жыл мурун Кыргызстанда кумар оюндарына мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Анткени менен кумарканалар көмүскөдө иштеп жатканын коомчулук ачык эле айтып чыккан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “МУФТИЯТ: «Курандын «К» тамгасын билбеген инсан түпкү маанисине түшүнбөй туруп, чечмелөөнү ким коюптур?»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.