УКМК: «Матраимовдун кылмыш иши токтотулду. Аны камакка алуу чечими жокко чыгарылды»

УКМК: «Матраимовдун кылмыш иши токтотулду. Аны камакка алуу чечими жокко чыгарылды»

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата козголгон кылмыш иши токтотулду, аны камакка алуу тууралуу бөгөт чарасы жокко чыгарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 15-апрелде, билдирди.

Алардын маалыматына караганда, Райымбек Матраимовдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн чет өлкөлөрдө мүлкү бар же жогун аныктоо үчүн КМШ жана Европа өлкөлөрүнө, Кытайга, Түркияга жана Дубай эмиратына өтүнүчтөр жөнөтүлуп, ал жактардан келген тастыктоолор боюнча аталган өлкөлөрдө алардын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жок болуп чыккан.

«Райым-миллион» атыккан даӊазасы бар Райымбек Матраимов боюнча айтсак,  ага байланыштуу «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Ал иликтөөлөрдө коррупциялык кыӊыр иштерге Райымбек Матраимовдун кыйла тиешеси болушу ыктымалдыгы айтылган. Бирок бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонду» үч медианы сотко берген эле…

Бажы тармагындагы коррупцияга байланыштуу сотко чейинки териштирүү иштеринин алкагында, 2020-жылы, 20-октябрда кармалган. Бирок ошол эле күнү Матраимовду сот, тергөө менен кызматташууга барды деген жүйө менен эч жакка кетпөө тилкатын алып бошотулган. Матраимовду «дүнгүрөтүп» (фото-видео далилдерин жарыялап) кармаган УКМК да ал тергөө менен кызматташууга, 2016-жылдан бери коррупциялык схема аркылуу тапкан 2 млрд. сомду мамлекетке төлөп берүүгө макул болгонун  билдирген. Матраимов өзү УКМК айыптоосу боюнча комментарий берген эмес, бирок ошол эле күнү УКМКнын депозиттик эсебине 80 млн. сом төккөн.

Ошондой эле ал 2021-жылы 18-февралда кайтадан УКМКга суракка чакырылып камалган. Анын бөгөт чарасы 20-февралда жабык эшик артында каралып, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны эки айга камоо чечимин кабыл алган. Ал Бишкектеги №47 колонияга камалган. Кыйноого каршы улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков ага жолукканда, ал кан басымы көтөрүлүп жатканын билдирген болчу.

Райымбек Матраимов байланыштуу «мышык-чычкан» оюну, кыязы, ушуну менен аяктагансыды, бүттү дегенсип турат… А балким, ким билет…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “УКМК: «Матраимовдун кылмыш иши токтотулду. Аны камакка алуу чечими жокко чыгарылды»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.