Мелис Эшимкановдун жубайынын катына Конгантиев тез жооп берип, жүрөк жылытаарлык сөз жазды…

Мелис Эшимкановдун жубайынын катына Конгантиев тез жооп берип, жүрөк жылытаарлык сөз жазды…

Колдоо тапкан демилге…

Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүндө (3-майда) кесиптештер тарабынан жакшы демилге көтөрүлүп, колдоо тапкан. Тагырагы, борбор шаарыбыздын Айни — Анарбек Бакаев (мурдагы Чапаев) көчөлөрүнүн кесилишиндеги Журналисттер аллеясына коомдук жана саясий ишмер маркум Мелис Эшимкановдун ысымын берүү боюнча кесиптешибиз Аскер Сакыбаева сунуш кылганда журналисттер дароо колдоп, кол коюп беришкен. Толугу бу ШИЛТЕМЕде.
Мелис Эшимкановдун жубайы Асел Эшимканова бүгүн, 27-майда, Бишкек шаарынын мэриясына кайрылуу кат таштады. Аны толугу менен төмөндөн окуй аласыздар.

Асел ЭШИМКАНОВА: «Мелис Эшимкановдун ысымын ыйгаруу маселесин чечип беришиңиздерди суранам!»

Бишкек шаарынын мэри
Э.М. АБДЫКАДЫРОВго
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы
К.К. КОНГАНТИЕВге
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарына
КАЙРЫЛУУ КАТ
Белгилүү журналист, публицист, коомдук жана саясый ишмер Мелис Эшимканов көзү тирүү болгондо быйыл 60 жашка чыкмак. Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында Мелис Эшимкановдун ысымы кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири катары жазылып калаары талашсыз. Ал кыска өмүрүндө өлкөдөгү сөз эркиндигинин түптөлүшүнө зор салымын кошуп, кыргыз журналистикасында жаңы чыйырдын баштоочусу катары тарыхта калды.
Мелис Асаналиевич «Ленинчил жаш», «Комсомолец Киргизии», «Жаштык жарчысы», «Асаба», «Агым» гезиттеринде эмгектенип, жетектеп келген. 2005-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин III чакырылышынын депутаты болуп шайланган. УТРКнын (Улуттук телерадио корпорациясы) жетекчиси болгон. (Өмүр баяны тиркелди)
Мелис Асаналиевичтин бирге иштеген кесиптештери жана алардан тышкары ондогон журналисттер тарабынан — Бишкек шаарындагы Айни-Чапаев көчөсүндө жайгашкан «Журналисттер аллеясына» Мелис Эшимкановдун ысымын ыйгаруу демилгеси көтөрүлдү. Бул демилгени бир катар саясый,коомдук ишмерлер жана маданияттын өкүлдөрү да колдоп жатышат.
Мындан улам, Мелис Эшимкановдун кыргыз журналистикасына сиңирген эмгегин эске алуу менен маркумдун 60 жылдык мааракесине карата, Сиздерден жогорудагы демилгени колдоп, ордо калаадагы “Журналисттер аллеясына” Мелис Эшимкановдун ысымын ыйгаруу маселесин чечип беришиңиздерди суранам!
Урматым менен,
Мелис Эшимканов атындагы фонддун жетекчиси
Асел ЭШИМКАНОВА

КОНГАНТИЕВ: «Мелис Эшимкановдой инсан чанда гана кездешет»

Жогоруда аты аталгандардын арасынан тез, ыкчам жооп берген Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев болду.
Ал Асел Эшимканованын «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй комментарий калтырды:
— Кайрылууңузга расмий түрдө жооп берем, азырынча комментарий жазып кетейин. Мен Мелис Эшимканов тууралуу жазылган ой-пикирлерге толугу менен кошулам, ал кишидей инсандар чанда кезигишет, тилекке каршы. БШКнын жол-жоболорун текшерип көрөлү, тез арада жооп кайтарганга аракет кылайын. Эгер шартыңыз болсо, БШКнын дарегине басылган кат-кайрылууңузду таштап кетсеңиз!

Ыраазычылык!

Чын-чынына келгенде, Кубанычбек Конгантиевдин комментарийине эле ыраазы болуп отуруп калдык. Бейрасмий пикирди жакшы айтыптыр, расмий жообу да ушундай эле жүрөк жылытып, кубантат го деп ойлоп жатабыз. Анткен менен Кубанычбек мырзанын тез арада берген жообуна ыраазычылык билдиребиз!
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы
P.S. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, ушундай жакшы демилгени колдогон тизме күндөн-күнгө узатып баратат. Мурдагы жана азыркы ЖК депутаттары, коомдук, саясий ишмерлер, мамлекеттик кызматкерлер, акын, жазуучулар, ырчылар жана журналисттердин тизмеси бир аздан соң жарыяланат…

One thought on “Мелис Эшимкановдун жубайынын катына Конгантиев тез жооп берип, жүрөк жылытаарлык сөз жазды…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.