Уланбек САТАРАЛИЕВ: “Ичтеги күйүт — арманым, Имашым сага арналды”      

Уланбек САТАРАЛИЕВ: “Ичтеги күйүт — арманым, Имашым сага арналды”      

Имаш, ыймандуу, акылдуу, жаркылдаган жигит элең…

Нарын облусундагы Ат-Башы районунда жашап, иштеп жатышкан үлгүлүү, кадыр-барктуу үй-бүлөлөрдүн бири — Уланбек Сатаралиевдин үй-бүлөсү. Жубайы Элмира экөө эки уул, эки кыздуу болуп, эрезеге жеткирип, бактылуу күн кечирип жатышканда, эки жыл мурун эзели эске келбеген кырсык болду… Алардын кичүү уулу Иманбакый (Имаш деп эркелетишчү) жогорку окуу жайын бүтүп жаткан жылы (2016-жылы, август айында) автокырсыктан каза болуп, үй-бүлөсүн күйүткө салып кетти. Бардыгыбыз кейидик. Ыйладык. Кабырбагыбыз кайышты. Чынында эле Имаш жакшы бала болчу. Мүнөзү жумшак, бирөөгө катуу айтпаган, өйдө карап сүйлөбөгөн, ыймандуу, акылдуу, түшүнүктүү, боорукер, жароокер, арак-шарап, тамекиден алыс, ар бир ишке калыс, орундуу сүйлөгөн, оор басырыктуу жигит эле.

Кошуна-колоңдору да: “Ушунча жыл кошуна жашадык, бир жаман сөзүн уккан жокпуз. Өтө кичипейил, берешен, жаркылдаган жигит эле”,-деп эскеришет. Эже, карындашына да катуу айтпаптыр. “Имаш бизге бир жаман сөз айткан эмес” ,-деп көзүнө жаш алат эжеси Нурзана. Карындашы Акылай экөөнүн ырдаган ыры бизге эстеликке калат деп ким ойлоптур. Мыкты ырдачу, үнү керемет эле. Сахнага ырдап чыккысы келчү. “Окуусун ийгиликтүү бүтүп алса, сахнага чыгарабыз” деген биздин да изги тилегибиз бар эле. Аттиң, арман! Минтип сени эскерип жазып калабыз деп ким ойлоптур! Имаш,  жаткан жериң эңкейиш, Жараткан берсин кең бейиш! 

Байкеси Эрнис, жеңеси Назира

“Канатым Имаш, мен сенин, карааныңа зар болдум”

Баарынан эң оор күйүт, орду толгус жоготуу, өмүр бою бүтпөс арман ата-энесине болду. Көңүл айтабыз, бирок, ошол көңүлдүн бөксө жерин толтура албайбыз. Сыр бербегендери менен ичтен сызышат. Калп эле бери карап күлүшөт, ары карап ыйлашат. Эки жылдан берки баласын жоктогон атанын ыйы минтип армандуу ырга айланды.

Күйүтүмө чыдабай,
Күйүп бир жаздым арманды.
Ичтеги күйүт арманым,
Имашым сага арналды.
Оң мүрөөмө ок тийип,
Оңдоно албай олтурам.

Жаралуу болуп сен үчүн,
Көзүмө жашым толтурам.
Каран түн түшүп башыма,
Кайгыңды тартып кан жутам,
Оң мүрөөмө ок тийип,
Оңдоно албай олтурам.


Имашым сени эстесем,
Ичиме букту толтурам.
Жылмайганың эстесем,
Жаш аралаш кан жутам.
Сол бөйрөгүм элең сен,
Солкулдап ыйлайм эстесем.
Жанымда күлүп жүрмөксүң,
Жашоодон эрте кетпесең.
Өйдө бир чыкса өбөгүм,
Өзүмө бийик жөлөгүм.
Каралдым сенден ажырап,
Кайсындай күндү көрөмүн.
Бир тууганга бел элең,
Ала тоодой көлөмүң.

Каралдым сенден ажырап,
Канатым кайкы бүттүбү?
Жалыныңа күйгүзгөн,
Жазмыштын өзү күчтүүбү?
Мүнөзүң башка адамдан,
Боз туйгун элең жаралган.
Туйгунум сенден ажырап,
Туюкка барып камалгам.


Кыйналып дале жүрөмүн,
Кайгы-муңдуу жарамдан.
Тумшугумду катырып,
Туйгунум учту туурдан.
Кайгы түшүп башыма,
Ажырап сендей уулдан.
Оодарылткан ар түрдүү,
Оопасыз тура шум жалган.
Закымдаган шамалдай,
Учаарга элең канатым,
Канатым сенден ажырап,
Кабылдады жараатым.
Канткенде табам катыгүн,
Айыгуунун дабаасын.

Кайрылып көрөөр болсоңчу,
Атаңдын ушул чамасын.
Күйүт, муңду жоюнун,
Кандайча табам айласын?
Күндөн бир күнгө көбөйүп,
Күчөдү менин жараатым.

 

Бар капамды жазганга,
Булбулум элең бактагы.
Булбулум сенден ажырап,
Бугум бир ичке батпады.
Алакандан алдырып,
Арманда болуп умсундум.
Өмүр бою чыкпаган,
Өксүгөн муңга туш кылдың.
Кандайча көзү түштү экен,
Кара ниет ажал кузгундун.
Артымдан дайым ээрчиген,

Айланайын көлөкөм.
Чарчаганды билбеген,
Чалкыган көлдөй берекем,
Ажырап сенден эми мен,
Каралдым кантип күн кечем?
Бир сырдуу белең Имашым,
Көлөкөңө сактаган.
Көлөкөм сенден айрылып,
Какырлуу чөлгө туш болдум.
Эми ысыгына какталам.
Адамдан башка жоругу,
Айланайын, каралдым!
Аз өмүр сүрөөр болгон соң,
Өздөн кайдан жаралдың?
Кейиштүү күнгө калтырып,
Кетирдиң муунун атаңдын.
Канаты жаңы жетилген,
Кырааным элең, кырааным.
Билбепмин эми учаарда,
Канатың минтип сынаарын.

Өмүр бою калдым мен,
Баламдын тартып убайын.
Кайгыны ичтен жоюнун,
Айласын кандай кылайын?
Төрөлгөн күндөн кагылып,
Чоңойттук сени бөпөлөп.
Окуп билим алсын деп,

Мектепке кирип жетелеп.
Канаты өсүп жетилип,
Учса деп тилеп көкөлөп.
Ушинтип өсүп жетилип,
Таалайлуу күнгө кезигип.
Окууну жаңы бүтөөрдө,
Ажалга кеттиң көзүгүп.
Кайгыны мага жүктөдүң,
Каран түн капыс кезигип.
Балтамдын мизи мокоду,
Бутакка тийип кетилип.
Тунарып көздүн шамы өчүп,
Туйгунум сенден айрылдым.
Кайгыны мынча тарткандай,
Кай жерден жазып тайгылдым?
Канатым сынып заматта,
Кайгыны тартып дал болдум.
Канатым Имаш, мен сенин,
Карааныңа зар болдум.
Колуна алып көтөргөн,
Папканды көрсөм ич күйөт.
Арманын катып ичине,
Апаң да ыйлап, үшкүрөт.
“Кайгынын кара туманы,
Каяктан башка түштү?”,- дейт.
Көңүл айтат көп тууган,
Көңүлүнүн агынан.
Апаңдын билип абалын,
Аргасыз мен да багынам.
Ажырады ал дагы,
Алмалуу көргөн шагынан.
Токтоно албай тынч алып,
Мүрзөңө барып айланам,
Кайгырып, ыйлап олтуруп,
Каралдым деп зарланам.

Ар түрлүү иш кураарым,
Ардактап мени тураарым.
Акырет жайын берсин деп,
Алладан бейиш сурайын.
Кантейин эми кантейин,
Жазуума моюн сунайын.
Таалайга жазуу болгон соң,
Аллага неге таарынам,
Кеп кылат экен кээ бир жан,
Көрдү деп өзү жагынан.
Канткенде кетсин оюмдан,
Ажырайм деп боорумдан.

Даваным ыйлайт “боорум” деп,
Теңимден эми оодум деп,
Арманын айтып, ал ыйлайт,
Ал ыйласа, баары ыйлайт.
Эжекеси Нурзана,
Карындашы Акылай,
Анын баары кошо ыйлайт.
Кайрат кылгын, балдарым,
Кайрылып эми табылбайт.
Өмүрү узун болушун,
Жараткандан көп тилеп,
Каралдымдан айрылдым,

Кабыл болбой бул тилек.

Окууну мына бүтсө деп,
Үйлөнтөйүн сени деп,
Жаңыдан жүрдүм камынып,
Бактылуу турмуш берсе деп,
Жаратканга жалынып,
Каралдымдан айрылдым,
Капилет өлүм кабылып.
Каран түн түшүп башыма,
Билбедим кандай болушун,
Кудайга чеки болгонбу,
Кубанып менин коюшум.
Какшатып ыйлап муңканып,
Арманын ичтен арылбас,
Кантейин, эми кантейин,
Каралдым кайра табылбас.
Жаныңа чындап кайрылаар,
Досуңдан артык киши жок,
Сырдашып күндө чер жазган,
Досторуң күйүп, ичи чок.
Кадыр сырын билбеген,
Башканын сенде иши жок.

Жоругунду сөз кылып,
Күндө сени жоктойбуз.
Ичибизден сызылып,
Арбагыңды козгойбуз.
Баласын болгон атадан,
Атаңдын көрү шум жалган.
Түбөлүк тирүү өлбөгөн,
Шум жалгандан ким калган?
Капилет ажал туш келип,
Ичине кетти чоң арман.
Көчөдөн басып сен жүрсөң,
Көңүлдүн кири тараган.
Күнүгө тируу сезилип,
Чыгаргым келбейт санааман.
Көрүнчүдөй элесиң,
Алды-артымды каранам.
Каралдым кайрат кылайын,
Кайгырбай эсим жыйайын.
Үмүт үзбөй Алладан,
Берсин деп артын Кудайым.
Калганыбыздын өмүрүн,
Узун кыл деп сурайын.
Маңдайга калган жазылып,
Тагдырга моюн сунайын.
Акыретте жүздөштүр,
Кош болгун эми каралдым.
Көзүмдүн жашын агызып,
Кайгырсам кайдан табамын?
Айыгышын тилеймин,
Денебиздеги ушул жаранын.

Жаркылдыган жүзүңдү карап, ырдаган үнүңдү угуп жүрөбүз!

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.