Алмаз Атамбаевди Кытайга Сапар Исаков узатыптыр…

Алмаз Атамбаевди Кытайга Сапар Исаков узатыптыр…

КСДП партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев Кытайга учуп кеткени маалым болду. Өзү деле КСДПнын съездинен кийинки жыйында “8-апрелде Кытайга учам” дебеди беле. Атамбаевди Кытайга аэропорттон кимдер узатканы, ал кайсы самолет менен учуп кеткени тууралуу Govori.TV агенттиги жазып чыкты.

Govori.TV агенттигине экс-президенттин Кытайга учуп кеткен самолетунун сүрөтү жана ал самолет кимге таандык экени тууралуу маалымат келип түштү. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, экс-президент Алмазбек Атамбаев 8-апрелде саат 12:00дө казакстандык “Граф” каймана аты бар Алимжан Ибрагимовго таандык “Embraer 135 Em 008” номерлүү жеке учагы менен Кытайдын Хайнань аралына учуп кетти. Атамбаевди аэропорттон өкмөт башчысы Сапар Исаков, “Манас” аэропортунун башчысы Эмир Чукуев, КСДП орун басары Фарид Ниязов, кеңешчиси Алмаз Үсөнов, өкмөт башчынын кеңешчиси Калыкбек Султанов узатышкан. Атамбаевди жакында мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчилигинен бошотулган Дамир Мусакеев жана дагы 4 күзөтчү коштоп кеткен. Өткөндө КСДПнын съездинен кийинки маалымат жыйынында Атамбаев жакында Кытайга барам деп айткан. Атамбаев өзүнүн көп “досторунун” бири олигарх Графтын учагы менен учканы чынбы, жалганбы, белгисиз. Буга чейин экс-президент азыркы президент учкан самолетту пайдаланды деген сөз тараган. Президент Сооронбай Жээнбеков 1-борт менен Түркияга, андан ары Европага учканын эске салсак, экс-президент чындап эле кайсы самолет менен кеткени кызык.

Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Алмаз Үсөновго байланышканыбызда ал бул маалыматтарды тактап берерин айткан менен кийин жооп берген жок.

Эске салсак, коомдук ишмер Эдил Байсалов «Атамбаевдин он бир досу» деген иликтөөсүндө казакстандык олигарх «Граф» каймана аты бар Алимжан Ибрагимов менен байланышы тууралуу  жагдайларды ачыктаган”,- деп жазган Govori.TV.

«Атамбаев олигархтын учагы менен кеткен жок»

Govori.TVга КСДПнын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева мындай деп билдирген: «Экс-президент Алмазбек Атамбаев Кытайга казакстандык олигархтын учагы менен кетти деген сөз ойдон чыгарылган сөз. Алмазбек Шаршенович мындай кызматтар менен колдонбойт жана бардык чыгымдарын өз чөнтөгүнөн төлөйт. Алмазбек Атамбаев учурда Кытайда Боаос форумунун алкагында «Бир алкак, бир жол» тегерек столуна катышып жатат«.

Коомдук ишмер Эдил Байсаловдун иликтөөсүн ВИДЕОдон көрө аласыздар!

 

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.