Акылбек ЖАПАРОВ: «Дарыгерлердин, мугалимдердин маянасы жыл сайын 20%га көтөрүлүп турат»

Акылбек ЖАПАРОВ: «Дарыгерлердин, мугалимдердин маянасы жыл сайын 20%га көтөрүлүп турат»

Дарыгерлердин, мугалимдердин маянасы жыл сайын 20%га көтөрүлүп турат деп Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Түп районунун Тогуз-Булак айылында мектеп мугалимдери, айыл жашоочулары менен жолукканда билдирди.

Мугалимдерди кубанткан маяна

Буга чейин, 11-майда, социалдык түйүндөрдө «күзүндө мугалимдин айлыгы кайра азаят» деген маалымат тарап кеткен. Мындай маалыматка Билим берүү жана илим министрлиги дароо реакция кылып, жооп берген болчу. Алардын маалыматы боюнча, 1-апрелден тартып көбөйтүлгөн айлык акы кемибей сакталат. Кыргыз өкмөтү мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көбөйтүү максатта бюджеттен 26 млрд. сом кошумча бөлгөн, анын 16 млрд. сому билим берүү тармагына кеткен. Бюджеттен каржыланган жалпы билим берүү тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы 1-апрелден тартып 50-80% чейин көбөйтүлгөн эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.