Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгын утурлай, биздин сайт (alakan.biz) «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасын 12-майда баштаганбыз. Эстафетанын кербени тыным албай уланууда…
Белгилүү акын Мая Осмонкулова эжебиз көп тараптуу уланган саамалыгыбыздын бир башатын ачып, «ыр окуу кесесин» бүгүн эртең менен Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, атактуу ырчы Малик Аликеевге узатты эле, мукам үндүү агабыз убакытты созбой, дароо кабыл алып, Мая эжебиз өзү окуган Байдылда атабыздын «Эсен бол» аттуу ырын «Малик комуздун коштоосунда ырдап да берер» деген өтүндү эле, ал өтүнүчүн да керемет аткарып ырдап берип, андан нары кезекти Кыргыз Эл акыны Кыялбек Урманбетовго узатып салды…
Малик АЛИКЕЕВ: «Бар болгун бажырайган карындашым!»
Малик агабыздын чагылгандай тездиктеги мамилесине ыраазы болуп, телефондон байланышып ыраазычылыгыбызды айтып, «Таластын каеринен тартылгансыз» деп чоо-жайын сурап калсак: «Айылдан Талас шаарына жумуштап келгем. «Фейсбукту» ачсам эле акын Мая эжем эстафетаны мага узатыптыр. Ушундай кубануу менен кабыл алып, дароо аткара салайын десем, жанымда комузум жок, шашылыш Ак үйдүн жанындагы Атай Огомбаев атындагы музыкалык окуу жайга барып, комуз сурап, ырдап тартыла салдым. Бул ыр дайыма менин жаштыгымды эске салат. 88-жыл эле… Байдыкенин бул шедевр ырына мыкты композитор Түгөлбай Казаков агабыз обон салып, «Сен ырда!» деп мага берген. Бул ырдын бет ачарын мен кылгам. Элге абдан жагып, сиңип кетти. 34 жылдан бери ырдалып келатат. Жакшы ырдын өмүрү ушинтип узун болот. Байдыкенин шедевр ырларын кийинки муунга ушундай жол менен жеткирүү керек! Эң жакшы саамалык баштапсыңар, ыраазычылык билдирем», — дейт булбул үндүү ырчы агабыз.
ЭСЕН БОЛ
Сөзү: Байдылда САРНОГОЕВдики
Обону: Түгөлбай КАЗАКОВдуку
Акындын экинчи өмүрүн узартып турган кандай жакшы!

One thought on “Малик Аликеев комуз менен ырдап эстафетаны акын Кыялбек Урманбетовго узатты”