Алмамбет ШЫКМАМАТОВ: «Түрмөдө Текебаевге катуу кысым жасап жатышыптыр»

Алмамбет ШЫКМАМАТОВ: «Түрмөдө Текебаевге катуу кысым жасап жатышыптыр»

Бүгүн парламенттин кезектеги жыйынында өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесин каралып жатканда, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов шашылыш түрдө спикер Дастан Жумабековго: «Мына эки күндөн бери Өмүрбек Чиркешовичке катуу кысым, басым жасалып башталыптыр. «Башка камерага которобуз, үстүңө башка кишилерди киргизебиз!» деген сыяктуу коркутуу-үркүтүүлөр болуп атыптыр.  Мага азыр эле ушундай маалымат келип түштү. Ушул маселени карап, аны токтоосуз түрдө токтотсонор !»,-деп кайрылды. Төрага макул болуп, депутаттар саат 2ге чейин танаписке тарап кетишти. Өмүрбек Текебаевдин маселеси түштөн кийин парламентте каралат.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.