Байдылда САРНОГОЕВ: «Бук болуп жазган арманым» (Акыркы ыры)

Байдылда САРНОГОЕВ: «Бук болуп жазган арманым» (Акыркы ыры)

Уникалдуу акыныбыздан ажырап калганыбызга 18 жыл болуптур…

Кыргыз поэзиясынын классиги деген талашсыз баасын алган Байдылда Сарногоев атабыздан ажырап калганыбызга 18 жыл болуптур… 2004-жылдын 19 – ноябрында 72 жаш курагында узакка созулган оорудан көз жумган. Ооруп жатканда жанынан чыкпай жакшы караган жары Зина апабызды акын-жазуучулар мактап-алкап келет. 
«Апамдын атама кылган айкөл, жароокер мамилесин, сабырын атам бир топ жыл төшөктө жатып калганда көрдүм. «Чарчадым, уйкум канган жок» деп наалып-кейигенин бир дагы жолу уккан жокпуз. Күндүз да, түнкүсүн да атамдын жанында болуп, жакшы карады» деп бир курдай  бизге берген маегинде айтканы бар улуу кызы Гүлсана эжебиздин.
Залкар акыныбыздын жубайына, балдарына ыраазы болуп жазган акыркы ыры да бар. Ал — «Бук болуп жазган арманым».

«Энтиксем эстүү кемпирчем, «Эс алгын чалым» деп ийет»

Жаштык кез өтүп жат болду,

Карылык мага мат болду.

Кайран бут сынып, башыма —

Карыптык түшкөн чак болду.

Жашымда жаткан кемпирчем,

«Жантакбай» деген ат койду.

Жигит кез өтүп жылт койду,

Жыргал жай өтүп, кыш болду.

Тандабай баскан таманым,

Тайгалак музга туш болду.

Самаган жака бара албай,

Сары акын байкуш бук болду.

Үйүмдө илкип көп ирет,

Үшкүрсөм боюм жеӊилет.

Үч мүнөт баскан жолдорум,

Үч айлык жолдой көрүнөт.

 

Энтиксем эстүү кемпирчем,

«Эс алгын чалым» деп ийет.

Калтаӊдай бассам «кас-кас» деп,

Кайратын берет «бас-бас» деп.

Кадырын билбес чалынын,

Кемпирден деле акмак көп…

Өлүмүн тилеп жүргөн бар,

«Өлөсүӊ качан какбаш» деп.

 

Адептүү, эстүү балдарым,

Аталап турат ар дайым.

Барктабай алар коймокпу,

Бапестеп бакса алганым

Бар гана үйдөн чыга албай,

Бук болуп жазган арманым.

Кичинекей мамлекети… 90 күндүк эстафета…

«Мен киммин? Мен бир акын жаман сары,/ Колунда койкоңдогон калам сабы» деген Байдылда атабыздын көзү тирүү болгондо 90 жашка чыкмак экен. 14-январь — туулган күнү. Залкар акыныбыз Таластагы эл оозунда бурмаланып Кулманбес аталып калган Кулун-Эмбес кыштоосунда 1932-жылы жарык дүйнөгө келген делет. Өмүрлүк жары Зина апабыздын айтканы боюнча чыныгы туулган жылы — 1928-жыл.

«Артыңда уулуң калса — өзүң калганың, кызың калса — изиң калганы» дегендей, айтылуу акын Байдылда Сарногоевдун артында өзү да, изи да калды. Турмушта тапкан жубайы экөө беш — үч уул (Баястан, Бахтияр, Бакай), эки кыздуу (Гүлсана, Карлыгач) болушкан. Тилекке каршы, тун баласы Баястан агабыз каза болуп калган.  Уул-кыздарынын ар бир сөзүнөн атасына болгон сагынычы, кусалыгы байкалып турат… Залкар акындын өмүр көчүн улап небереси Дилбара, чөбөрөлөрү Айганыш, Алсу  чоӊоюп жатат…

Көркөм сөз чебери, кайталангыс талант Байдылда Сарногоев атабыз  бизге калтырган бай казынасында — өлбөс-өчпөс поэзиясында жашай бермекчи! Эсен болуп, эстей жүрөлү!

90 жылдык мааракени утурлай, 90 күн ыр окуу эстафетасын уланталы, туугандар! Бул саамалыгыбызда Байдылда атабыздын бир эле керемет ыр саптары окулбай, обондуу ырлары дагы ырдалууда. Обондуу ырлардын башын мукам үндүү ырчыбыз Малик Аликеев Түгөлбай Казаков агабыз обонго салган «Эсен бол!» ырын комуздун коштоосунда аткарып ачып берген…

Эске сала кетсек, залкар акын Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган иш-чара мамлекеттик деӊгээлде, республикалык масштабда күзүндө өткөрүлөт, ал боюнча Өкмөттүн тийиштүү токтому бар… Ага болгон даярдыктарды да, маараке тойду да жазабыз, буйруса…

Айтмакчы, маалымат үчүн Таластагы эл оозунда бурмаланып Кулманбес аталып калган Кулун-Эмбес кыштоосунун аталышын чечмелеп коелу. Бул тоо калдайып алыстан биздин айылдан да көрүнүп турат. Токтогул тарапка ыктап, Суусамыр тоолоруна барып ашташат. Жайы-кышы башынан кар кетпей, бети жашыл тартып турарын ыраматылык атабыздын айтып калганы эсибизде. Бир кездерде бул жердин чөбү кубаттуу, күчтүү өскөн экен. Кулундар чөпкө эле тоюп алып, энесинин сүтүн эмбей жата бергендиктен, ал жакта жашаган, ал жакка келген-кеткен эле Кулун-Эмбес деп атап койгон экен…

Назира СААЛИЕВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.