Канатбек ИСАЕВ: “Базардан мэрия гана пайда көрмөк”

Канатбек ИСАЕВ: “Базардан мэрия гана пайда көрмөк”

Бүгүн, 24-майда, Бишкек шаардык сотунда, ЖК депутаты Канатбек Исаевдин Токмок шаарынын мэри болуп тургандагы иши боюнча отуруму болуп өттү. Эмки соттук териштирүү 31-майда болот.

Бүгүнкү соттук териштирүүдө К.Исаев өзүнө коюлган айыпты четке кагып, базар курулган жер мэриянын менчигинде экенин баса белгилеп айтты. «Ал жерге муниципалдык базар курулмак, андан мэрия гана пайда көрмөк. Анткени базар салуу үчүн инвесторго жер берип, мэрия андан түшүүчү пайданын 30% үлүшүнө ээ болмок»,- дейт К.Исаев.

Эскерте кетсек, УКМКнын тергөө башкармалыгы Канатбек Исаевди «2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп турганда, муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген» деп айыптап, ага кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин («Коррупция») негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал ишти Биринчи май райондук соту карап, 12 жылга эркинен ажыраткан.

Андан тышкары, УКМК былтыр 30-сентябрда, «бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатат» деген негизде К.Исаевди кармашкан. Башкы прокуратура Канатбек Исаевге Кылмыш-жаза кодексинин 27-беренеси («Кылмышка даярдануу»), 233-беренеси («Калайман башаламандык») жана 295-беренеси («Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу») менен иш козгогон.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.