![](https://i0.wp.com/alakan.biz/wp-content/uploads/2022/05/mektep2-300x200.jpg?resize=300%2C200)
Бүгүн, 31-майда Бишкек шаардык Мэрия борбор калаада жаңы салынып жаткан мектептердин жана бала бакчанын курулуш иштеринин жүрүшү боюнча журналисттерге пресс-тур уюштурушту…
Журналисттер Биринчи Май, Свердлов, Октябрь жана Ленин районунда салынып жаткан мектеп жана бала бакчаны кыдырып, көп нерсеге күбө болдук… Кызыктуу нерселердин баарын эртең биздин сайттан окуй аласыздар.
![](https://i0.wp.com/alakan.biz/wp-content/uploads/2022/03/ZHaparov-Kurultaj-300x192.jpg?resize=300%2C192)
Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров жаңы окуу жылына карата мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бишкекке 15 мектеп жана 5 бала бакча курууну Бишкек шаардык мэриясына тапшырган. Аны аткаруу үчүн бюджеттен 2,5 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн.
Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстандагы 2162 мектептин 245и авариялык абалда…
Назира СААЛИЕВА