Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Касым-Жомарт Токаевдин калпы бир эмес, бир нече жолу чыкты»

Жыргалбек КАСАБОЛОТ: «Касым-Жомарт Токаевдин калпы бир эмес, бир нече жолу чыкты»
Белгилүү журналист, акын, котормочу, конфликтолог Жыргалбек Касаболот Казакстандагы болуп жаткан окуя боюнча кезектеги макаласын «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырды.  

Казакстандагы жылма оккупация: кызыкчылыктар түйүнү

Ошентип, Касым-Жомарт Токаевдин калпы бир эмес, бир нече жолу чыкты. Алматыда «Биз террорчу эмеспиз!» деген плакатты кармап тургандардын асты атып өлтүрүлүп, арты кууп таратылды. Калканчан, тишине чейин куралданган аскерлерди карапайым казактар кар менен уруп аткан видео «20 миң террорчу» тууралуу версиянын канчалык күлкүлүү экенин далилдеди. Кыргызстандык жетиштүү эле турмушта жашаган ырчы бети-башы көгала болуп, «200 доллар үчүн митингге катышканы келгем» деп атканы «динозаврларды мен кырып салгам» дегендей эле угулуп атат. «Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кетирдим» деген Назарбаевдин басма сөз катчысы «өзү эле Токаевге тапшырып берген» деп тескери сүйлөдү. Же бир террордук уюм чыгып, нукура казакча сүйлөп, «биздин талабыбыз бул, антпесе мынча кишини өлтүрөбүз» деп жоопкерчилик алган жок. «Алматынын жанында атышуу болуп атат» деп коюп эле ал жакта ким менен ким атышып атканы билинбейт. Ким кимди эмне үчүн атып атканы айтылбаса, күч түзүмдөрү бирин бири куру дүрмөт менен калп эле ата берген «операциялар» дүйнө жүзүндө толуп атпайбы. Элди тышка чыгарбай кармап туруунун, элдик толкундоону жаманатты кылуунун эң жакшы жолу ушул эмеспи?
Казак бийлиги террорчулар тууралуу шылтоону бекемдегендин амалын эптеп тапты. Анын бир учу көрүнө да баштады. Мухтар Аблязов да, «чыккынчылык кылды» деп кармалган КНБнын башчысы Карим Масимов да, биздин ырчы да казак эмес, башка улуттан. Аларды бири-бирине жармаштырып, «Чыгыш Түркстан Республикасын» ж. б. у. с. түзүүгө аракет кылган жикчилдер деп сүрөттөө аракети болот. Буга чейин улуту, жашаган жери көрсөтүлбөгөн кыргыз паспорту оңду-солду сатылып жатканы тууралуу Москвадагы мекендештердин айтканын эске алсак, көп нерсени Кыргызстанга шылтоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ага диний факторду кошушат.
Бул версия Шинжаңдагы саясатын актагысы келген Кытайга да, өзүн Казакстандын бүтүндүгүн сактап калган тарап катары көрсөткүсү келген Орусияга да, өз элине каршы башка мамлекеттердин аскерлерин чакырган казак бийлигине да майдай жагат.
«Кечке эле көтөрүлүшкө чыга берип Кыргызстандан тажрыйба алып келиптир» деген шылтоо табыш үчүн биздин мигранттарды уруп-согуп ойдо жок күнөөнү мойнуна алдыруу аракеттери болушу да ыктымал. Аларга кыргыз армиясынын киргенине ачуусу келген оргу-баргы казак жаштарынын колу да тийиши мүмкүн. Андай болбойт деген кепилдикти Камчыбек Ташиев да, Садыр Жапаров да бере алган жок. Кепилдик бермек тургай Жогорку Кеңеште юстиция министри баш болуп Казакстандагы окуяларга так юридикалык баа да бере албай коюшту.
Бийлигин сактап калгысы келген президенттердин болсо көктөн издегени жерден табылгандай эле болду. Анткени көп учурларда кайсы гана мамлекет болбосун андагы күч түзүмдөрү өз элине ок атуудан баш тарткан учурлар кездешет. Ал эми башка жактын аскерлерин каалагандай пайдаланса болот. Мисалы кыргыз аскери эч нерсе деле чечпейт, бирок «бул жалпы чечим болду» дегенге шылтоо болот, фон катары кызмат кылат. Беларуста мисалы казак, тажик аскерлерин, Орусияда эл көтөрүлсө кыргыз, беларус аскерлерин, Кыргызстандагы митингдерге каршы орус, беларус аскерлерин каалагандай элге каршы жумшоого жол ачылат. Прецедент түзүлдү. Эми мындан ары аны сөзсүз колдонуу аракети болорунан шектенбей эле койсок болот. Ал убакыттын гана иши.
«Союздаш аскерлер» деген аты эле болгону менен, чынында негизги чечүүчү күч — орус аскерлери. Жалпы контингентти Орусиянын Крымдагы баскынчылык согушун жетектеген киши башкарып жатканын эч ким жашырган деле жок. Кыргыз, тажик ж.б. контингент эч нерсе чечпейт. Орус армиясы эмне айтса, ошондой болот. Анткени атасын тааныбаган күч башкасын каакы ордуна көрбөйт.
Орусиянын жогоруда айтылгандан тышкары дагы эки кызыкчылыгы бар. Жакында Украина менен тирешүү күч алса, Орусия «биз эле эмес, союздаштарыбыз да бар» деп шылтоо кылганга саясий негиз түзүлөт. Андан да маанилүүсү — мындай оюндардын артынан мамлекеттердин бийлик башчыларынын кызыкчылыгын бириктирип, ошол эле учурда карапайым элдеринин ортосуна жик салууга жол ачылат. Кремль ортомчу ролду аткарымыш болуп Абхазияда, Днестр боюнда ошол жактагы мамлекеттерге каршы жикчилдик саясатка жем таштап келген. Бул план боюнча Орусиянын Борбор Азиядагы жападан-жалгыз арбитр катары ролу күчөйт, бирок кыргыздын да, казактын да, тажиктин да кызыкчылыгына иштебейт. Кремлдин гана кызыкчылыгына иштейт. Жана Кремль кимди колдосо, ошонун пайдасына иштейт.
Ырас, Камчыбек Ташиев «тынчтык орнотуу операциясына» кыргыз жоокерлеринин жиберилишин экономикалык кысым коркунучу менен байланыштырды. Депутаттардын суроосуна берген жообун ошондой түшүнсөк болот. Казак бийлиги кыргыз экономикасын каалагандай кысып, маанайына жараша өз билгенин кылып келгени чын. Бирок анда ЕАЭБдин эрежеси баарына бирдей иштебей эле, казак, орус ж. б. бийлик ээлеринин кабак-кашы чечет дегенди расмий түрдө моюнга алыш керек. Казак бийлиги ЕАЭБдин эрежесин уруп ойнобой эле өз билгенин кылып жатканын ачык айтыш керек. Анда башынан эле ЕАЭБге кирүү өтө жаңылыш кадамдардын бири болгонун расмий билдирүү зарыл.
Антсе да кыргыз бийлигинин бул операциядагы негизги кызыкчылыгы башкада. Кыргызстанда деле туруктуулук түбөлүк эмес. Кымбатчылык күч алып, карапайым калк арасында нааразылыктын масштабы чоңоюп келатат. Ошондо буларга пайдасы тийиши мүмкүн. Түздөн-түз чакырбаса дагы Кыргызстандагы жоопкерчиликтүү оппозиция оккупациядан көрө булардын кылыгына чыдап отура бергенди туура көргөн абалда калсын деген эсеп болот. Кыскасы, ЖККУнун аркасы менен болсо да бийлигин сактап калуунун амалы.
Эгерде мамлекеттеги бийликтин негизги булагы — эл деген формулага таяна турган болсок, анда ЖККУнун мындай ролу ага кирген өлкөлөрдүн эгемендигин каалагандай чектөөгө шарт түзөт. Эмитен эле орус саясатчылары орус аскерлеринин Казакстанга киргизилишин милдет кылып, орус тилинин ролун күчөтүүнү, Орусия айткандай чечимдерди кабыл алууну талап кыла башташты. Казакстандын эгемендиги азайса Кыргызстандыкы эмне болорун элестетиш да кыйын.
Бизге бир да жолу пайдасы тийбеген ЖККУнун айтканын кылып, тизесин жылытып берген биздин 69 аскариданын кесепети али алдыда. Эң негизги зыяны — эгемендикти чектөөгө жол ачылганы. Бул өтө чоң сыноо.
Ырас, арааны ашкере ачылган империялар деле акыры дал ортосунан айрылып кеткен учурлар тарыхта көп эле болгон. Орусия азыр ошондой абалда. Ал го эмне болсо ошо болсун. Анын тагдырына да, башка державалардын да тагдырына кыргыздыкынан ашып күйүп-бышуу — биз үчүн Токаев ооруган «москвачылыктын» эле бир түрү. Тек, биздин саясий жетекчилер өзү кайсы мамлекеттин жараны экенин түшүнбөгөн кул мүнөздүктөн арылмайынча өлкөбүздүн кызыкчылыгына карата болгон коркунучтар кала берери анык.
Жыргалбек КАСАБОЛОТ
9-январь, 2022-жыл

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.