ВИДЕО — Акын Мая Осмонкулова эстафетаны атактуу ырчы Малик Аликеевге узатты

ВИДЕО — Акын Мая Осмонкулова эстафетаны атактуу ырчы Малик Аликеевге узатты

90 жылдыкты утурлай…

Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгын утурлай, биздин сайт (alakan.biz) «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» демилгесин көтөрүп, эстафета уюштурганбыз. Ошол 12-майда башталган саамалыгыбыз уланууда, буйруса… Эстафета кербенин уланткан белгилүү акын, сөз гүлдөрүн терип, сөз баккан Мая Осмонкулова эжебиз да сунушубузду четке какпай, колдоп, Байдылда атабыздын «Эсен бол» аттуу обондуу ырын көркөм окуган тасмасын биздин сайтка жөнөттү. Ал видеону бул жерден да, Ютуб-каналыбыздан да көрө аласыздар…
ЭСЕН БОЛ
Көп кыздын арасында өзүң гана,
Көктөгү жанып турган Чолпон элең.
Кокустан кир жугузуп аламбы деп,
Колумду тийгизгенден коркоор элем.
Көп кыздын арасында балбал жанып,
Көздөрүң жарык чачкан жакут эле,
Агай деп акак тишиң жаркыратып,
Мен үчүн бир жылмаюуң бакыт эле.
Сүйчү элем мөлтүр булак сезим менен,
Сезимди сездирбедим көзүм менен.
Тили жок махабатым ичте калды,
Дүйнөдө ким бар дейсиң өкүнбөгөн…
Жаш кезде кимдер гана жаңылбасын…
Жанымда жок болсоң да жанымдасың…
Эңсесем эми сени көрмөк кайда,
Эсен бол кайда жүрсөң карындашым.
Байдыкебиздин кыргыздын сулууларына — карындаштарына арнаган ыр саптарын окуган акын эжебиз эстафетаны Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы Малик Аликеевге узатты. Таластын таңшыган торгою, мукам үндүү Малик агабыз бул ырды комуз коштоосунда  созолонто ырдап берет деген терең ишеничтебиз…

Ыраазычылык билдиребиз!

«Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» демилгесин «Ушул жыл «Байдылда Сарногоев» ааламындагы көркөм ыр ашууларынан окула турган, окуй турган, кайсы бир саптары эстен чыкса, кайра эстете турган, эстей турган жылдан болсун, не деген керемет акын, жазуучуларыбыз, таланттарыбыз өткөн, алардын ааламына чабыт жасай турган саамалыктар жылдарга улансын» деген изги тилек менен баштап, 12-майда акын-жазуучу, ырчы, депутат, дегеле, окурман журтубузга социалдык тармактарга эстафеталык саамалык кылып алып чыктык эле, кудайга шүгүр, бул демилгебиз коомчулукка жагып, колдоо тапты. Эстафетаны алгачкылардан болуп кабыл алып, саамалыктын башын ЖК депутаты Руслан Жакышов ачып берген эле, андан ары дымып калбай уланып кетти…

Руслан мырза эстафета шарты боюнча ыр окуу кезегин кесиптештери Нуржигит Кадырбековго, Марат Мураталиевге жана белгилүү мыкты акындар Жыргалбек Касаболотов менен Шабдан Сулаймановго узаткан. Эки акын агабыз эртеси эле жооп берип, эстафетаны андан ары узатышты. Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков менен белгилүү тележурналист Атахан Кожогулов тез эле эстафетаны кабыл алып, алар да андан ары узатышты. Ушундай мыкты акын агаларыбызга, акын эжелерибиз Мая Осмонкуловага, Кайыргүл Надырбековнага жана эркин журналист Айчүрөк Борукеевага терең ыраазычылык билдиребиз. Бул дагы болсо алп акыныбыз Байдылда Сарногоевге, дегеле кыргыз элибиздин таланттарына, баалуулуктарына болгон сый-урматыңыздар. Бар болуңуздар! Ар бириңиздерге ыраазычылык билдирип, убагында жазууга үлгүрбөй калуудабыз. Ал үчүн кечирим сурайбыз! Бирок, жазабыз…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.