Ишенбек СУЛТАНАЛИЕВ: «Эрнистин ар бир сөзү ичине бүтүндөй ааламды батырып, кыйкырып тургансыйт…»

Ишенбек СУЛТАНАЛИЕВ: «Эрнистин ар бир сөзү ичине бүтүндөй ааламды батырып, кыйкырып тургансыйт…»

Эсен болуп, эсей жүр!

«Мен үчүн өтө оор күн. Жымжырттык күнү. Сөз жок күн» деп Эрнис жанындай жакшы көргөн агасын жоктоп жазып да, айтып да калчу эле… Эми ал сөзүн мен айтып калдым.
2020-жыл. 29-январь. Жолдошум Эрнис АСЕК уулунан ажырап калган күн. Эки жыл мени менен кошо эскерген жакшы адамдар көп болду. Өзү да, сөзү да, эмгеги да, бир тууган агасы Мелис Эшимканов да эскерилди жана эскерилүүдө… Мелис агабыздан ажыраганыбызга 11 жыл болсо, Эрниске эки жыл болуптур… Агабыз 60ка, Эрнис 52 жашка чыкмак…

Эрнистин аты аталган жерде Мелис байкенин ысымы аталып, Мелис байкенин аты аталган жерде “Асаба” айтылып келет. Эки гений ага-инини эскерип, жараланган жүрөккө жылуу сөз тартуулаган жакшы адамдарга ыраазычылык билдирем!
Эрнис АСЕК улуунун жазгандарын окуганды сагындыңарбы? Бүгүн кечке эскеребиз. Архивде сакталгандардан, сыр сандыктагы кол жазмаларынан жана эскерүүлөрдү беребиз...

Эрнисти мектепте, кийин жогорку окуу жайда окуткан мугалими Ишенбек Султаналиев агай Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин кыргыз филология факультетинде 1989-жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келатат. Мидин Алыбаевдин поэзиясы боюнча илимий ишин жактаган филология илимдеринин кандидаты, профессор. Агайды таанып билген күндөн өзгөчө сыйлайм, урматтайм. Эрнистин эскерүү кечесине, маалымат каражаттарындагы эскерүүлөргө дайыма катышып келет. Алгач Эрнис Асек уулу негиздеп кеткен «Алакан» сайтыбызга маек берип, кийин «Маданият. Тил. Тарых» (КТРК) телеканалына, «Санжыра» радиосуна окуучусун эскерип берген. Бу жолу ыр жыйнагы «Каалгасын» ачып, айрым ырлары менен ар бир сөзүн талдаптыр…

Назира СААЛИЕВА

Окуучусунун «Каалгасын» агайы ачканда…

Эрнис жазыптыр да анан ааламды чарк айланып, өмүр менен өлүм, жарыкчылык менен караӊгылык, күн менен түн, күтүү менен үмүт, ый менен күлкүнү ырдап өтүптүр, ыйлап өтүптүр…

Бөтөн бирөөнүн үйүнө каалгасын кагып, шарт эле кирип бара албайсыӊ. Ал эми миӊ түрдүү, миӊ сырдуу поэзия дүйнөсүнүн каалгасын ачып кириш, болгондо да өзгөчө поэтикалык стилге ээ Эрнис Асек уулунун жан дүйнөсүнө кириш ого бетер татаал. Ала-сала анын эмне тууралуу айткысы келип жатканын аӊдаш да кыйын. Бирок акындын ар бир сөзүн кармалап көрүп, кунт коюп окусаӊ, акырындык менен түшүнө баштайсыӊ. Анын ар бир сөзү чоӊ мааниге ээ, атүгүл жөпжөнөкөй. Акындын ар бир сөзү ичине бүтүндөй ааламды батырып, кыйкырып тургансыйт. Көрсө, ал кадыресе эле турмушту, карыган кемпир даарат алып жаткан эски кумара да өзүнө окшоп карыганын, жалгыз талы гана калып күйүп бүткөн ширеӊкени, кол тие элек сулуудай эки колдун кучагында калган жаздыкты, бутагынан буулугуп үзүлүп түшкөн жалбыракты жазып жатыптыр. Жазыптыр да анан ааламды чарк айланып, өмүр менен өлүм, жарыкчылык менен караӊгылык, күн менен түн, күтүү менен үмүт, ый менен күлкүнү ырдап өтүптүр, ыйлап өтүптүр… Кээде ааламга батпай, чылымынан күчүн чыгарыптыр:

«Чылым тиштейм, кайра ыргытам жин менен,

Батпай чыгам жан дүйнөмдүн ичине,

Бирде олтуруп, бирде басып бөлмөдө…

Айтчы неге аалам мынча кичине?..» («Кичине», 23-б.)

