Эсен болуп, эстей жүр!
Монополияга каршы жана атаандаштыкты тескөө агенттигинин мурдагы жетекчиси, «Назар», «Алиби», «Ачык саясат» гезиттерин чыгарып, бир топ журналисттердин башын бириктирип (бул асыл адамдын гезитинен ысымын таанытып, атактуу саясатчылар менен таанышып, жакшы мамиле түзүп, депутат болуп кеткендери да болду — авт.), устат-насаатчы болгон белгилүү журналист, юрист, публицист, акын Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ 30-сентябрда эскерилет. Аттин, көзү тирүү болгондо 70 жашын белгилемек экенбиз…
Архивден…
Айгүл БАКЕЕВА: «Акыйкаттык ордосун түзгөн Бабырбек Жээнбековдун жасаган иши, ысымы унутулбас!»
Белгилүү журналист Айгүл Бакеева былтыр Апрель окуясынын он жылдыгына карата Жээнбеков Бабырбек Субановичтин жаркын элесине арналган макала жазган. Ал «Апрель революциясынын 10 жылдыгы: Унутулгус ысымдар» аталышта «ПолитКлиникага» жарык көргөн.
Андагы эскерүүнү кайталап берип коюуну чечтик.
Бүгүн, 7-апрелде, Апрель революциясына он жыл болду. Карапайым калк ичинен чыккан, өмүрү кырчын кезде кыйылган жүздөгөн баатырларды эскерүү, мекенчил атуулдарга таазим этүү шааниси жер шарын жугуштуу дарт каптаган мезгил шартында өттү.
Арабыздагы мекенчилдер арасынан мамлекеттик жана коомдук ишмер Бабырбек Жээнбековду эскере кетүүнү эп көрдүм. Башка журналисттерге салыштырмалуу, агай менен азыраак иштешсем да, ал күндөр элдик революция алдындагы жана андан кийинки эстен кеткис тарыхый учур болуп калды.
Апрель революциясынын он жылдыгына бир жыл жетпей, дарттын айынан дүйнө салбаганда, балким агай бүгүн өзү эскерүү жазмактыр.
(Аза күнүндөгү эскерүү бул шилтемеде).
Кезинде мезгилдүү басма сөздө Бабырбек Жээнбеков учредитель, кийин башкы редактор болуп турган “Алиби”, “Ачык саясат” гезиттерин окуп, бирок өзү менен тааныш эмес элем, 09.09. 09 деген эсте каларлык числодо Бишкектин Токтогул көчөсүндөгү редакция кеңсесинен кездештик.
Мурда мен иштеген гезит бийликке сын айтууга батына албай бараткан. Ошол себептен акыйкатсыздыкты ачык чагылдырып, бийликке курч сын айткан айбаттуу гезиттер кеңсесине жумуш издеп баргам.
Редактор Жээнбеков кызмат сунуштады. Кийинчерээк эки басма сөз каражатына кошуп,“Назар” аттуу гезитти жарыкка чыгарды. Аталган жаңы гезитке адегенде кабарчы, кийинчерээк баш редактор болуп калдым.
Президент Курманбек Бакиевдин бийлиги, акыйкат издеген массалык маалымдоо каражаттарына кысым көрсөтүп, “Де-факто” гезити жабылып, башкы редактору Чолпон Орозобекова бийликтин куугунтугунан улам чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болду, “Алиби”, “Форум” гезиттери жабылды, журналист Геннадий Павлюкту өлтүрүп кетишти, “Пресс kg” гезитинин редактору Абдывахап Мониев сабалды, басма сөз турмушунда ушул сыяктуу терс көрүнүштөр орун алды.
“Алиби”, “Ачык саясат” жана “Назар” гезиттеринин ар бири өзүнчө редакция болсо да, эки кабаттуу бир кеңседе жайгашкан.
Аталган үч гезит редакциясында ал кездеги жаш журналисттер: Салима Салиева, Назгүл Мамытова, Кундуз Исмаилова, Айсулуу Көкөева, Күнболот Момоконов, Адилет Айтикеев, Заирбек Бактыбаев, Али Токтакунов, Асылкан Шайназарова, Калыгул Бейшекеев, тажрыйбалуулар: Үсөн Касыбеков, Назира Саалиева, Нурбүбү Бөдөшева, Зулпукар Сапанов, Машакбай Рахманкулов, Сабыр Муканбетов, Кенжебек Арыкбаев, дизайнер Азамат Газыев, офис-менеджер Гүлзат Шамбеталиева, корректор Чынара Молдокулова, менеджер Ильяс Өмүралиев... дагы мурда-кийин иштеп кеткен журналисттер бир далай болчу. Бабырбек Жээнбековдун жубайы Таалайкүл Абдырасулова гезиттин ишине күйүп, келип-кетип турчу.
Ошол кезде ал кеңседе журналисттерди менимче, бир гана идея-учур талабындай күрөшчүл болуу, адилетсиздик менен күрөшүп, коомчулукка тайманбай жарыялап туруу максаты бириктирип турган.
Ошол 2009-2010-жылдары Токтогул көчөсүндөгү гезит редакциялары активдүү саясатчылар жана коомдук ишмерлер ордосу болуп турганы белгилүү.
2010-жылдагы революциядан кийин бийликке келишкен (көпчүлүгү) Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Бөдөш Мамырова, Ирина Карамушкина, Алмазбек Атамбаев, Асия Сасыкбаева, Мирослав Ниязов, Дүйшөнкул Чотонов, Гүлнара Журабаева, Эмилбек Каптагаев, Токтайым Үмөталиева, Топчубек Тургуналиев, Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаров, Алмамбет Шыкмаматов, акны-жазуучу коомдук ишмерлер Анатай Өмүрканов, Бексултан Жакиев, Тимур Саламатов жана башкалар ушул кеңсеге, штабга,Жээнбековго келип, маселе талкуулап, пикир, сунуштары менен бөлүшүп турушкан.
Медет Садыркуловдун бөөдө өлүмүнөн кийин бийликке катуу айбат көрсөтүп чыккан Элмира Ибраимова Бабырбек Жээнбеков менен ушул кеңседе таанышканы эсимде.
Кубатбек Байболов, Өмүрбек Абдырахманов, Равшан Жээнбеков Америкада күн кечирип калды.
2010-жылдын башынан саясий абал курчуй баштаганы гезиттерге кысым күчөдү, кээде жаңы чыккан нускалары себепсиз камала баштады. Бороон болоор алдындагыдай, 2010-жылдын март айынын акыркы күндөрү кеңсеге келүү, иштөө журналисттер үчүн кооптуу болуп калды. Шектүү кишилер кеңсе тегерегинде көбөйүп, жалгыз үйгө кетүү коркунучу жаралды. Токтогул көчөсүндөгү таксисттер да журналисттер тууралуу сурап, акмалагандар арбып жатканын алдыртан айтып калышчу.
“Ачык саясат” жана “Назар” гезиттери 2010-жылдын 16-мартында АКШдан Равшан Жээнбековдун 17-мартта боло турган курултай катышуучуларына кайрылуусун жарыялады. Кайрылуу президент Курманбек Бакиевдин башкаруусун жана үй-бүлө мүчөлөрүн кескин сынга алып,курултайда президенттин отставкасын талап кылууну суранган.
Макаланын бир нускасы “Назар” гезитинин редакциясынын электрондук почтасына келип түшөрү менен, Бабырбек Жээнбеков чакырып, уулу Равшандын макаласы боюнча минтип эскертти:
-Бул макаланы “Ачык саясат” гезитинин эртеңки санына чыгарабыз. Ушул эле макала “Назарга” да келди. “Гезитке чыгарышыңар керек” деп талап кылбайм, өзүңөр чечкиле. Окуп бүткөндөн кийин жообун бергиле, — деди.
Чындыгында макала абдан курч жазылыптыр.
-Айтылгандарга далил жетиштүүбү? Үй-бүлөсү тууралуу маселедечи? — деп сурадым.
-Далил бар, — деп кагаздарды көрсөттү агай.-Айрым фактыларга күбө болчу кишилер бар.
Ошону менен Равшан Жээнбековдун макаласы эки гезитке тең жарыяланып, кол коюлуп, басмаканага кетти, эртеңки күндү чыдамсызданып күтүп калдык.
Эртеси, 17-мартта, гезит таралары менен, Башкы прокуратурага чакырышты.
-Далилдерди ала келиңиз, — дешти телефондон.
-Башкы прокуратура телефондон чакырбай, чакыруу кагазын расмий жибериш керек, барбай да койсоң болот, — деди агай.
Ал кишинин кесиби юрист болгондуктан, жол-жобосунун баарын билет экен.
Башкы прокуратурага чакыруу агайга да келди. Ошентип, Башкы прокуратурага күн алыс барып, сурак берип жүрдүк. Доо арызды Башкы прокуратура президент Курманбек Бакиевдин атынан бериптир.
-Бул дагы басма сөзгө кысым, президенттин кадыр-баркына доо келтирди деп президент өзү ММКны сотко берип жатса, сот анын пайдасына чечип коёру анык эмеспи, — деди агай капаланып.
“Ачык саясат” жана “Назар” гезиттеринин ар бирине 5 млн сомдон доо коюлуп, Биринчи май райондук сотунда сот отуруму жүрдү. Андан кийин революцияга туш келип, иш токтоду. Революциядан кийин Биринчи май райондук соту эки гезитти актоо тууралуу чечим чыгарды.
Бабырбек Жээнбековдун аталган үч гезити элдик толкундоонун күрөө-тамырын кармаган акыйкат ордосу, саясатчылардын, коомдун активдүү, прогрессивдүү бөлүгүнүн башын кошкон медиа борбору сыяктуу болуп, революцияга айтарлык салым кошконун айрыкча белгилеп кетүүгө болот.
Азыркы күндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын жагдайы кандай деген суроо туулат. Анда да “Назардын” кеңсесин талкалап кирип, аңтарып-теңтерип кетишкендей эле, “ПолитКлиника” медиа кеңсесин кечээ жакында талкалап кирип, тинтип кетишти. Ким, эмне издейт, билбейм, баалуу техниканын баары эле ордунда экен.
Ошол кезде да акыйкатсыз бийлик менен күрөшүп жүрчү Равшан Жээнбеков Кой-Таштагы окуялар боюнча оор кылмышка шектелип, азыр камакта жатат. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча бир катар оор жана өзгөчө оор кылмышка шектелүүдө.
Атамбаевдин бийлиги учурунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов коррупцияга айыпталып, камакка жатып чыкты.
Курч иликтөөлөрдү жүргүзгөн “Азаттыктан” Али Токтакунов менен Ыдырыс Исаковдун, “Кактус” медиасынын соту, журналист Болот Темировдун чак түштө сабалышы, “Ачык саясат плюс” гезитинин башкы редактору Назгүл Мамытованын Кой-Таш окуясы боюнча суракка чакырылышы, гезитке карата айрым саясатчылардын чоң суммага доо арызы, “Азия ньюс” гезитине болгон доо арыздар- ушулардын баарынучурдагы басма сөздү ооздуктоого аракет катары санаса болот.
Акаевдин, Атамбаевдин башкаруусу учурундагыдай, “Конституцияга өзгөртүү киргизебиз, референдум демилгелейбиз” деп дагы бир депутат камданып жатканы ачыкталды. Айтор, өткөн революциялардан сабак алуу дале биздин күн тартибибизде турат.
Апрель революциясынын он жылдыгына байланыштуу кайрылуусунда Президент Сооронбай Жээнбеков “Апрель окуяларынан терең сабак алып, элдин эркине каршы келген чечимдерге эч качан жол бербейбиз” деп айтты. Ушул айтылгандар иш жүзүндө да ишке ашса экен деп үмүт арталы.
Анан да кылчайнашкан кыйын кездерде жалпыга маалымдоо каражаттар ордосу, саясатчылар ордосу, активдүү жарандардын акыйкаттык ордосун түзгөн Бабырбек Жээнбековдун жасаган иши, ысымы унутулбас.
Айгүл БАКЕЕВА,
«ПолитКлиника» 07.04.2020