Чуулгандуу тасма, үрөйдү учурган мончодогу окуя боюнча ИИМге Алтайдан кат келгенин бүгүн, 26-январда ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымында, ИИМдин кайрылуу катына Алтайдан бүгүн жооп келген. Жашы жете элек балага карата күч колдонуп жыныстык катнашка барган окуя Кыргызстанда эмес, Алтай Республикасында болгон.
«2020-жылдын 29-июлунда Алтайдагы милиция кызматкерлери Интернетте мониторинг жүргүзүүнүн жүрүшүндө, жаш балага күч колдонуп сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасап жаткан адамды табышкан. 2019-жылдын август айында, Кош Агач айылында (2019-жылдын 1-10-августтарынын ичинде) жашы жете элек “Р”, башка жашы жете элек өспүрүм “К”карата күч колдонуп жыныстык катнашка баргандыгы аныкталган. Бул факты катталып, 2020-жылдын 29-июлда Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 132-беренеси (Жашы жете элекке карата жасалган күч колдонуу менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) боюнча кылмыш ишин козгогон. Россия Федерациясынын жаза проссецуалдык Кодексинин 91-беренесине ылайык «Р» кармалган. 2020-жылдын 31-декабрында айыптоо корутундусу менен кылмыш иши Кош Агач райондук сотуна жиберилген» деп жазылат ИИМдин маалыматында.
ИИМ: «Жалган маалыматтан жабыр тарткандар болууда…»
ИИМ жалган маалымат таратпоого чакырат жана эскертет. Дал ушул окуя боюнча Интернетте жалган маалыматтар тарап, жабыр тарткан балдар болуп жатканын ИИМ билдирди. Алардын билдирүүсүн бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы