Акын Шабдан Сулаймановдун ырлары мыкты, жакшы жазат. Бул ырды да мыкты жазыптыр.
Башынан сактап келген улут наркын,
Баш кесип, тил кеспеген улук калкым.
Чочоңдоп кыз кишиге камчы үйрүгөн,
Чоросу бүгүнкүнүн куруп калсын.
Алдуунун аяк-башын жалап турган,
Алсызды баса калып талап турган.
Арсыздар көбөйдү го кошоматчы,
Ак үйгө жагынууну адат кылган.
Намыссыз көр пенделер чыкты бүгүн,
Нааданга арам оокат жукту бүгүн.
Уятсыз уялгандын бетин тырмап,
Уурулар ээсин доого жыкты бүгүн.
Чындык деп жанып турса жалгыз жарык,
Чычалап, чыккынчы деп жарлык тагып.
Чылага оонаса да сөз тийгизбей,
Чылк эле жемкорлорду калдык багып.
Сыртынан мыйзам жайын сүйлөп турган,
Сындасаң сындыргыча ийлеп турган.
Сотуң да, милийсаң да куурчак болду,
Солкулдап кол астында бийлеп турган.
Буурадай буйлаланып туткундалдым,
Бу заман заманы экен кузгундардын.
Кудайдан коркпогон бул куйтуларды,
Кусуру урбайт экен туздун, нандын.
Эртеңин ишенимсиз карайт балаң,
Эргулдар энчибизди талайт жалаң.
Армандуу журт болдук го атаганат,
Ажодон, же кожодон бак айтпаган.
Тузактап айып, жаза, салык менен,
Тумчугуп калбагыла барып терең.
Карайлап турган кезде эл, капилет,
Калчу эле кайталанып тарых деген…