Азамат ЖАМАНКУЛОВ: «Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин бюсту Таласта тургузулду»

Азамат ЖАМАНКУЛОВ: «Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин бюсту Таласта тургузулду»
Бүгүн, 16-майда Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин бюсту Талас облусунун Бек- Молдо айыл өкмөтүнө караштуу Сасык-Булак айылындагы Б. Сарногоев атындагы маданият үйүнүн алдына тургузулду. Бул тууралуу Маданият маалымат жаштар саясаты жана спорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, иш-чарага маданият министри Азамат Жаманкулов, Кыргыз Эл акындары Анатай Өмүрканов, Амантай Кутманалиев, манасчы, дастанчы, төкмө акындар жана маркумдун айылдаштары катышкан. Алар залкар акындын баскан жолун, чыгармачылыгын, поэзия майданына 50-жылдардан тартып эле окурмандардын калың катмарынын сүйүктүү акынына айланганын айтышып, бүгүнкү күндө да ырлары актуалдуулугун жоготпой келе жатканын баса белгилешкен.

Акындар айтышы…

Белгилей кетсек, Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган иш-чара мамлекеттик деӊгээлде, республикалык масштабда күзүндө өткөрүлөт, ал боюнча Өкмөттүн тийиштүү токтому бар. Ага чейин каалоочулар залкар акынга арналган иш-чараларды жыл башынан бери өткөрүп келатышат. Мына, кечээ, 15-майда Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында мааракеге арналган айтыштын биринчи айлампасы болуп өттү. Индира Куралбекованын айтымында, финалга чыккан төкмө акындар (Темирбек Матыбаев, Акматбек Султанов, Сапарбек Зулпуев, Кутман Садыбакасов, Нурсултан Малдыбаев, Абдылда Нуралиев, Чыңгызхан Кожошов, Казак Нурлуубек Курманов) бүгүн (16-майда) кызыктуу айтыш куруп бермекчи. Айтыштын байге фонду бир миллион сомду түзгөн.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы
P.S. Таластагы иш-чара тууралуу Индира Куралбекованын маеги бу жердеги ШИЛТЕМЕде.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.