ВИДЕО — Садыр ЖАПАРОВ: «Матраимовдон алынган квартираларды врачтарга бердик»

ВИДЕО — Садыр ЖАПАРОВ: «Матраимовдон алынган квартираларды врачтарга бердик»

Бүгүн, 23-октябрда, өлкө башчысы Садыр Жапаров мурдагы ажолордон калган салтты карманып басма сөз жыйын өткөрдү, бир жылдык отчетун берди. Эмне кеп болду, кандай суроолор берилди, кандай жооптор алынды — аны «Азаттыктын» түз эфиринен уктук. Президент бир аз сыркоолоп калганын айтып, кесиптештерибизден бүгүнкү жыйынды так, туура жеткирүүнү суранды. Ал сураныч негизги биздин вазийпаларыбыздын бири да деп, ажонун ар бир жообун айтылган абалында жеткирип отурабыз…

Адаттагыдай алгач президенттин отчету айтылды, андан кийин журналисттер, айрымдар тамашалагандай, камдап берген эмес, камдай келген тийиштүү суроолорун беришти. Баткендеги чек ара маселеси, Октябрь окуясы, Матраимов маселеси, Ооганстандагы этникалык кыргыздар, айтор, соӊку өзөктүү окуялардын алкагында суроолор жаады, жооптор алынды.

Матраимов маселеси боюнча суроо, баарыбыз билгендей, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тууралуу  болду. «Матраимов менеджерби же коррупционерби?» деген суроого президенттин жообу мындай болду:

Матраимов 2 миллиард сом бюджетке төктү. Андан сырткары, мүлктөрүн алдык, соода борбору, квартиралары алынды. Аны биз врачтарга бердик. Күнөөсүн мойнуна алганы үчүн төгүп берди да. Кызматка алып келиш керек, менеджер деген — ал эми өзүн блогер эсептеп жаткан кишилер чыгарып жатса керек. Мамлекеттин андай саясаты жок.

Чуулуу кеби бүтпөгөн Матраимов боюнча эске сала кетсек, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов УКМК тарабынан эки жолу кармалып, кайра кое берилген. Биринчисинде, 2020-жылы 20-октябрда, экинчисинде, 2021-жылдын 18-февралында кайтадан УКМКга суракка чакырылып камалган. Толук маалыматты бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Президенттин калган жооптору боюнча кепти жыл аягына чейин, шайлоого чейин, кийин да улантабыз…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.