“Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев парламентте активдүү иштеп, мыкты мыйзам жазып, оюн ачык-айкын айткан депутаттардын бири. Бокоев Бакиев, Атамбаев, Жээнбеков, 4 төрага боюнча жана парламент боюнча ачуу чындыкты айтты.
— Кенжебек мырза, Апрель окуясына билинбей эле 8 жыл болуптур. Андагы революция максатына жеттиби?
— “Убакыт учкан куш” дегендей, Апрель окуясына сегиз жыл болуптур. Азыр эми, албетте, ага анализ кыла турган убак. Революция өзүнүн максатына жетти беле? Эмне үчүн революция чыкты? Бул боюнча эми суроолор көп. Ал тууралуу илимий- практикалык конференция өткөрүп талкуу кыла турган тема. Анткени ага бир адам баа бере албайт. Ошентсе да, мен революциянын максаттарына биз жете элекпиз деп айта алам.
— Апрель окуясына карата Жээнбеков анда каза болгондордун ата-энесин кабыл алып, суроо-жооп болбодубу. Ошондо алар да коррупция боюнча суроолорду берди. А сиздин оюңузча, 8 жыл ичинде коррупция “өлдүбү” же өстүбү?
— “Бакиевдин бийлигинде коррупциялык бийлик болгон” десек, ал азыр деле бар, тагырагы, коррупцияны бүгүн да жое элекпиз. Ал убакта “Бакиев бир туугандары, баласы менен бийликке аралашып кеткен” десек, Атамбаевдин убагында туугандык бийлик болбосо да, бийлик бир партиянын колуна өтүп, ал 8 жыл башкарды. (Шоопурун баш, калганын төш кылып таасирлүү кызматтарга көтөрдү, сыйлык берди. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов ачык эле айтпады беле: «Атамбаевди мен бир тууганымдай көрөм, көп жардамын көрдүм» деп. Партиялаштары көп бир тууган болуп берди го, көрдүк — авт) 8 жыл башкарып келгени аз келгенсип, президенттик шайлоодо өзүнүн досун талапкерликке көрсөтүп, аны мактап көтөрүп чыкты, атүгүл досун күч менен өткөрүп да жиберди. “Шайлоодо аралашпайм” деп коюп аралашты, алдын ала бардык жерди өзү кыдырып келди. Азыркы президент деле 8 жыл башкарган партиядан бийликке келди. Премьер-министр КСДПдан. Бул партия дагы деле бийликти башкарууда. Атамбаевге 6 жыл ушул партиянын мүчөлөрү бир тууган болду да. «Бир тууганымды жолоткон жокмун» дегени менен партиянын адамдары бир тууган болуп берди. Бул факт.
— “Коррупциялык күрөштө дос, туугандарга карабайм” деди го Жээнбеков. Ишенсек болобу?
— Ооба, антип айтканын баарыбыз көрдүк, сүйүндүк. Айтканын аткарабы же жокпу, аны мезгил көрсөтөт. Бирок, ошентип айтканы баарыбызга жакты. Андан мурун эле Сооронбай Шарипович: “сот реформасы жок, башкы прокуратуранын иши начар, Коррупцияга каршы коопсуздук кызматы да начар, бизде баары начар” дегени элге жакты, ошонун ичинде мага да жакты. Ал сөзүн өзүнө жолукканда да айттым. Эми айткан сөзүн узартпай аткарыш керек. Эгер созуп жүрө берсе, анда элдин ишениминен кетет. Саясатчыларды алдасаң да, столду бир уруп коркутсаң да, үркүтсөң да болот, а элди алдай албайсың, коркута албайсың. Анткени эл көп. Көпчүлүктү алдоо кыйын. “Эл – сел” деп бекер айтылбайт да.
— Сооронбай Жээнбеков президент болуп келгени кандай кадам жасады деп ойлойсуз?
— Жаңы президент келгенден бери иш кыла элек, кадам да жасай элек. Кайрылуу гана жасап жатат. Кыла турган кадамдары али алдыда. Көпчүлүк күтүп жаткандан кийин президент айткандарын аткарып, чечкиндүү кадамдарга барышы керек!
— Мисалы? Кандай чечкиндүү кадамдарга барышы керек?
— Эми чечкиндүү кадам десе эле каматуу эмес. Коррупция менен күрөшүү жолу каматуу эмес. Башка мүмкүнчүлүктөр бар. Коррупциялык күрөшкө шарт түзүп берүү керек. Бардык жерге видео камера коюу зарыл. Мисалы парламентте түз эфир болгону туура. Ошондон көрүп эл шайлаган депутатынын жүзүн, үнүн көрүп чечим чыгарат. Мисалы биздин фракция парламентте көп кадамдарды жасады. Башында Бабанов менен парламентке келгенде, анын идеясы менен мамлекеттик автоунаалардан, персоналдык айдоочулардан, бир жардамчыдан баш тарттык.
— Сегиз жыл ичинде “Республика-Ата Журт” фракциясы үч лидерлүү болдуңуздар: Өмүрбек Бабанов, Руслан Казакбаев, Жыргалбек Турускулов. Фракцияга Турускуловду башчы кылуунун зарылчылыгы бар беле?
— Оппозициялык фракциянын депутаты катары ушул убакка чейин бийликке сын-пикир айтып келатам. Фракциянын лидерин алмаштырып койгондору боюнча да оюмду ачык эле айта алам. «Республика — Ата Журт» фракциясы төраганы алмаштырууга оюу да жок болчу. 3-апрелде, күндүз убакыт калбай калгансып, кечки сегизде кезексиз жыйынга чогулуп, 21 депутат Жыргалбек Турускуловдун талапкерлигин колдоп, добуш берип жатышпайбы. Каршы болгондор аз болуп калдык. Жаңы лидердин дайындалышы чыны бизге күтүүсүз болду. Бул маселе көмүскөдө, кол топтоо менен эки саатта чечилип калды. Жалпак тил менен айтканда, Руслан Казакбаевдин үстүнөн эле кол топтолуп кызматтан алынган. Себеби, ал арыз жазган эмес. Документтерди карап көрсөңөр, ал жерде ротация эмес, «кызматтан алынсын» деп эле жазылып турат. Бул эмнени билдирет? Бул бүгүнкү күндө парламенттеги фракция өз алдынча иш алып барууга мүмкүнчүлүгү жоктугун билдирет. Оппозициялык фракциянын башчысын эки саатта, анда дагы кечке маал алмаштырып коюу бийликтин колунан келээрин көрсөтүп койду. Мыйзам чыгаруу бийлигине башка бийлик үстөмдүк кылып жатканы так көрүнүп турат. Мындай мамиле мени аябай өкүндүрөт. Мурунку, кийинки президент, экөө тең: “келечекте биз парламентаризмге барабыз”,-деди. Биринчи лидерибиз Бабановго, андан кийинки лидерибиз Казакбаевдин кетүүгө мажбурлагандары, тескерисинче парламентаризди түп тамырынан бери жокко чыгарып жатат.
— Алмазбек Атамбаев 6 жыл бийликте отурду. 6 жыл ичинде ал “мен ката кетирген жокмун, жакшы, таза иштедим” деп атат, анын тазалыгына ишенесизби?
— Дегеле адам баласынын көпчүлүгү “мен тазамын, жакшымын”,-дейт, эч качан жаманмын дебейт. Атамбаев эле эмес, Акаев деле “жакшымын” дебеди беле. Бакиев болсо эч нерсе болбогондой Белоруссияда жатып алып сүйлөп атат. Жакында эле, 7-апрелдин алдыда интервью бериптир, анда ал “Атамбаев кылган иштин баарын мен жасап кеткем” деп бакылдап атат. Ошондуктан эч ким кылган ишин мойнуна албайт. “Кыргызстанга жамандык кылып кеткен иши үчүн Бакиевди качан алып келип, качан жоопко тартасыңар?” деп канча жолу суроо бердим. Каерде экенин бийлик билди, алып келсе болот беле? Болот болчу. Бакиевди алып келүүгө аракет деле болгон жок. Келген президенттин баары мурункусуна шылтай берерин көрүп, угуп эле келатабыз. Андыктан, алардын кылган иши жыйынтыктан эле билинет. Мына, ЖЭБдин былыктары чыгып, ал боюнча четинен камалып жатышат. 386 доллардан канчасын жеп койгонун ким билет? “Соттолгондор туура эмес отурду. Башкалар жеген” деп камалып кеткендердин туугандары акыйкат издеп жатышат. Ал нерсени сот гана чечет. Ал эми биздин соттор эч кимди укпай, калыстык, адилеттүү чечим чыгарышы керек. Президенттен коңгуроо болсо аны 100 пайыз аткарбай тургандай болуусу абзел. Негизи эле парламент да, соттор да президентке көз каранды болбой тургандай абалга келишибиз керек. Президент Жогорку Кеңешке келип, команда бербей турган акыбалга келиш керек. Депуттар эч кимден коркпой турган болуш керек, тилекке каршы, ошондой боло албай жатабыз. Аны жакында эле биздин фракциянын башчысынын алмаштырып койгону көп нерсени айтып турбайбы…
— Сиздердин фракциянын лидерлерин алмаштырышса, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевди, “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев экөө жалган жалаа менен камалып жатышпайбы. Ак жерден отурган адамдарды жаңы президент чыгарганга укугу барбы?
— Бул маселе боюнча президенттин колунда мүмкүнчүлүк бар. Соттор камап жиберсе, президенттин ырайым (помилование) бере турган укугу бар. Ушундай укугун президент туура эмес камалган кишилерге колдоно алат. Ал үчүн алгач жабырлануучу адам “мен соттордун туура эмес чечиминин айынан, жалган жалаа менен камалып отурам, мага ырайым кылыңыз” деп президентке арыз жазуусу керек. “Бийликти күч менен басууга аракет кылган” деп Өмүрбек Бабановго кылмыш ишин козгоп жатышпайбы, бул туура эмес. Себеби, күч менен басып алам деген киши революция кылат. Бабановдо андай ой да болгон эмес. Бабанов шайлоого нааразы болуп, элди көтөрүп чыккан жок. Керек болсо шайлоонун эртеси эле нааразы болуп чыккан шайлоочуларын да токтотуп койгон. Ал өзүн эмес, элдин тынчтыгын ойлоду. Өз кызыкчылыгын артка таштаганы үчүн, фракция лидерлигин, мандатын да тапшырып берди. “Тойдум байдын кызына” дегендей, саясий оюндарга тоюп, баарын өткөрүп берип, саясаттан кетип калды.
— Такыр эле саясаттан кетип калган жок да. “Парламент тарайт, кайра шайлоо болот” деген сөздөр айтылып келет. Партиясы менен парламенттик шайлоого катышат да?
— “Парламент тарайт экен” деген сөз ай сайын эле айтылып келатат. Парламентти эч ким тарката албайт. Себеби,парламент депутаттардын 80 добушу менен таркайт. А депутаттар болсо өзүн өзү кетирбейт да. Кудай сактасын, революция эле болуп кетип, эл кууп чыкпаса, кетпейт.
— Сегиз жылда төрт төрагалуу болдуңар: Ахматбек Келдибеков, Асылбек Жээнбеков, Чыныбай Турсунбеков, Дастан Жумабеков. Кимиси кандай иш алып барды деп ойлойсуз?
— Парламенттин төрагасы деген чоң кызмат, президенттен кийинки эле экинчи даражадагы кызмат. Бирок биздин мамлекетте ушул кызматты өз алдынча колдоно албай жатат. Юридикалык жактан парламенттик башкаруу болбосо, а чынында президенттик-парламенттик башкаруу болууда. Күч органдары президенттин кол алдында, ошон үчүн бардыгын каалагандай калчап жатат. Парламенттик болгондо башкача болмок. Президент менен аралаш болуп жатат. Атамбаев бийликке келгенде, бир партия (КСДП) толук бийликке келген. Премьер-министр, парламенттин төрагасы да КСДПдан болгон. Баары бир команда болушту. Алсак, Асылбек Жээнбеков, Чыныбай Турсунбеков төрагалык кылышты. Жээнбековдун адамдык сапатына, төрага катары калыстыгына оң баа берем. Бирок, калыстык үчүн айта турган болсом, төрт төраганын ичинен президентке баш ийбеген Келдибеков болду. Ал 2010-жылы болгон. Анда Роза Отунбаева президент болчу. Келдибеков президенттин кабылдамасына чуркаган жок, ага көз каранды болбой, өз алдынча иш алып барган. Эми анын да кемчилиги бар болчу, кылмыш иши козголду. Көз карандысыз төрага боло алды. Кийинкилер президенттикке көз каранды болду. Аны баарыбыз эле көрдүк го…
— Алмазбек Атамбаев Асылбек Жээнбековду төрагалыкка чейин көтөрүп, эми болсо “мандатын тапшырсын” деп атат го. Бул туурабы?
— Мыйзам боюнча Асылбек Жээнбековдун мандатын Алмазбек Атамбаев да, Сооронбай Жээнбеков да, партия да алып кое албайт. Мандатын өткөрсүн десе, анда Соке досун президенттике көрсөтпөш керек болчу. Өткөргөндөн кийин аны өз алдынча иш алып барууга коюш керек. Эми Атамбаев деле өз оюн айтты дечи, айтканга акысы бар. “Жээнбеков миллионер, миллиардерди коррупциялык күрөштө аябашы керек” деп Атамбаев айтты го, президент так ушул маселеге көңүл бурушу керек.
-Атамбаев резиденцияга үй салып алууга акысы бар беле?
— Ал боюнча Атамбаев “менин менчигим болбойт, мамлекеттики болот” деп, ал жерде убактылуу жашап жатканын айтты го. Негизи мурунку президент кийинки президентке кызматын өткөрүп кетип жатканда эле Иш башкармалыгы экс-президентке жашай турган жерин камдап коюш керек болчу. Негизи мурунку президенттер өмүрү өткөнчө резиденцияда жашап калуу үчүн атайы ага турак жай берилет. Жакшы айлыгы болот, бир жардамчы, бир кызматтык автоунаа берилет. Эң бийик, жогорку статусту алып жаткандан кийин, ал жоопко тартылбайт.
—Ичип жеген президентти жоопко тарта албай калабызбы?
— Эгер анын ичип-жегени далилденсе, албетте, жоопко тартса болот.
— Соңку суроо. Сизди азыркы саясат думуктуруп жиберген жокпу? Сасык саясаттан кетип калгыңыз келбейби?
— Парламентте чырылдап чындыкты айтсаң, ага кесиптештериң кайдыгер караса, жакшы мыйзам киргизсең, ал колдоо таппай калган учурда кайгырып кеткиң келип кетет. Анан шайлоодо эл алдында берген убаданы аткаруу керек деп сабырдуулук кыласың. “Сен күйүп жанбасаң, мен күйүп жанбасам, таңга шооланы ким чачат?” деген Хикметтин айтканы да дем, күч берип келет.
Маектешкен Нази БАЯН кызы