Садыр ЖАПАРОВ: «Камчыбек Ташиевдин мамлекеттик резиденцияда жашашына мен уруксат бергем. Анткени…»

Садыр ЖАПАРОВ: «Камчыбек Ташиевдин мамлекеттик резиденцияда жашашына мен уруксат бергем. Анткени…»

Бүгүн, 23-октябрда, өлкө башчысы Садыр Жапаров мурдагы ажолордон калган салтты карманып басма сөз жыйын өткөрдү, бир жылдык отчетун берди. Эмне кеп болду, кандай суроолор берилди, кандай жооптор алынды — аны бир катар маалымат булактары он-лайн берди. Биз болсо,  «Азаттыктын» түз эфиринен уктук. Президент бир аз сыркоолоп калганын айтып кечирим сурап, кесиптештерибизден бүгүнкү жыйынды так, туура жеткирүүнү суранды. Ал сураныч негизги биздин вазийпаларыбыздын бири да деп, ажонун жоопторун дүӊүнөн эмес, четинен айтылган абалында жеткирели деп турубуз…

Адаттагыдай жыйын башы президенттин отчет-доклады менен башталды, андан кийин журналисттер, мурда-кийин тамашалап калгандай, камдап берген эмес, камдай келген тийиштүү суроолорун беришкенсиди. Баткендеги чек ара маселеси, Октябрь окуясы, Матраимов маселеси, Ооганстандагы этникалык кыргыздар, айтор, соӊку өзөктүү да, катардагы да окуялардын алкагында суроолор жаады, жооптор алынды…

Бийлик алмашууга алып келген Октябрь окуясына чейин да, кийин да досун колдоосуз, коргоосуз калтырбаган кан досу, учурда УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев менен болгон учурдагы мамилесинен кабар алып коелу деген ниетте берилген суроого президент мындай жооп берди:

Экөөбүздүн мамилебиз жакшынакай, эч кандай бузулбайт. 16 жылдан бери жакын таанышпыз, 2005-жылдан бери саясатта бирге келе жатабыз. Саясаттын ысык-суугуна тоңуп келатабыз. Баспаган чокту дагы бастык, сууну дагы кечтик. Ошондуктан мамилебиз мындан ары дагы бузулбайт. Албетте, экөөбүздүн мамилебизди бузууга аракет кылгандар, кызыкдар саясатчылар да болду. «УКМКда отура берсең жок болуп кетесиң. Андан көрө парламенттик шайлоого барып, Жогорку Кеңештин спикери бол!» деп Ташиевди бузгандар дагы болду. Бирок биздики бузулбайт. Мен буга кепилдик берем, биринчи Кудай 100 пайыз берет, мен 99% кепилдик берем.

Садыр ЖАПАРОВ: «Мага Ташиевдин коопсуздугу керек!»

Жогорку кебин улай учурда Камчыбек Ташиев «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында анын уруксаты менен жашап жатканын айтты:

— Кимдер жашайт, кимдер жашабай турганын президенттин иш башкармалыгы менен мен чечем, мен уруксат бергем. Анткени Ташиевдин коопсуздугу керек. Акыркы убактарда кандай иштеп жатканын көрүп жатасыздар, эл-журт баа берип жатат. «Сен мамлекет үчүн кан-жаныңды аябай иште, ал эми коопсуздугуң көчөдө кала берсин» деп мамиле кылсак, анда мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн эртең эч ким иштебей коёт.

Эске сала кетсек, «Адилет» укуктук клиникасы президент Садыр Жапаровго кайрылып, Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында учурда жашап жаткандар, ал жерде өткөрүлүүчү иш-чараларды тейлөө жана камсыздоо үчүн мамлекеттик бюджеттен бөлүнүп жаткан акча боюнча маалымат берүүнү өтүнгөн болчу… Кийин алар 92 барактан турган кат алышкан. Президенттин иш башкармалыгы ал катта резиденцияда жашап жаткандар кимдер экенин айтпай, «кызматтык керектөө үчүн пайдаланыла турган гана маалымат» деп жооп кайтарган. Мамлекеттик бюджеттен бөлүнчү акча боюнча, 5 млн. 196 миң сом президентке берилген кепилдиктер үчүн каралганын жазышкан. Бирок резиденциянын жылдык жалпы чыгымы — 111 млн. 616 миң сом(?)… Демек, президенттик чыгымдардан тышкаркы 108 млн. сомду ким эмнеге керектеп жатат, ушул кызык?!

Кыскасы, президенттин маалымат жыйыны жалпысынан төрт саатка чукулдап барды. Кызык маалыматтар айтылды:

  • Түлеевдин өз каалоосу менен мамлекеттик ипотека программасына берип жаткан 11 батири (!);
  • учурдагы абалдан улам быйыл электр кубатына тарифтер көтөрүлбөй тургандыгы;
  • өлкө өз каражатына сатып алган соот автоунаалар, учкучсуз башкарылуучу аппараттар — «бул согушка даярдык эмес, тынч уктоо аракеттери»;
  • Сооронбай Жээнбеков «чоӊ кылмыштары жок, чоӊ саясий жоопкерчилиги бар, «экс-президент» бойдон калат, макамы алынбайт»;
  • Баткен облусундагы чек арасы маселесинде талаш жараткан жагдайлар, маселен, Адахан Мадумаров 2009-жылы 9-мартта, Коопсуздук кеңешинин төрагасы болуп турган кезде кол коюп берген протокол;
  • Темир Сариев камалып калып мамлекет кызыкчылыгына пайдаланылбай жаткан тажрыйбасы;
  • Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу кийинки кайсы президенттин тушунда бүтүшү мүмкүндүгү;
  • Кыргызстан расмий 165 өлкө менен кызматташаары, башка да мамлекеттер менен дипломатиялык мамиле куруу аракеттери;
  • «Приоритеттүү болот десек, 3 жылда максаттарына жеткен жок. Бир дагы Дата борбор (Маалыматтарды иштеп чыгуу борбору – ред.) ачылбады. Министрликти жоюп, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине өткөрүп беребиз» деп Жогорку Кеӊеш мурунку бир жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жоюлат деп жаткан Санариптик өнүктүрүү министрлиги жоюлбай эле министрлик бойдон калары;
  • бир кыйла сынга кабылган — акимдерге алынчу автоунаалар баары бир алынары;
  • кагазды көп колдонуп экологияга да, чөнтөккө да зыян келтирбей, шылдыӊдап отура берип 10-15 жылга президенттен артта калбай планшетти колдонуу;
  • Садыр Нургожоевич: «Шайлоодо «Мен бийликчил партиямын!» дегенге добуш бербегиле. Элге, журналисттерге кайрылам, ким бийликчил партиямын деп менин атымды сатып барса ага добуш бербей, башка партияларга бергиле(!)» деди

Айтор, жөндүү-жөнсүзү аралаш берилген суроолор, ж.б.у.с. айтылган жооптордун кай бирин кенен кеп кылсак болчудай… баары алдыда, буйруса…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.