Саламаттыкты сактоо министрлиги коомдук саламаттыкты сактоого байланыштуу кеңири жыйын өткөрдү. Жыйында Бишкек шаарындагы ресторандардын бириндеги тамакка уулануу окуясы каралып, көрүлгөн иш-чаралар талкууланды. Мындан ары мындай окуянын кайталанбашы үчүн санитардык-эпидемиологиялык кызмат жетекчилерине санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.
Тооктун этинен таякчалар чыккан
1-апрелдеги Бишкекте катталган жапырт уулануунун себеби аныкталганын Бишкектеги санитардык-эпидемиологиялык борбор билдирди.“Ала-Тоо” ресторанында тай рецепти боюнча даярдалган тооктун этинен сальмонелла таякчалары чыккан. Адистер тооктун этин бышыруунун санитардык эрежелери бузулганын айтышууда. Санитардык кызмат уулануунун себебин жок кылыш үчүн 5-апрелде ресторандын ашканасын дезинфекциялады. Азыркы тапта Бишкектеги жугуштуу оорулардын республикалык клиникасында ууланган 94 киши дарыланып жатат. Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустук ооруканаларында 36 киши бар.
Эскерте кетсек
Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» ресторанында 31-мартта өткөн үлпөт тойдон кийин ууланып, ооруканага 200дөн ашуун киши кайрылган. Тойго 190 киши чакырылган.
Жапырт ууланууга байланыштуу “Ала-Тоо” ресторанына ээлик кылган “Датес” жоопкерчилиги чектелген коомуна 20 миң жана ресторандын администраторуна 5 миң сом айыппул салынган. Ресторан массалык уулануу фактысы аныкталмайынча жабылган.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы