Бүгүн, 20-январда Самат Исабеков кайрадан Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Самат Исабеков былтыр, 7-июнда Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалып, 26-октябрда кызматтан алынган.
Эске сала кетсек, Бажынын мурдагы төрагасы Адилет Кубанычбеков 17-январда коррупцияга шек саналып кармалганын УКМК билдирген. Толук маалыматты бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы