Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин башчылыгына эки депутаттын (“Ата Мекен” фракциясынан Н.Никитенко менен «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Т.Шайназаровдун) талапкерлиги коюлуп, аягында комитеттин төрайымы болуп Наталья Никитенко шайланды. Шайлоо бюллетень аркылуу жабык добуш берүү менен өтүп, 76 депутат Н. Никитенкону, 37 депутат Т.Шайназаровду колдоду. Ал эми Бюджет жана финансы комитетинин башчылыгына Зиядин Жамалдинов менен Эмил Токтошев көрсөтүлүп, Токтошев 66, Жамалдинов 50 добуш алды.
Ушул шайлоодо бир бюллетень ашык чыгып, талаш-тартышты жаратты. Ал төмөнкү ВИДЕОдо.
Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы