Ысык-Көлдөн чыккан 7 Аке — Карга аке, Мойт аке, Сарт аке, Тилекмат аке, Садыр аке, Карач аке, Кыдыр аке мурастарын канча бир жылдар издеп чогултуп, ал үчүн канча бир архивдерди казып, тапканын кагазга ирээттеп түшүрүп, эл арасына жайылтып келечек муун үчүн опол тоодой эмгек кылып кеткен белгилүү тарыхчы, санжырачы, комузчу, акын Кашымбек Асанбеков эртең, 24-октябрда, Дархан айылында эскерилет.
“Артыңда эстей жүргөн кишиң болсун, эскерип жүрөр ишиң болсун” дегендей, Кашымбек атанын ар чөйрөдө эл кызматында жүргөн уулдары-кыздары атасынын ашы менен кошо чакан чөйрөдө эмгегин эскеришет: «Ысык-Көлдүн даанышман Акелери/Мудрецы Иссык-Куля» аттуу китебинин бет ачаарын өткөрүшөт. Ушундай улук максатты карманган иш-чаранын алдында Кашымбек атанын уулдарынын бири — Нурдин Түгөлов атындагы «Ак марал» мамлекеттик бий ансамблинде скрипач уулу Уланбек Асанбеков менен маек курдук. Маегибиз атанын соӊку өмүр сапарынан, калтырып кеткен эмгегинен башталды.
— Атабыз 2017-жылдан кийин ооруп калды. Бирок колунан калем менен китеп түшкөн жок. Эс тутуму мыкты болчу. Жазмыш экен, былтыр, 79 жашында атабыздан ажырап калдык. Көзү тирүү болгондо, быйыл 80 жашка чыкмак. Атабыздын ашын бир туугандар эртең өткөргөнү турабыз. Анын алдында бир сааттай эскерүү менен кошо атабыздын «Ысык-Көлдүн даанышман Акелери/Мудрецы Иссык-Куля» аттуу кыргыз, орус тилинде чыккан китебинин бет ачары болот. Атабыз жан-дилин, өмүрүнүн көбүн сарптап жазган тарыхый китептерин кийинки муунга жеткирели, элге жайылталы деп ушундай иш-чараларды жасап жатабыз. Бул китеби, буйруса, учурда англис тилине которулуп жатат.
— Бир учурларда Ысык-Көлдөн чыккан даанышман АТАЛАР – Акелер ар кандай санак менен айтылып жүргөнүн билем. 5 Аке, 6 Аке деп айтылып калчу эле. 7 Аке деп кийин толукталды окшойт…
— Атамдын арты менен 7 Акенин бири — биздин айылда жашап өткөн улуу даанышман Карга акенин аты тарыхый китепке кирип калды. Чынын айтайын, атамдын мээнети күч. Карга акени алты акеге кошуу үчүн Москва, Санкт-Петербург, Италия, Венецияга чейин барды. 10 жыл изилдеди. «Ысык-Көлдүн жети акеси» деген аталышта кандидаттык диссертациясын да жазып бүткөн. Илимий эмгеги 4 жолу китеп болуп басылып чыкты. Жогорку билимдүү болчу. Ага болбой дагы билимин тереңдетти. (Күлүп), 60ка таяп калганда Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин тарых факультетине тапшырды.
(Күлүп) Өзү эле окуп тим болбой, «тиричилик менен калып кетпесин, жанымда илимдүү, билимдүү жубайым болсун, жогорку билимдүү кылам» деп апабызды да окутту. Апабыз да эки университетти аяктаган. Мыкты жар, мээримдүү эне болду. Апабыздын да эрки күчтүү. Негизи ата-энебиздей адамдар сейрек кездешет… Экөө теӊ байлыкка умтулушкан жок. Бар байлыгы китеп, балдары болчу. Атам окуп бүткөн китебин: «Бул китепти оку» деп апабызга бере берчү…
— Силерге да жакшы тарбия бергени баарлашуубуздан эле байкалып жатат…
— Асыл ата-энебизден он баласы — баарыбыз жакшы тарбия алдык. Мен он баланын алтынчысымын. Бир бир тууганыбыз каза болуп калган, азыр тогузбуз. Атам, апам баскан-турганы, кылган иштери, бири-бирин сыйлап, урматтаганы менен бизге үлгү болушту. Атам дегеле бизди урушуп, каккан жок. Биздин Дархан айылыбыз тоонун маңдайында жайгашкан. Атабыз кышында ар бирибизге лыжа алып берип, эринбей ээрчитип тоого алып барчу. Өзү спортсмен болчу: лыжа тепчү, сууда жакшы сүзчү. Атабыз негизи ар тараптуу таланттуу адам эле. Ыр жазчу, комузду жакшы чертчү. Атабыздын сөзгө жакын, сөз баккан адам болгону чоң энебиздин жукканбы деп калам. Билишимче, чоң апабыз кошокту мыкты кошкон жамакчы болуптур.
Атабыз бизге да: «Китеп окугула, эмгектенгиле!» деп көп айтчу. «Пайдасыз нерсеге убактыңарды кетирбегиле!» дээр эле. Эсимде, телевизор көрүп отуруп калсак, дайыма «Сабак окугула!» деп өчүрүп койчу. Кичинебизден баарыбызга машина айдаганды үйрөттү. Ырас үйрөтүп коюптур, айдоочу болуп, машина оңдоп оокат кылган күндөр болду да… Атабызды комузду черткенде, чертип эле койбой, ар бир күүнүн тарыхын сонун кылып айтып берээр эле. Кызыгуу менен угуп, атамдан комуз черткенди үйрөнгөнбүз. Музыкалык шык-жөндөм атабыздан өткөн десем болот. Өзүнчө бир үй-бүлөлүк элдик ансамбль болчубуз да, бир кезде… Ошондонбу, Бишкектен музыкалык билим алса деп тилечү. Бир жолу гезиттин бир тытындысынан Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке балдар кабыл алынып жатканын окуп калып, анда мен 7 жашта элем, шаарга алып келип өткөрүп кетишкен…
— Ал жерден бир топ таланттуулар билим алганын билебиз. Ал жердеги классташыӊындын кимиси атактуу болду?
— Актан Исабаев, аттиӊ жаш кетип калган белгилүү алып баруучу Салтанат Саматова, «Ак илбирстин тукуму» тасмасында Кожожаштын баласын аткарган Айбек Кыдыралиев менен чогуу бир класста окудум. Баса, солисткабыз Гүлзинат Суранчиева болгон «Шантел» тобун ушул мектептеги классташтар түзгөнбүз. Анан ал жерди ийгиликтүү бүтүрдүм, жогорку билим алайын деп, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваторияга тапшырып, аяктадым. Биз — Кыргыз эл артисти Муратбек Бегалиевдин алгачкы бүтүрүүчүлөрүбүз. Кесибим менен көп жерде иштедим: Т.Сатылганов атындагы Улуттук Филармонияда, А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында, КТРКда ж.б. 2010-жылы, турмуш-шартка байланыштуу, үй-бүлөм менен Россияга кеткенге туура келди. Туугандардын чакыруусу менен барып иштеп, эки уулубуз ошол жакта төрөлдү. Кыргызстанга 2018-жылы келдик. Кайрадан музыкалык чөйрөгө аралашып, учурда Улуттук филармониядагы «Ак марал» тобунда эмгектенип жатам. Ал ишимден тышкары тойлордо тамадалык кылам. Белгилүү тамада Эшенкул Барпиев агабыздын тамадалык борборунан сабак алдык. Негизи ресторан, кафелерге барып өнөр-талант менен кошумча акча таап оокат кылууну алгач Кыргыз эл артисти Курмангазы Азыкбаев агабыздан үйрөнгөнбүз. Биз жаш кезде «Эне-Сай» тобунун жетекчиси эле. Агезде «Аксакалдар» чайханасы бар эле, ошол жерге алып барып, жандуу музыка коюп өнөрүбүздү көрсөтчүбүз.
— Өнөр шыбагаӊ кыйынчылыкта калтырбаптыр да…
— Ооба да (күлүп). Кээде акчадан кыйналып калган учурда атамдын китептеринин пайдасы да тийүүдө. Дегеним, атабыздын китептерин сатып керекке жаратып калуудабыз. Атабыз бир нерсени алдын ала сезип-туйган кыраакы киши болгон экен деп калам. Бир курдай куда-кудагыйдын тоюна кымбат камчы заказ кылды. «Ата, андай камчы берип эмне кыласыз? Алар жакшы турушат, кереги барбы?» деп кыйыктансак, «Ээ, балдарым, белек баа-баркын кийин билесиңер» деп койгон эле. Илгертен кыргыз эли камчыны тилеги жакшы, кымбат белек көрүп, кадырлуу адамына берген да, атам ошону карманды окшойт, тойго барганда ошол камчыны берип жатып: «Кыл куйрук» деген эле. Кийин атам каза болгондо ошол кудабыз карасын көтөрбөдүбү… Негизи атам даража, адамгерчилиги, кадыр-баркы бийик адам эле, чамгарактап көтөрүлгөн мүнөз күткөн жок, өтө жөнөкөй болчу, ошол бойдон калды, ошол бойдон дүйнөдөн узады… Мен ушундай сонун атанын уулу болгонума сыймыктанам…
Маектешкен Назира СААЛИЕВА