Аида НАДЫРБЕКОВА: «Бабыр байкеге кеңеш сурап барсаң, «убактым аз» дебей жардам кылууга даяр болчу»

Аида НАДЫРБЕКОВА: «Бабыр байкеге кеңеш сурап барсаң, «убактым аз» дебей жардам кылууга даяр болчу»
Эсен болуп, эстей жүр!
Кечээ, 30-сентябрда, Монополияга каршы жана атаандаштыкты тескөө агенттигинин мурдагы жетекчиси, коомдук ишмер, «Назар», «Алиби», «Ачык саясат» гезиттерин чыгарып, бир топ журналисттерге устат-насаатчы болгон белгилүү журналист, юрист, публицист, акын Бабырбек Жээнбеков «Империалда» «Устат баскан улуу жол» аталыштагы эскерүү кечесиде эскерилди.
Кечээ, бүгүнкү жарык көргөн гезиттерге Бабырбек Субанович тууралуу эскерүүлөр жарыяланды. Андагы эскерүүлөрдү четинен берип баштайбыз. Буга чейин «Азия Ньюс» гезитине чыккан укук коргоочу Турсунбек Акун, Жогорку Кенештин мурдагы депутаттары Турат Мадылбеков, Ташболот Балтабаевдин эскерүүлөрүн бердик. Эми «Майдан» гезитине чыккандарын беребиз. Ага журналист Аида Надырбекова мындай деп эскерген.

Аида НАДЫРБЕКОВА: «Бабыр байке биз менен сыймыктанчу»

— Бабырбек байке бизге бир тууган агабыздай эле болчу. Биз «Алиби» гезитинин 1-номерин жарыкка чыгаргандарбыз. Биринчи номурун даярдап жатканда, «жакшы гезит болсун, элге жугумдуу болсун» деп Бабырбек байке дагы абдан изденип, толгонду. Кийин чынында эле элдин оозуна алынган гезиттердин катарын толуктабадыбы. Бул үчүн мен ар дайым сыймыктанам. Бабырбек байке бизди «менин кыздарым» дечү, мактанып, сыймыктанып айтчу. Башкы редактор Элнура Кулуева, мен, Чынайым Кутманалиева, Элмира Мадиева, Урмат Иманалиев болуп болушунча иштеп бердик. Гезиттин тиражы кыска убакытта 7000ден ашканы биз үчүн тоодой эле эмгек болгон.

Бабыр байкенин жубайы Таалай эже дагы кубаттап, колдоп турду. Эжени жакшы көрөбүз, себеби, бизге өз эжебиздей эле камкордук кылды.

Өкүнүчтүүсү, Бабырбек байкенин күтүүсүз каза болуп калгандыгы болду. Асылган оору акыры алып тынбадыбы. Ооруп жатып калганда барып, абалын сурай алган жокмун. Жүрөгүм даабады. Жакшы адамдарды жакшынакай элеси менен эстеп калгым келет. Бабырбек байке дагы жакшы адамдардын бири болчу…

Бабырбек байкеге аргасыздык болуп калган учурларда кеңеш сурасаң, жок дебей, убактым аз дебей жардам кылууга даяр болчу. Телефонун албай койгон адамдардан эмес эле. Бабырбек байке ушундай турпаты менен менин көз алдымда калды.

Чынайым КУТМАНАЛИЕВА,

«Майдан» гезити

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.