Бүгүн парламенттин кезектеги жыйынында өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин каралып жатканда, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов шашылыш түрдө спикер Дастан Жумабековго: «Мына эки күндөн бери Өмүрбек Чиркешовичке катуу кысым, басым жасалып башталыптыр. «Башка камерага которобуз, үстүңө башка кишилерди киргизебиз!» деген сыяктуу коркутуу-үркүтүүлөр болуп атыптыр. Мага азыр эле ушундай маалымат келип түштү. Ушул маселени карап, аны токтоосуз түрдө токтотсонор !»,-деп кайрылды. Төрага макул болуп, депутаттар саат 2ге чейин танаписке тарап кетишти. Өмүрбек Текебаевдин маселеси түштөн кийин парламентте каралат.
Эрзат МЫРЗА