Бор менен окуучуларын «урган» мыкты математик Руслан Мамбеталиев. Окуучулары ошол кезди эстеп…

Бор менен окуучуларын «урган» мыкты математик Руслан Мамбеталиев. Окуучулары ошол кезди эстеп…

5-октябрь — Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер майрамы. 1994-жылдан бери жүздөн ашык мамлекетте майрамдалып келсе, бизде бул күн Өкмөт токтому менен 2014-жылдан бери белгиленип келет.  Тагырагы, октябрь айынын биринчи жекшембиси мугалимдер майрамы болуп эсептелет. Датасы жылып турган бул майрам бул жылы 3-октябрга туш келди. Андыктан, бардык мугалимдерди, дегеле, билим берүү тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайбыз. Сөзүбүз куру болбосун деп, майрамды утурлай айылыбыздын мыкты математик мугалими Мамбеталиев Руслан агайыбыз менен байланышып, азыноолак маек курдук.

Алгач сөз агайыбызда, анан окуучуларында…

Руслан МАМБЕТАЛИЕВ: «Балдарым кесибимди улабаса да, математик болгон окуучуларым бар»

— Агай, маегибизди сизди жарык дүйнөгө алып келген ата-энеңизден баштасак…

— Атам Кожоке Мамбеталиев, согуш ардагери эле. 2017-жылы 99 жашында каза болду. Апам Азем Мамбеталиева атамдан эртерээк — 2014-жылы каза болду. Ата-энем алты бала таап, жакшы таалим-тарбия берип, өстүрүп, үйлөнтүп-жайлантышты. «Баланы таяк эмес, акыл менен тарбияла» дегендей, атабыз, апабыз акыл менен тарбиялашты. Баарыбыз жакшы окуп, мектепти ийгиликтүү аяктадык. Мен өзүм бир туугандардын экинчисимин. Кыргыз улуттук университетинин механика-математика факультетин бүтүргөм. Эмгек жолум Талас районундагы Арал айылыбыздан башталды. Анда 22 жашта элем. Айыл мектебинде 91-жылга чейин мугалим, ортодо завуч болуп иштедим. Анан ошол айылыбызда дагы бир Медет Сейталиев атындагы мектеп бар, ал жакка директор болуп келип, 98-жылга чейин эмгектендим. Анан Физика жана математика багытындагы «Манас» лицейине кетип, ал жакта иштедим. Ал жерде сенин иниң Эрлан Салиев окуду. Эми Салиевдерди билем да, жакшы окушту. Эрлан, агасы Мирлан да математикадан жакшы окушту.

— Дагы кайсы окуучуларыңыз эсиңизде калды?

— Жалпысынан жакшы окуган окуучуларым көп эле болду. 81-жылы класс жетекчи да болдум, ал окуучуларым 84-жылы мектеп уясынан учуп кетишти. Жалил Солтонбеков деген окуучум мен окуган университетте, мен окуган факультетте окуп, математик кесибине ээ болду. Ошол университетте азыркыга чейин мугалим. Гүлара Ырысбекова, Келдибек Сазаев деген окуучуларым да математик болушту. Андан кийинки бүтүрүүчүлөрдөн Чолпон Каимова, Райкан Миңбаева, Нурлан Асанов, Гүлшат Таштанбекова, Нурбек Найзабеков, Кожоке уулу Райкан, Ырыскан Исакова, 70-жылкылардан Гүлбайра Сейдалиева, Асылкан Жаналиева математикадан жакшы окушту, бирок, мугалим болбой калышты. Экөө тең жакшы окушту, староста болушту. Дегеле 70-жылкыларды жалпылап айтсам, жакшы окугандар көп болчу. 20 жылдыктагы жолугушууда Асылкан, бизге, мугалимдерге, рахматын айтып, «Сиздер эсептегенди жакшы үйрөткөнүңүздөр үчүн, математик болбосок да ишкер болдук» деп жатпайбы…

 — Сиз классташ балдарыбызды бор менен урганыңыз менен эсте калдыңыз…

— (Күлүп) Ооба, эстедим… Аны 20 жылдыкта да окуучуларым айтышты…

— Агезде канча жашта элениз?

— 28-29 жаштарда болчумун.

— Азыр кайдасыз? Дагы эле мугалимсизби?

— 2007-жылы Бишкекке келгенбиз. N5 улуттук компьютердик гимназияда, кийин №7 мектепте эмгектендим. Ошол жерден пенсияга чыктым.

— Кесибиңизди сагындыңызбы?

— Албетте, сагынам. Өмүрүмдүн көбү мугалимдик менен өттү да…

— Балдарыңыздан кесибиңизди улантыштыбы? Уулуңуз Рамис саясатка да аралашып, депутат болом деп далалат кылганын былтыр байкадык. Жакында эле бир иш-чарада жолугуп, баарлашып калдык, жакшы тарбиялапсыз, ыймандуу балаңыз бар экен.

— Ооба, Рамис саясатчы болом деп жүрөт. Ал 83-жылы туулган. Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын (АГУКР) магистратурасын аяктаган. Андан тышкары, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (КМТУ) алдындагы Тоо-технологиялык институтун бүтүргөн. Иженер-геолог. Эмгек жолу кесиби менен башталып, «КумтөрГолдКомпани» ишканасынын улук геологу, «Кумтөр Оперейтинг Компани» профсоюз комитетинин төрагасы болгон. Рамис — экинчи балам, улуусу — Расул, ал Москвада, француздар менен бир ишканада иштейт. Кызым Бермет — мугалим, бирок математик эмес, химик. Кенжебиз — Исхак, 96-жылкы. Жеке фирмасы бар. Балдарымдын баары эле эсепке мыкты, бирок, кесибимди улантышкан жок, башка кесипти тандап кетишти. Бирок, мен ага кейибейм. Эң башкы байлык — ден соолукта болуп, апасы экөөбүздүн маңдайыбызда аман болушсун.

Асылкан ЖАНАЛИЕВА: «Агай бор менен урганда бүт математика эсине келчү…»

Жогоруда Руслан агай мактаган староста кыз — Асылкан Жаналиева. Ал агай сабак берген учурларга кайтып барып, буларды айтты:

— Эсимде, Руслан агай биз 6-7-класста окуп жатканда мугалим болуп келген. Жапжаш болчу. Аны менен катар келген Кубанычбек агай, Лена эжелер жаш мугалимдер эле. Айылдын бардык окуучулары сыймыктанган, бүт республика тааныган мыкты педагог агайыбыз, агартуунун мыктысы, Кыргыз Эл мугалими Исаков Бектур агайыбыз уюштурган «Жаш мугалимдер» деген ийрим бар эле, ошондо тарбияланышкан. Анан жаш мугалимдер Бектур агай үйрөткөн усул-ыкмалар менен бизге сабакты кызыктуу өтүп, окууга ынтаабызды ойготушту. Азыр ойлосом, ошондогу мугалимдер сабакты мыкты өтүп күчтүү болушуптур…

Элестетсен, ар бир сабакты ынтызарлык менен окуп, ар бир мугалимди чыдамсыздык менен күтчүбүз. Руслан агай бизге 7-класстан класс жетекчи болуп калды. Жоош, жайдары мүнөз, мыкты математик болду. Жаман сапаттарын көргөн жокпуз, жакшы сапаттары менен бизге үлгү болду. Баарыбызды фамилиябыздан эмес, атыбыздан айтып чакырчу. Аттарыбызды жаттап алган эс тутумуна тангалчумун. Атыбызды атаса кубанып калчубуз. Агай эч ачууланчу эмес. Сабак укпай, тентек кылып отурган балдарды урушуп, какыс-кукус кылып отурбай эле бор менен уруп калчу. Бор келип тийгенде бүт математика шок балдардын эсине келчү да. Ошонусу баарыбыздын эсибизде калган экен, 20 жылдыкта да окуучулук кездерди эстеп класста отурсак, агай доскага жазып жатып, артын шарт карап тамашалап борду ыргытып жатпайбы. Бала кезди эстеп, бир күлүп алдык… Руслан агай негизи мыкты мугалим болгон, азыр деле классташтар жолукканда, Руслан агайыбызды, ал өткөн сабактарды эске түшүрүп айтып келебиз. Эх, окуучулук кез…кандай сонун ээ…

Эми, сөзүмдүн аягында Бектур агай менен Руслан агайыбызды бүгүнкү кесиптик майрамы менен куттуктап, берген билими үчүн башымды ийип, рахматымды айтамын. Майрамыңыздар менен!

Тилек ЫДЫРЫСОВ: «Руслан агайдын билими бийик, күчтүү мугалим болчу»

— Алгач класс жетекчибиз Руслан агайымды бүгүнкү мугалимдердин кесиптик майрамы менен куттуктайм. Бекем ден соолук, узун өмүр каалайм.

Руслан агайдын математика менен геометрия сабагынан бизге берген эмгеги зор. Анткени сабак окутууда өзгөчөлөнгөн методикасы бар болчу, эсте калып калгыдай кылып окутчу. Билими бийик, күчтүү мугалим болчу.

Анын үстүнө ал учурда система башка болчу да. Балдарды алгач ата-энеси жакшы окутуп, анан мектепке алып келчү. Агезде мектепте идеология бар бар болчу. Октябрят болгондон кийин пионер болчубуз. Жакшы окугандар кызыл жагоо байланчу, комсомолдор значок тагынчу. Жаман окуганым ушундан билинип калат деп пионер, комсомол болууга тырышып, жакшы окууга умтулчубуз. Мугалимдер дагы ошого үндөчү. Андагы мугалимдерибиз тууралуу айтчу, жазчу нерселер али алдыда деп ойлойм. Руслан агай  тууралуу айта берсек, мактай турган сөздөр көп. Математиканы билген, сабак берген мугалим жок биздин Руслан агайдай. Агай, өмүрүӊүз узун болсун дайрадай, картайбаӊыз, жаш жүрүӊүз арчадай!

Келечекти калыпка салган кеменгер — мугалим

Ар бир окуучунун келечеги, жашоого болгон көз карашы мугалимдин эмгегинен көз каранды экени белгилүү. Турмушка баланы даярдоодо ата-энеден кийинки эле орунда мугалим турат эмеспи. Мугалимдик кесип — жоопкерчиликтүү, түйшүктүү, гумандуу, уникалдуу, ардактуу кесип. Түркүн түйшүккө түшүп, билимибиздин өнүгүүсүнө түрткү болгон мугалимдердин баарын бүгүнкү кесиптик майрамы менен куттуктайм.

Арал айылындагы мектеп босогосун 1970-жылы аттагам. Биринчи мугалимим Жаске эже  (маркум эжебиз тууралуу дагы жазармын) эле. Мыкты мугалим болчу. Анан Талас шаарында, Кемин шаарчасындагы мектептен билим алдым. Кайра Арал мектебине 8-класста кайтып келдим.  Ал жерде мыкты мугалимдер көп болчу. Эсте калганы кыргыз тили жана адабият сабагынан берген Кыргыз Эл мугалими Исаков Бектур агай менен геометрия жана математика сабагынан берген Мамбеталиев Руслан агай. Ары кызыктуу, ары түшүнүктүү сабак өткөндөрү алигүнчө көз алдымда турат. Ушунчалык муюп укчубуз. Жогоруда классташым Асылкан айткандай, сабактарын чыдамсыздык менен күтчүбүз. Асыл ой, жетишкен ийгиликтерибизге, алган билимибизге сиздердин мээнетиӊиздер чоӊ, салымыӊыздар зор. Сиздердин артыӊыздар менен бир кесипке ээ болуп отурабыз. Эсимде, «Кайсы кесиптин ээси болгуӊ келет?» деген темада сочинение жазганда, мен «врач, ырчы же журналист болом» деп жаза берчүмүн. Мени баккан Баян чоӊ энем: «Ырчы эле бол. Мен сени сагынганда телевизордон көрүп турам»,-дээр эле. Тапкан апам болсо врач болушумду каалачу. Бир жолу чоӊ энем менен күүгүм чалып калганда эшиктин алдында отургам, бир убакта бака секирип кетсе, кыйкырып чуркап кеттим. Ошондо чоӊ апам: «Э Токтоян (Токтобү апамды ушинтип айтчу), «Бул Наске (мени ушинтип эркелетээр эле) врач боло албайт. бакадан коркуп жатпайбы. «Алгач бака сойдурат деп уккам» деп жатпайбы. Чоӊ энемдин медициналык тармактан кабары бар экенине таӊгалгам. Акыры өзүм тандаган кесипке ээ болдум. Кесибим — политолог, орусча айтканда, «политолог — это есть журналист». Бирок, баары мага кеч келди. Кеч окууга өттүм, кеч журналист болдум, кеч турмуш туткасын кармадым. Кечиккен махабатым дагы мага буйруган жок. 7 жылдан кийин, былтыр Кудай алып кетти. Жоктоо дартын жеӊүү кыйын экен. Алтындай апамдын мээрими, бир туугандарымдын, кесиптештеримдин, классташтарымдын жылуу мамилеси, агайларымдын айткан акылы менен депрессиядан чыгып, эми-эми өзүмө келатам. «Тирүүлүктүн өзү — чоӊ майрам» деп көп айтчу эле жолдошум. Майрамыӊыздар менен, ардактуу мугалимдер!

Сиздерге Эрнисимдин «Кубаныч илимин» тартуулайм! Ар дайым кубанычтын кучагында жүрүӊүздөр!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.