Тамактануу жайлар катуу көзөмөлгө алынат

Тамактануу жайлар катуу көзөмөлгө алынат

Саламаттыкты сактоо министрлиги коомдук саламаттыкты сактоого байланыштуу кеңири жыйын өткөрдү. Жыйында Бишкек шаарындагы ресторандардын бириндеги тамакка уулануу окуясы каралып, көрүлгөн иш-чаралар талкууланды. Мындан ары мындай окуянын кайталанбашы үчүн санитардык-эпидемиологиялык кызмат жетекчилерине санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу боюнча көзөмөлдү күчөтүү тапшырмасы берилди.

Тооктун этинен таякчалар чыккан

1-апрелдеги Бишкекте катталган жапырт уулануунун себеби аныкталганын Бишкектеги санитардык-эпидемиологиялык борбор билдирди.“Ала-Тоо” ресторанында тай рецепти боюнча даярдалган ​тооктун этинен сальмонелла таякчалары чыккан. Адистер тооктун этин бышыруунун санитардык эрежелери бузулганын айтышууда. Санитардык кызмат уулануунун себебин жок кылыш үчүн 5-апрелде ресторандын ашканасын дезинфекциялады. Азыркы тапта Бишкектеги жугуштуу оорулардын республикалык клиникасында ууланган 94 киши дарыланып жатат. Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустук ооруканаларында 36 киши бар.

Эскерте кетсек

Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» ресторанында 31-мартта өткөн үлпөт тойдон кийин ууланып, ооруканага 200дөн ашуун киши кайрылган. Тойго 190 киши чакырылган.

Жапырт ууланууга байланыштуу “Ала-Тоо” ресторанына ээлик кылган “Датес” жоопкерчилиги чектелген коомуна 20 миң жана ресторандын администраторуна 5 миң сом айыппул салынган. Ресторан массалык уулануу фактысы аныкталмайынча жабылган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.