ФОТО: О.Нарматованын «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды
Орозайым НАРМАТОВА: «Мандатымды мыйзамсыз тартып алышты!»
Экс-депутат Орозайым Нарматова кечээ мандатынан ажырагандан кийин, «Фейсбуктагы» баракчасына алгач: «Абдан күлкүлүү. Биротоло паспортумду деле «мыйзамсыз алган» деп жокко чыгарып коюшпаптыр…» деп жазган. Бир сааттан кийин: «Ата-энеме тил тийгизбегиле! Алардын пайдасын азыркы бийлик көрүп жатат! Социалдык тармактан менин ата-энемди ар кандай фейк аккаунттар менен каралап жатасыздар, Кудайдан корккула!»,- деп жазып, бир кезде «Мекенчил» партиясынын штабында иштегенде түшкөн сүрөттөрүн жайгаштырды.
Бүгүн (21-январда) болсо «Азаттык» радиосуна мандатын мыйзамсыз тартып алгандарын, ошентсе да, БШКнын чечимин сотко бербестигин, сот адилеттигине ишенбестигин баса белгилеп, мындан ары да куугунтукка, мыйзамсыздыкка каршы активдүү күрөшө берерин билдириптир.
Эске сала кетсек, Орозайым Нарматованын мандатын БШК кечээ, 20-январдагы отурумунда жокко чыгарган. Алардын айтымында, экс-депутат жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алган, мандатын алууга дал ушул маалымат негиз болгон. Мындай маалыматты аларга УКМК менен Билим берүү жана илим министрлиги берген.
Буга чейин, 14-январда экс-депутат УКМКга суракка күбө катары чакырылган. Аталган комитет Орозайым Нарматованын ЖАМУдагы (Жалал-Абад мамлекеттик университети) өздүк делосунда орто кесиптик билимин тастыктаган документтери жок болуп чыкканын, сессия тапшыруу учурунда ал Кыргызстанда эмес, Орусияда жүргөнү аныкталганын билдирген.
Өмүр баяны
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы