Ошто активисттер казиного каршы акция өткөрдү…

Ошто активисттер казиного каршы акция өткөрдү…

Ошто активисттер казиного каршы акция өткөрдү. Акцияга шаардагы 10 чакты активист катышып,  “Ош казиного каршы” деген баракчаларын кармап турушту.

Президент менен депутаттар эмне дейт?

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары 11-майда сессияда чет элдик жарандар үчүн кумарканаларды (оюн автоматтары бар залдарды, лотереяларды) ачуу тууралуу мыйзам долбоорун талкуулашып, колдоп, биринчи окуудан өткөрүп беришкен. 13 депутат каршы болгону менен 56ы макул болгон. Талкуу учурунда депутат Арсланбек Малиев Куран китебин алып чыгып, кумар оюндары тууралуу аятты окуп, “бир аз пайдасы бар” экендигин айткан. Анткени менен ал коомчулукта катуу сынга кабылып, аятты аягына чейин окубаганы айтылган. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) саясатчыларга кайрылып, Ыйык Куран менен ойнобоого чакырган! Толугу бу ШИЛТЕМЕде.

Бул маселе былтыр (2021-жылы) да көтөрүлгөн. Анда депутаттар Бактыбек Турусбеков жана Дастанбек Жумабеков Ысык-Көл облусунун аймагында кумаркана жайларын ачууга уруксат берген мыйзам долбоорун сунуштап, талаш-тартыштардан кийин артка кайтарып алган.

Президент Садыр Жапаров кызуу талкуу жараткан казинолор тууралуу мыйзамды колдоп, кумарканаларды Ысык-Көл облусунда гана эмес, Кыргызстандын бардык аймагында ачууну сунуштаган.

Өлкөдө кумар оюндарына мындан он жыл мурда мыйзам менен тыюу салынган. 2015-жылы тотализатор менен букмекерлердин иши токтогон. Бирок кумарканалар тымызын иштеп жатканы тууралуу буга чейин бир топ маалыматтар чыккан.

Кумарканаларды юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр ача алат. Кыргызстандын жарандарына жана 21 жашка чыга элек чет өлкөлүктөргө кирүүгө тыюу салынат. Каржылык көзөмөл кызматынын башчысы Улан Сарбановдун айтымында, курманканалар үчүн салык жыл сайын көтөрүлүп, болжол менен казынага 2022-жылы 1 млрд. сомдон ашык, 2024-жылы 2 млрд. сомдон ашык каражат түшөт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.