Айтышта баш байгени төкмө акын Акматбек Султан уулу жеңип алды. Куттуктайбыз!

Айтышта баш байгени төкмө акын Акматбек Султан уулу жеңип алды. Куттуктайбыз!
Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган айтышта баш байгени төкмө акын Акматбек Султан уулу бүгүн, 17-майда, жеңип алды. Байгени Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов тапшырды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, министр сыйлык тапшыруу алдында сөз сүйлөп, төкмөлүк өнөрдү өркүндөтүүгө мамлекет тарабынан колдоо үзгүлтүксүз улана берерин, мындай айтыштар башка аймактарда да өткөрүлө тургандыгын билдирген.
Айтмакчы, мааракелик иш-чараны Маданият министрлиги, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Улуттук «Манас» театры жана Республикалык «Айтыш» коому биргеликте уюштурушканы маалым болду.
Эске салсак, буга чейин Индира Куралбекова коомчулукту айтыштын финалына 8 төкмө акын (Темирбек Матыбаев, Акматбек Султанов, Сапарбек Зулпуев, Кутман Садыбакасов, Нурсултан Малдыбаев, Абдылда Нуралиев, Чыңгызхан Кожошов, казак акыны Нурлыбек Курманов) чыкканын жана айтыштын байге фонду бир миллион сомду түзгөнүн кабардар кылды эле…
Кошумчалай кетсек, айтыш өнөрүн «дүйнөдө бир да элде мындай улуу өнөр жок» айрыкча аздектеген, ырдаса да, төксө да жашып кеткен таланттуу кытайлык кыргыз боордош инибиз Акматбек соңку айтыштардын байгелерин катары менен эле чогултуп келатат. Өткөн жылы СССРдин эл артисти, Казакстан калк артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, залкар төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына жана «Айтыш» коомдук фондунун 20 жылдыгына арналган республикалык айтышта биринчини, бул жылдын эсебиндеги III даражадагы «Манас» орденин ээси, Кыргыз Эл артисти, залкар төкмө акын, залкар обончу, дастанчы Ашыралы Айталиевдин 95 жылдыгына арналган айтышта да биринчини алганы бар…
Эми дагы бир бараандуу айтыштын байге ээси болуп отурат… Куттуктайбыз, Акматбек!
Айтмакчы, төксө көмөкөйүнөн ыр төгүлгөн Акматтын ырдаса мукамдуу үнү да бар. Айрыкча анын аткаруусундагы сөзүн, обонун ага-ини Мамбеттурду, Мамбетжума Мамбетакундар чыгарган кытайлык кыргыздардын «Биз» деген ыры… «мен — Кыргызмын» деген жүрөктөрдү титиретчү чыгарма… Баатыр бабаларыбыздын тээ Энесайдын боюнда, Саян тоолорунда курган кубаттуу каганаты, андан бери ааламга чачырап, алакандай Мекенибизди сактап калганга чейинки сапарды… эске салган дастан баяндай…
Болгон турпаты, жан-дүйнөсү, жан-дили, жүрөгү менен кыргыз элин сүйгөн, элине күйгөн, КЫРГЫЗ деп келип, КЫРГЫЗ деп өткөн БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ атабыздын 90 жылдык мааракеси маалында бул чыгарманы да бир окуп, бир угуп коюңуздар …
                  Биз 
Сөзү Мамбеттурду Мамбетакундуку
Обону Мамбетжума Мамбетакундуку
Асмандан жамгыр болуп төгүлдүк биз,
Ааламга ак калпакчан көрүндүк биз.
Чөп болдук жер тандабай өсө берген,
Булуттай аалам кездик, сөгүлдүк биз.
Кайырмасы:
Маркасын издеген марал,
Боор эзип боздогон каймал.
Манастан айрылып кыргыз,
Тагдырга көз салат жал-жал.
Тагдырды таштуу жерге аркандадык,
Тагдырлар таштап кетсе арданбадык.
Энесай узатканда аттар семиз,
Чарчадык, тагдырды кууп чарчабадык.
Кайырмасы:
Маркасын издеген марал,
Боор эзип боздогон каймал.
Эзилип эмчеги ийип,
Энелер жашыруун кал-кал.
Эрлер жок ат жалына казан аскан,
«Насыйкат» угулат ал өтө алыстан.
«Кара өзгөй» күүсүн чалдык кайрып-кайрып,
Энелер жолду карайт ак жоолукчан.
Кайырмасы:
Маркасын издеген марал,
Боор эзип боздогон каймал.
Күтүүнүн ченеми болот,
Оо курбум сапарга аттан.
Күтүүнүн ченеми болот,
Кыргыздар дүйнөгө,
Кыргыздар дүйнөгө аттан.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.