Эсен болуп, эстей жүр!
КРнын эмгек сиңирген артисти, айтылуу обончу, композитор Рыспай Абдыкадыровдун бүгүн, 12-январь туулган күнү. Көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак. Залкар талантыбыздын туулган күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, иш-чара Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын Малахит залында саат 12:00дө башталат. Санитардык эпидемиологиялык шарттарды эске алуу менен чакан форматта концерт тартууланат.
Рыспай Абдыкадыров Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Булак айылында 1941-жылы 12-январда төрөлгөн. 1994-жылы 12-сентябрда 53 жашында каза болуп, сөөгү Оштогу Сулайман тоосунун этегине коюлган.
Рыспай Абдыкадыровдун ырын, сырын бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы