ВИДЕО — Байдылда Сарногоевдин ырын окуу эстафетасын Руслан Жакышов эки депутат, эки акынга узатты…

ВИДЕО — Байдылда Сарногоевдин ырын окуу эстафетасын Руслан Жакышов эки депутат, эки акынга узатты…
«Байдылда Сарногоев (өзүнүн аты-жөнү— Убайдылда Айтманбетов — авт.) кыргыз поэзиясында эч кимге окшобогон, эч кимди кайталабаган жана эч качан, эч ким тарабынан экинчи кайталанбай турган өзүнчө бир уникалдуу акын» деп Кыргыз Эл жазуучусу, адабий сынчы, профессор Кадыркул Даутов жазгандай уникалдуу, улут сыймыгы болгон алп
акыныбыздын көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Албетте мындай маараке көз жаздымда калбай, кеӊири мамлекеттик деӊгээлде иш-чара өткөрүлөрү күтүлүп жаткан. Айткандай эле, республикалык масштабда, буйруса, күзүндө өткөрүлмөкчү, ал боюнча Өкмөттүн тийиштүү токтому да бар. Анткен менен ага чейинки майда-чоң иш-чаралар жыл башынан бери токтогон жок. Мына, жакында 15-16-майда Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында эл аралык айтыш өткөнү турат. Мындай иш-чараны Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Кыргыз улуттук «Манас» театры жана республикалык «Айтыш» коомдук фонду биргелешип уюштуруп жатканын Маданият министрлигинин басма сөз кызматы жарыялады. Ал маалыматка таянсак,  айтышка Кыргызстандан 12, Казакстандан 4 төкмө акын катышат. Байге фонду азырынча айтыла элек.

«Алакандын» демилгеси коомчулуктан колдоо тапты

Бул мааракени утурлай биздин сайт (alakan.biz) «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» демилгесин көтөрүп, акын-жазуучу, ырчы, депутаттар, дегеле, окурман журтубузга социалдык тармактарга  эстафета саамалыгын алып чыктык эле, бул демилгебиз коомчулукка жагып, колдоо тапты.

Эстафетаны депутат Руслан Жакышов баштап берип, узатты…

Биздин сайттын редакторунун орун басары, журналист Салима Жакшылык кызы мындай демилгени «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырып, ал социалдык желедеги бир катар инсандардын атын белгилеп эстафетаны узаткан болчу. Алгачкылардан болуп кабыл алып, саамалыктын башын ачып берген ЖК депутаты Руслан Жакышовго ыраазычылык билдиребиз. Ишке да, ыр окуганга да жетишкен эл өкүлү Байдылда Сарногоевдин эл жүрөгүнөн түнөк тапкан бул ырын кечээ, 12-майда кабинетинде отуруп, көркөм окуп берди:
«Улутчул дешет билбеген,
Улутун кимдер сүйбөгөн…
Кызыл эт кезден торолтуп
Кыялым көккө күүлөгөн,
Кыргыз деп келгем дүйнөгө
Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн.
Толкундап бийик үн менен
Топтошуп алып сүйлөгөн,
Токсон миң тоскоол болсо да
Топончо көрбөй үйлөгөн…
Достук деп келгем дүйнөгө
Достук деп өтөм дүйнөдөн!»
Эстафета шарты боюнча Руслан мырза ыр окуу кезегин кесиптештери Нуржигит Кадырбековго, Марат Мураталиевге жана белгилүү мыкты акындар Жыргалбек Касаболотов менен Шабдан Сулаймановго узатты. ВИДЕО. 
Акын Шабдан Сулайманов эл өкүлүнүн эстафетасын кабыл алганын билдирди.

Байдылда САРНОГОЕВ: «Чокудай бол, кыргыздын жигиттери!»

Сөз аягын Байдылда атабыздын ырлары менен аяктабасак болбойт. Бул сапар кыргыз жигиттери «ушундай болушкан, ушундай болгула» деп күч берип, алга сүрөгөн дем берген ырынан бир шиңгил таштадык:
«Толкун болот деңиздин күчтүү жери,
Толкундай бол, кыргыздын жигиттери.
Токсон тогуз өнөрдүн ээси бол деп,
Тоолук эне төрөгөн сени, мени!
Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол, кыргыздын жигиттери!
Чок кармаган кол менен баатыр бол деп,
Чоң атабыз үйрөткөн сени, мени!»
Назира СААЛИЕВА

One thought on “ВИДЕО — Байдылда Сарногоевдин ырын окуу эстафетасын Руслан Жакышов эки депутат, эки акынга узатты…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.