Сапарбек Муратовдун гений ага-инини жоктоп жазган ыры…

Сапарбек Муратовдун гений ага-инини жоктоп жазган ыры…

Муратов Сапарбек агабыз гений ага-ини Мелис ЭШИМКАНОВ менен Эрнис АСЕК уулуна арнаган ырын бүгүн, 31-майда «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырды. Ал толугу менен төмөндө:

Мелис менен Эрнисти мен да таанып, билчү элем,

Жолукканда саламдашып, жай сурашып жүрчү элем.

«Асабага» кээде келип калганда Алмаз менен таанышып,

Шералы байкенин айтканына кулагымды түрчү элем.

Мелис байке айтканымды баарын толук укчу эле,

Майыптардын бурчу «Асабага» бир айда бир чыкчу эле.

«Бей-бечера» партиясына адамдардын катталуусу көбөйүп,

Жыйындарда сөз сүйлөгө Калык агай чыкчу эле.

Ажого айткан бул сөздөрдү эсинен ким чыгарган,

Таамай айткан сөзү үчүн ажо жүзү кубарган.

Арстанды күчүк менен өлтүрөт экен башкалар,

Күчүктөрдөн кутулгун деп ажобуздан суранган.

Залга толгон элдер туруп кол чаап турду далайга,

Акыл менен далай жерден жолду таап чыга алган.

Алым, Түгөлбай, Баратбай, Шайлообек «Асабанын» дөө шаалары элеңер,

Жолдошбек, Сабыр, Сүйүн, Кубат, Чолпон кийинкилер дөө-шааларга теңелер.

«Асабаны» окубаган анда адамдар аз эле,

Керек болсо сестенип окуп турчу төрөлөр.

Мелис байке Мелис болуп КТРде башчы болуп турганда,

Саликаны жиберген «тартып кел» деп мага көңүл бурганга.

«Ала Тоодон» жашоо-шартымды көргөздү эле кайталап,

Бирок чоңдор үй эмес, жер бербеди үстүмө үй курганга.

Дөө-шаа акын Шайлообек Дүйшеевдин 60 жашында,

Мелис байке Мелис экөө келип калды ээрчишип.

Учурашып ал-абалды сурашып, мага берди чакыруу,

Башталат деп кошо кирдик Филармонияга ээрчишип.

Шакем менен жүз көрүшө калганда Сапар Мурат Ниязов деп,

Барбалаңдап эркелетип жакшы сөзүн айтчу эле.

Жан чыдагыс жалгыздыкты Шакем өзү жазды эле,

Карылардын үйүндөгү ал абалды баяндаган укмуш ыр.

«Кайдыгерлик» деген ыры кыргыз элге жакчу эле.

Көп окудум Мелис менен Эрнистин жазганын,

Китептерин мен тааныдым Байрон менен Кафканын.

Эрнистин жазганынан окуп-билип түшүндүм,

Бүт дүйнөнүн мен-мен деген акын жазуучу алптарын.

Мелис байке күтүүсүздөн өтүп кетти дүйнөдөн,

Кыргыз элин таңгалдырып, эли болду дүрбөлөң.

Атаганат, канча тилек, ой-максаттар жок болду,

Кыргызстанды көрөм деген ажайып бир гүлдөгөн.

«Асабада» дайым чындык жазылып эли ага ишенген,

Канча чоңдор корконунан ишин оңдоп, түзөлгөн.

Андан ары баш алам башталып газеталар кебөйүп,

«Асабанын» бүт чындыгы Мелис менен кошо өлгөн.

Залкарларым, мага кең дүйнөнү тааныткан агам, иним,

Экөөң тең өтүп кеттиң бул жалгандан калбай бириң.

Чындап эле акыретте жолугушу күн бар болсо,

Тозосуңар кол булгап, алдымдан мени кимиң?..

Бүгүн көрсөң кайдыгерлик күчөгөндөн-күчөгөн,

Көңүл буруп адам жоктой ийрини оңдоп-түзөгөн.

Айтылса да жакшы сөздөр, жыйындар да канча ирет,

Заман болду жыртыктарын эл өзү эле бүтөгөн.

