Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ: «Бир топ жыл бойдок жүрдүм. Бактыма Таалайгүл жолукту» (Архивдеги маеги)

Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ: «Бир топ жыл бойдок жүрдүм. Бактыма Таалайгүл жолукту» (Архивдеги маеги)

Эсен болуп, эстей жүр!

РЕДАКЦИЯДАН: Монополияга каршы жана атаандаштыкты тескөө агенттигинин мурдагы жетекчиси, «Назар», «Алиби», «Ачык саясат» гезиттерин чыгарып, бир топ журналисттердин башын бириктирип, устат-насаатчы болгон белгилүү журналист, юрист, публицист, акын  Жээнбеков Бабырбек Субанович 30-сентябрда, саат 12-00дө «Достук» мейманканасындагы «Империя Холлдо» эскерилет.
Маркумдун 70 жылдык мааракесине арналган «Устат баскан улуу жол» аталышта иш-чара өтөт. 3 гезитте («Назар», «Алиби», «Ачык саясат») иштеп кеткен журналисттер жана шакирттери эскерет. Бул асыл адамдын гезитинен ысымын таанытып, атактуу саясатчылар менен таанышып, жакшы мамиле түзүп, депутат болуп кеткендери да бар.
«Алакан»

Архивден…

Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ: «Атам бригадир, башкарма, улакчы, айылда кадыр-баркы чоң адам болгон»

«Алиби», «Назар» гезиттеринде Бабырбек Жээнбеков менен чогуу иштеген журналист Назира Саалиева агабыз Монополияга каршы жана атаандаштыкты тескөө агенттигинин жетекчиси болуп турганда, ата-энеси, бир туугандары, үй-бүлөсү тууралуу маектешкен экен…

— Бабырбек мырза, саясаттан алыстап, балалыкка сереп салсак. Ата-энеңиз тууралуу айтып берсеңиз?

— Атам бригадир, башкарма болгон. Өмүрүнүн акыркы жылдарында чабан болду. Кезинде Талас өрөөнүн дүңгурөткөн улакчы, айылда кадыр-баркы чоң адам эле. Атамдан кеңеш сурап көп адам келчү. Калыстыгынан тайбаган, оор басырыктуу, көп сүйлөбөгөн адам эле. Мага чейин бир баласы каза болуп калыптыр. Мен 51 жашында көргөн баласы экем. Атамдын эки кемпири болгон. Биринчисинин улуту казак, Бачангүл деп койчу. Ошол апамдын колунда өстүк. Менин оюм менен болчу. Таластыктардын камырын кичинемди «чыпычы» дечү экем. Ошону түн ичинде сурасам да эринбей туруп башырып берчү. Абдан жакшы адам эле. Кийин көзү көрбөй калды…

— Демек, тапкан эне менен баккан эненин ортосунда эрке өскөн бала турбайсызбы?

— Бизди төрөгөн апабыз саанчы болчу. Эртеден кечке совхоздун жумушунда жүрчү. Ошондуктан өз апам бизди тапканы менен казак апам бакты. Ал кишинин өз апам эмес экенин кийинчерээк билдим. Мурунку адамдардын сыр сактаганына таңгалам. Озүбүздүн апабыз 2005-жылы 84 жашка чыгып каза болду. Акыркы жылдары ал апамдын дагы көзү көрбөй калган.

— Канча бир туугансыз?

— 3 бир тууганбыз. Кадырбек деген иним айылда жашайт. Быйыл 55 жашка чыкты. Балдары, неберелери бар. Кулагы жакшы укпагандыктан элге көп аралашпайт. Ушунусу мага катуу тийип, аны аябай аяйм. Карындашым 47 жашта. Ал дагы очор-бачарлуу.

— Мектепте кандай окудуңуздар?

— Мектепте жакшы окудум. 4-класстан китепке жакын болдум, айылда мен окубаган китеп калган эмес. Орус тилиндеги китептерди да көп окудум. «Юные герои» деген китеп бар эле, ошону 14 жашымда кыргызчалагам. Коомдогу иштерге активдүү катыштым. 8-класста мектептин комсомол уюмунун секретары болгом. 6-классымда гезиттерге ыр жаза баштагам. Ал убакта гонорар төлөнчү. Көркөм  дүйнөгө жакын болгонума Абес Исмаилов деген агайымдын салымы күч болду. Жогорку, төмөнкү класстагы окуучулардын дептерлерин, изложение, сочинение болобу, мага текшергенге берип койчу. Атүгүл баа койгонго да уруксат берчү.

— Кичинеңизде кыялданган кесипке жеттиңизби?

— Чоңойгондо сот болом деген кыялым бар эле. Ал убактагы окууга өтуу кыйын болчу, 5 жылдан кийин окууга өттүм. Ортодо армияга барып келдим. Аскерге чакырылганымда, мен келгенче карыган ата-энемдин тиричилик жүгү жеңилдесин деген ниетте келиндүү кылгам. Анда мен 18 жашта элем. Атам 68 жашта, апам 60 жашта болчу. Ата-энем «үйлөн» деп шаштырганы менен «муну, тигини ал!» деп эч кимди таңуулаган жок. Ал учурда айыл, район ичинде бир топ кадыр-барк күтүп калгам. Андагы Киров (азыркы Кара-Буура) райондук комитеттин комсомолдун бюро мүчөсү болчумун. Гезитке байма-бай ырларым чыгып жаткан кез. «Жакшы адамдын баласы, жакшы жигит, биздин кызды алса экен» дегендер көп эле болгон. Мен тандаган кыздын аты да айылга дүңгүрөп, айрым жигиттер ала качабыз деп калышкан. Ал учурда жеңелер чоң роль ойночу, ортого түшчү. Ал кызга мени мактап, мага аны мактап отуруп, акыры баш коштурган. 1969-жылы баш кошконбуз. 1970-жылы Равшан жарык дүйнөгө келди. Уулумдун артынан Лира, Мира, Надира аттуу үч кыздуу болдум. Баары үй-жай күтүп, балалуу -чакалуу. Экинчи никемден Санжар, Лаззат аттуу балдарым бар. Кудайга шүгүр, балдарымдын мамилеси жакшы. Кудай ушуну кут кылсын.

— Кайталап турмуш курганыңызды ата-энеңиз, уул-кыздарыңыз кандай кабылдады эле?

— Чындыгында, биринчи жубайым менен Олжобай менен Кишимжандай болуп арзуунун азап-тозогун тартып, сүйүүнүн кемесинде термелген жокпуз. Кийин ойлосом, жаштыктын деми менен эле баш кошуп алыппыз. Ошол акыры ажырашууга алып келди окшойт. Ата-энебизге билгизбейли дедик, бирок, алар билип-туюп эле жүрүшүптүр. Андыктан ажырашуубузга каршы болушкан жок. А Равшан болсо 10-классты бүткөнчө чоң ата, чоң энесинин колунда болуп, биздин тарбияны алган жок.

— Уулуңуздун келбети сизге аябай окшош. А мүнөзү окшошпу?

— Жок, такыр башка. Анын мүнөзү кырсыраак, мамилеси катуурак. Бир туугандарына, жакындарына үзүлүп түшпөйт. Мен анын андай кыялына ушу күнгө чейин таңгалам. Мамлекеттик кызматта жүргөндө эч кимибизди жолоткон жок. Ал эми жоро-жолдошторуна жакшы эле жардам кылды. Алар азыр заңгыраган үйдө жашап, кычыраган машина айдап жүрүшөт.

— Арсар турмушта көпчүлүк эркектер күчүн ачуудан чыгарат эмеспи… Сизчи?

— Туура. Жашырганда не, бир кезде мен да ачууга ыктагам. Эми акыл-эсти жоготконго чейин жеткен жокмун. Окуган китептеримдин пайдасы тийди. Андагы  оң каармандар мени дайыма жандап жүрүштү, маселен, Островскийдин «Болот кантип курчуду?» деген чыгармасы. «Башкы каарман Корчагиндей боло аламынбы?» деп өзүмдү оңдоп кеттим. Адам өзүн көзөмөлдөгөнгө күчү жетсе эле көп нерсе оңолот. Ичимдиктен алыстаганыма 5 жыл, тамекини таштаганыма бир жыл болду.

— Кайталап турмуш кургандан корккон жоксузбу?

— Мен бир топ жыл бой жүрдүм. Ортодо кыздар менен таанышуулар көп эле болду, бирок, эч кимиси жаккан эмес. Көп нерсеге көз кагынып, жар тандоого келгенде психолог болуп калат экенсиң. Акыры бактыма, таалайыма Таалайгүл жолукту. Мага анын ачык-айрым мүнөзү, жаркылдаган кабагы абдан жаккан. Нарындык, Ат-Башынын кызы. Жар тандоодон жаңылбапмын. Бактылуумун. Баш кошконубузга 20 жылдай болуп калды, «мен-сен» деше элекпиз.

Кадр тандоо жагынан психолог боло алдыңызбы?

— (Күлүп) Кадр тандоо жагынан психолог боло албай койдум. Мага адамдардын баары эле жакшы көрүнө берет. Мен жасалма мүнөз күтүүдөн алысмын. Мени менен чогуу иштештиң, мүнөзүмдү жакшы билип деле калдың го.

— Ооба, билип калдым: ак көңүл, ишенчээк экенсиз. Туура эмес жеткен маалымат, туура эмес берилген кеңешке көбүрөөк ишенип калганыңызды байкадым. Бармак тиштеп калган учурлар болобу?

— Ар бир кадамыңа баа берүү өтө кыйын. Мага ишенип келген адамдардын назарын сындыргым келбейт. Ал эртеси эле мени алдап кетээрин туюп-билип турсам да, макул болуп кийин бармагымды тиштеп калган учур, албетте, болгон.

— Сиз элге юрист катары эмес, журналист катары жакшы таанымалсыз. Журналисттик кесипке келишиңизге эмне себеп болду эле?

— Балам Равшан 2005-жылы парламенттик шайлоого ат салышпады беле. Ошондо бийликтин бут тосконун, элдин колдоосун көрдүм. 2007-жылы балама куугунтук болуп калды. Кудай жалгап, Америкадан окууга чакыруу келип калып, уулум ал жакка кетти. Равшандын, өзүмдүн үнүмдү эл-журтка жеткирейин деген максатты көздөп гезит ачкам. Андан башка  куралым жок эле да. Эмне кылам? Биринчи кезекте өзүмдүн, баламдын укугун коргодум. Укугунду коргой албасаң, элдин укугун кантип  коргойсуң?

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

«АсманPress», 2010-жыл

 

One thought on “Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ: «Бир топ жыл бойдок жүрдүм. Бактыма Таалайгүл жолукту» (Архивдеги маеги)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.