Султан РАЕВ: «Форумга катышкан эже-карындаштардын улуттук кийими катышуучулар арасында «фуррор» жасады»

Султан РАЕВ: «Форумга катышкан эже-карындаштардын улуттук кийими катышуучулар арасында «фуррор» жасады»

Түркия мамлекети жана Түрк кеӊеши уюштурган Түрк дүйнөсүнүн Медиа форуму аяктаганын Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысынын орун басары, Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раев «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Султан Акимовичтин маалыматына караганда, форумга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан, Түркмөнстан, Венгриядан 300дөн ашуун ММК өкүлдөрү катышкан. Азыркы доордогу медианын орду, багыты, маалымат доорундагы чакырыктар, маалыматтык интеграция, социалдык түйүндөрдөгү дезинформация… айтор, медианын көйгөйлүү маселелери, массалык маалыматтын башкы тренди, информациялык технология, инновация жөнүндө эң белгилүү ишмерлер, медиа адистер, эксперттер чыгып ойлорун ортого салды. Медиа форумга кайрылуу жолдоп Түркия Президенти Режап Тайип Эрдоган сүйлөп, сөзү кызуу кабыл алынды.

Медиа форумда түрк дүйнөсүнүн биримдигине, экономикалык карым-катышына, маданий-гуманитардык алакасына маалымат сегменти канчалык маанилүү экендиги айтылды. Бул медиа форум аянтчасын такай өткөрүп туруу демилгеси да көтөрүлдү. Келерки форумдарда да актуалдуу маселелер, айрыкча социалмедиа жана социум маселелерине олуттуу кайрылуу керектиги, болочокто Түрк дүйнөсүнүн бирдиктүү телеканалын түзүү маселеси да күн тартибине коюлду.

Форумга Кыргызстандын медиа өкүлдөрү да активдүү катышты.

Султан Раевдин медиа форумдан кийинки ойлору…

Башка бир аспектте токтолуп кетсек. Медиа Форумдун алдында биздин ММК делегация өкүлдөрүнө эки маселе тууралуу өтүнүч кылдык. «Сөзүңөр кыргыз тилинде болсун, ал эми мүмкүн болсо улуттук кийимдер менен катышсаңыздар» деп өтүндүм. Чындыгын айтканда, биздин чыгып сүйлөгөн медиа өкүлдөрүбуз (Султан Турсуналиев, философия илимдеринин доктору, Назира Аалы кызы, «Маданият. Тил. Тарых» телеканалынын жетекчиси, Айбек Турдалиев, Кыргызрадио берүүлөрүнүн уюмунун төрагасы, Ильяс Балташев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин министринин орун басары) өтө орундуу, орчундуу, омоктуу баян жасады. Аны эл аралык эксперттер да жогору баалады. Форумга катышкан эже-карындаштарыбыздын улуттук кийими катышуучулар арасында «фуррор» жасады. Алар кийим аркылуу улутун, элин, салтын сыйлагандын бийик үлгүсүн көрсөттү. Демек, бу дагы мекенчилдиктин, эч кандай пафосу жок мекенчилдиктин бир белгиси. Ал эми улуттук тил — мамлекеттүүлүктүн, көз карандысыздыктын символу…
( Котормону англис , түрк, мадияр тилдеринде камсыз кылдык.)
Султан РАЕВ

Байдылда САРНОГОЕВ: «Кыргыз деп келгем дүйнөгө Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн»

Султан Акимовичке форумда болуп өткөн боюнча маанилүү маалыматы үчүн жана «Сөзүңөр кыргыз тилинде болсун, мүмкүн болсо улуттук кийимдер менен катышсаңыздар» деп улуттук кийимибизге, эне тилибизге басым жасаганы үчүн ыраазычылык билдиребиз. Улуттук кийимибиз, эне тилибиз менен КЫРГЫЗ экенибизди унушпашыбыз керек! Учурда ушул эки нерсеге суусап турганыбыз ачуу чындык.
23-октябрда, президент Садыр Жапаров басма сөз жыйынын өткөрүп, бир жылдык отчетун бергенде да, орус тилинде берилген суроолорго эне тилибизде жооп бергени өзгөчө жакты. Балким, бул кимдир бирөөгө жакпашы мүмкүн. Андайларга:
«Улутчул дешет билбеген,
Улутун кимдер сүйбөгөн…
Кызыл эт кезден торолтуп
Кыялым көккө күүлөгөн,
Кыргыз деп келгем дүйнөгө
Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн» — деп Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоев атабыз жазып кеткендей жооп болот.

Кысымда калган кыргыз тили

Бирок… дале бироктор бүтө элек. Мамлекеттик тил мыйзамынын иштеп жатканына 32 жыл болду. Эне тилибизге мамлекеттик тил макамы 1989-жылдын 23-сентябрында ыйгарылган. Бул макамды коңшулардан озунуп кабыл алдык, бирок, иш жүзүндө баарынан артта калдык. Жогоркудай анда-санда жүрөк жылыткан гана иш-чаралар болбосо, эне тилибиз ташыркап дале жолдо. Орус тилине басым жасалган адат калалек. Мамлекеттик иш кагаздары, жыйналыш, маалымат-жыйындарында пресс-релиздер орус тилинде. Айрым мамлекеттик үлкөн сайттарда кыргыз тилинде маалыматтар жетиштъъ эмес. Канча мамлекет башчылуу болдук, бакандай министрлик, майда мекемелер болуп даталуу күндө эле эне тилибизге күйүмүш болуп катуу сүйлөп келдик…

Балким, эми оӊолорбуз, ажобуз тилге катуу көӊүл бурулат дегенсиди…

Байдылда атабыз айткандай, «Кыргыз деп келгем дүйнөгө, Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн»! болобузбу, убакыт көрсөтөр…

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.