Эр азамат калбадыбы Эшимканов Мелистей,

Элди ойлоп ууруларды койсо гана жегизбей.

Эң аялуу катмардагы адамдардын маселеси чечилбей.

Болуп жатат ошолордун эсебинен жеп ичмей.

Кадырыңды Мелис байке билдик эле кезинде,

Үмүт менен адамдар партияга каталганы эсимде.

Ар бир келген адамдарды кабыл алып ар дайым,

Бир жылуулук берчү элең кубандырып сезимге.

Шумкар элең эркин учуп чындык үчүн талпынган,

Мелис байке канча адам ээрчиди эле артыңдан.

Калкың колдоп, чындыкка аз калганда жетээрге,

Бийик алдап, бийлик берип алыстатты калккыңдан.

Карапайым эл үмүттү эмгичекти келет дале акталбай,

Канча чоңдор эл талабын жүрөт дале аткарбай.

Мелис байке бир өзүңдөй чыгаандар аз бул күндө,

Башчылардан корпой чындыкты айткан жалтанбай.

Айрым чоңдор кылыгына аргасыздан күлдүргөн,

Элди бөлүп, жерди бөлүп сөздү сүйлөйт күйдүргөн.

Ареттин сурагынан куладыбы элди алдаган акмактар,

Өткөн кезде суракка кыл аркандан бир бирден.

Бул жазылган менин билген мен түшүнгөн чындыгым,

Күндөр болгон элге кыйын нан таппаган сындырым.

Мен Кудайга шүгүр кылам жолуктурган силерге,

Мелис, Эрнис силер болдуңар жашоодогу сыймыгым.

Кошкула эми Эшимкандын урпактары мен билген,

Силер барда баалап баркыңарды ким билген.

Акыретте жүргөнүңөр бейиштин төрү болсун деп,

Силерге — агам, иним менин каалоом чын дилден!

Сапарбек МУРАТОВ,

31.05. 2022-жыл

Мелис Эшимкановсуз 11 жыл…

Белгилүү мыкты журналист, публицист, коомдук жана саясый ишмер Мелис Эшимкановдон ажыраганыбызга 10 жыл болду. 2011-жылдын 15-сентябрында капысынан жүрөгү кармап, 49 жашында көз жумган. Аз жашаса да, саз жашап, кыска өмүрүндө көп нерселерди жасап, Султан (Раев) агабыз айткандай, «ысымын жазып кетти. Эми биз ысымын жазышыбыз керек!»

Кыргызстандагы сөз эркиндигинин жана мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн түптөлүшүнө зор салымын кошуп кеткен Мелис байкебиздин көзү тирүү болгондо быйыл 60 жашка чыкмак…

Кайран гана 49 жаш…

Мыкты котормочу, акын, журналист, философ Эрнис АСЕК уулу 2020-жылдын 29-январында дүйнөдөн өткөн. Сөөгү 31-январда Ат-Башы районундагы киндик каны тамган айылы Кызыл-Тууда жерге берилген. «Чиренип жатат сөөгүм…» деп селт эттирген ырындагы сапта жазгандай, кантели, куттуу үйүнүн төрүндө эмес, жер алдында чиренип жатканына 2 жыл 4 ай 2 күн болду… Агасын жоктоп, сыздап, арманда кылып жүрүп байкесинин 49 жашында кетти…

«Артыңда эстей жүргөн кишиң болсун, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, Өзүн да, сөзүн да, эмгегин да эскерип келаткан элиме ыраазымын!

«Өлгөндөр даӊкталмайын, тирүүлөр баркталбайт» дегендей, гений ага-ининин эмгегин, жакшылыгын унутпай эскерип, алтындай болгон убактыларын бөлүп, эскерүү жазып берип жаткандарга, даӊктап, барктап, маркумдарды эстеп, куран окутуу парзын аткарып келаткан жакшы адамдарга жана жогоруда жоктоп ыр жазган Муратов Сапарбек агама өзүмдүн, үй-бүлөбүздүн атынан ыраазычылык билдирем!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.