Республикалык ШТАБ: «7 миңге чукул адам эмделди»

Республикалык ШТАБ: «7 миңге чукул адам эмделди»

Кыргызстанда вирустан эки адам каза болду. Бир күн ичинде эле вирус 66 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында болгон. Бул тууралуу коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб бүгүн, 24-октябрда билдирди.

Алардын айтымында, бир күндө 36 адам айыгып, ооруканадан чыкты. Азыр ооруканаларда 712 киши жатат, 655и үйдөн дарыланууда. Коронавирус жуккандардын расмий катталган саны республика боюнча 180 629 адамга жеткен. Пандемия башталгандан бери жалпысынан коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2655 адамга жеткен. Дарыгерлердин айтымында, каза болгондордун баары коронавируска каршы вакцина албагандарын баса белгилешүүдө. Штабдын маалыматына караганда, өткөн суткада 7 миңге чукул адам эмделген. Кыргызстанда инфекцияга каршы эмделгендердин жалпы саны 1,6 миллиондон ашты.

Эске сала кетсек, коронавирус Кыргызстанда 2020-жылы жазында башталган. COVID-19 вирусуна чалдыккандар алгач 18-мартта аныкталган. Көп узабай карантин да киргизилип, кийин жай ичи абал катуу кыйындап, көп жарандарыбыздан ошондо айрылганбыз. Ошондон бери биздин да тийиштүү адистер “биринчи толкун, экинчи толкун, кийинки толкун” деп улам бир мезгилди айтып, ал убакыт өткөндөн кийин жылдырып башка бир учурду айтып келатышканы маалым…

Коронавируска каршы эмдөө боюнча иштер жүрүп келет. Бирок ортодо коронавируска каршы вакцинанын 994 дозасынын жарабай калышы боюнча калпыстык кеткен жагымсыз маалымат чыгып, ал ишти саламаттык сактоо министрлиги өзү иликтеп, айрым кызматкерлерге чара көрүп, айрымдарына сөгүш берген.

Баса белгилей кетчү нерсе, баягы абал кыйындаганда сырттан да, ичтен да гуманитардык жардамдар, келген каражаттар туура эмес бөлүштүрүлгөнү кийин аныкталып, андагы премьер-министр, учурда камактагы М.Абылгазиев жана К.Боронов, вице-премьер-министрлер А.Өмүрбекова, А.Исмаилова күбө катары Финполго суракка чакырылышкан. Финпол Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан «Газель Соболь» үлгүсүндөгү 10, «Форд Транзит» үлгүсүндөгү үч «Тез жардам» автоунаасы (1 млн. долларга) кымбатка сатылып алынып мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген деп билдирген эле. Дал ушул маселе боюнча мурдагы Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев камакка алынган болчу…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.