Ааламга батпай калган жан дүйнөсүн ал метафоралар менен айтат:

«Кепич кийген ырлар чыгат үйүнөн,

 Кекечтенген сөздөр чыгат балдакчан…» («Калпакчан»,31-б.)

Же болбосо:

«Балакетке айланыптыр Махабат,

  баласы жок калган экен Жалгыздык.

 балапандай оозун ачып Кубаныч,

 балык болуп сөз айталбайт Калыстык» («Айтылбаган суроолор», 33-б.).

«Ай кучактап,күн кучактап,

 Аалам жатат төшөктө» («Шаардагы ойлордун мозаикасы»,65-б.)

Эрнисте метафоралардан сырткары, кадимки эле элестүү, образдуу салыштыруулар, эмоциялуу-экспрессивдүү сөздөр, аллитерацияланган саптар да арбын. Мисал келтирели:

«Таарынычтын ташы калат жүрөктө,

 Таксыр Тагдыр тамашалап бүтө албай…» («Бүталбай», 38-б.)

«Койнумда жаткан Кусаны,

 Колукту кылып аламбы («Көрчычкан», 48-б.)

«Түйүлдүктө жаткан бала өӊдөнүп,

 Түндүн кенен кучагында жатканда» («Кыйкырык»,57-б.)

«Сыдырым жел сылап өтүп чачымдан,

 Оюн салат,бактан-бакка сырактап» («Жаз болуп»,107-б.)

«А жүрөгүн тилип келет канатып,

 Жалгыздыктын алтын саптуу камчысы.

 Көӊдөй башты шылып түштү эскерүү,

 Көкүрөгү карышкырдай улуду» («Жаш сыгат», 112-б.)

«Кетти кайра келбестиктин жолун кууп,

 Калды собол устаранын мизиндей». («Билбейм»,127-б.)

«Түкүрүктөй калып эми кум соргон,

 Түк эч нерсе билбесимди түшүндүм» («Келиндей»,128-б.)

«Нечен кылым ымыркайын көтөргөн,

Бүгүн турмуш боюнда бар келиндей» («Келиндей»,130-б.)

«…Дүйнө, сен – дүйнө элеӊ,

 Дүӊкүйүп турган элеӊ.

 Дүрдүккөн дүнүйөӊдү,

 Дүӊүнөн «урган» элеӊ» («Адам акын»,143-б.)

«Таш жолдор туш-тарапка агылышып,

 Таш жолдор талаа кезин сагынышып» («Таш жолдор»,160-б.)

«Окурман Эрнис Асек уулунун улуп-уӊшуган, бороондой боздоп, уйгу-туйгу болгон ички сырын ырларынан табат»

Жогорудагы саптар Эрнистин сөз байлыгы мол, тили бай экендигинин күбөсү. Айрым көөнө сөздөрдү, фразеологизмдерди, сөздөрдүн өтмө жана кыйыр маанилерин, салыштырууларын ж.б. көркөм сөз каражаттарын  азыркы жаш акындар үйрөнүп, үлгү тутса болор эле.

Акындар «Мени издесеӊ ырларымдан табасыӊ» деп жатышпайбы. Бул чындык. Анынсыӊарындай, окурман Эрнис Асек уулунун улуп-уӊшуган, бороондой боздоп, уйгу-туйгу болгон ички сырын ырларынан табат. Мына, караӊыз:

«Чарчадым чарк айланып учуп жүрүп,

 Чакмактап келет турмуш,чарчап келем» («Чарчаган көз», 43-б.)

«Чаржайыт ойлорумду талашкандай,

 Чыркырап бир жан дүйнө ыйлап атат» (Чарчаган көз, 44-б.)

«Жарып өтүп жаштыгымдын жарасын,

 Жалгыздыкка батпай чыгам кечинде» («Эч кимге»,74-б.)

«Акылым – чыӊылдагы чымындын,

  А жүрөгүм – аарылардын уюгу» («Дейди ой», 82-б.)

«Өрттөлгөнмүн өткөн чактын отуна,

 Өксүгөнмүн өркөчтөлгөн сезимден» («Сыр», 87-б.)

«Мцыридей илбирс менен алышкан,

 Жан дүйнөмдө Улуу Уруш болууда» («Коркунуч»,92-б.)

«Дат бастырып багыты жок күндөрдү,

  Далай ката, далай күнөө кетирдим» («Бир өтүктү талашып», 74-б.)

«Баарынан кечип туруп, баарын таштап,

  Бар турмуш шарданынан кеткиӊ келет.

  Ааламды кезип жүрүп дербиш сымал,

  Акыйкат маӊызына жеткиӊ келет». («Чынжыр»,140-б.).

«Акын эмнегедир өмүр жана өлүм жөнүндө өтө көп ой жоруйт. Балким өзүнүн бул жашоодон эрте кетерин сезгенби деген да ой кетет»

Акын да акыйкат чындыгына жеткиси келип, түн түшөп, күн кубалап ой калчаган, изденген. Бирок бул жалганда ага эч ким жеткен эмес, аны билдиби-билбедиби,түшүндүбү-түшүнбөдүбү, ким билет? Балким, өзү үчүн акыйкаттыктын маӊызын ачып, ага жеткендир?..

Акын эмнегедир өмүр жана өлүм жөнүндө өтө көп ой жоруйт. Балким өзүнүн бул жашоодон эрте кетерин сезгенби деген да ой кетет. Тээ 1995-жылдары эле:

«Ээликкен жаным эми жай алаттыр,

Эч кимдин, эч нерсенин кереги жок»,-деп жазыптыр.

Сөзүбүздү андан ары улайлы:

«Түйүлдүктө өлүм жатат.

Жумурткада өлүм жатат» (76-б.)

«Айткылачы Азезилге, адамдар,

 Ажал мага келбесин да, күтпөсүн» («Күтпөсүн», 67-б.)

«Билбейм не деп мен кудайга жалындым,

 Билбейм кандай…өрт…дүйнөгө кабылдым.

 Бир билгеним:буркан-шаркан түшүргөн,

 Өмүр сени, өлүм сени САГЫНДЫМ» («Сагындым»,73-б.)

«Өлүмдүн кол астында тиктеп асман,

  Тизеӊе башым коюп жаткым келди» («Тизеӊе», 87-б.)

«Өмүр менен Өлүм келет дагы эле,

  Дөбөттөрдөй бирин-бири талашкан» («Жөө жомоктор», 93-б.)

«Жалгыз гана кожоюну бөлмөнүн,

Каалгасы – Өлүм жана Төрөлүү» («Бөлмө», 91-б.).

Жогорудагы эки саптан улам, акын КААЛГАНЫ жашоонун башталышы да, аягы да катары карап, анан китебине ат койгонбу деген ой келет.

«Өктөм дүйнө өкчөмүнөн чыгалбай,

 Өмүр сенден тажап кеттим чынында!..»-дейт. («Чынында», 180-б.).

Акын эмнеге тажады экен?.. Жарыкчылыктын жарым күнү жарым жылга тете эмес беле?!.

«Чиренип жатат сөөгүм…

 Чиренип жатат сөөгүм…

  А бирок мен эмесмин,мен эмесмин…» 2015. («Эмесмин», 184-б.)

«Мен өлгөндө.

Өз сөөгүмдү көрбөй калам…

Арман,ай!..» Май, 2019. (187-б.).

Бул эмнеси? Эмне үчүн өзүнүн өлүмү тууралуу мынча ачык, мынча көп жазган? Бул да табышмак.  Кандай болгон күндө да ал ыры менен жашап, ырды дүйнөдөгү эӊ бир кымбат таберик катары санап, керек болсо каны менен жазарын, ошонусу менен ал түбөлүккө каларын сезсе керек? Ага төмөнкү саптары күбө:

«Канталатып, жүрөгүмдү кескилеп,

Каным менен жазгым келет ырымды…» («Жөө жомоктор», 95-б.)

«Түбөлүк калат балким тирүү болуп,

Түйшүккө түш сыяктуу толгон ырлар» («Баарысы», 95-б.)

Ооба, Эрнис! Сенин ырларыӊ түбөлүккө тирүү бойдон калат. Экинчи өмүрүӊ байсалдуу болсун!

Эшимкандын уулу Асаналы, ал эми Асаналыдан (эл Асек деп коюшчу) Мелис менен Эрнис.

Сөзүмдүн акырында Мелис менен Эрнистин ата-теги тууралуу бир аз айта кетейин. Куйма кулак карылардын айтканына караганда, кадимки Калыгул олуя сапары карып, тиги дүйнөгө аттанарда, калкынан чыккан аттуу-баштуулар чогулуп келип, суроо салган дешет: «Касиеттүү олуям, эгер сиз чын дүйнөгө аттанып кетсеӊиз, биз кимден кеӊеш сурап, кимди бел тутабыз?-деп. Анда Калыгул олуя: «Ашым менен Рай турбайбы!» деп жооп берген экен. Ашым менен Рай азык Маамбердинин балдары. Ашымдан Бекмурат, Бекмураттан Эшимкан, Эшимкандын уулу Асаналы, ал эми Асаналыдан (эл Асек деп коюшчу) Мелис менен Эрнис. Мен да атамдын: «Эшимкан мергенчилик кылчу, кыргызчылыгы бар болучу» -дегенин угуп калган жайым бар. Мелис менен Эрнистин кайыптан кармагандай сөз табышы, тилинде сөөлү, таӊдайында мөөрү бардай таамай сүйлөгөндөрү, бир нерсени көзү ачыктай алдын-ала айткандары, балким, ошол ата-бабасынан калган жөрөлгөдүр. Эгер андай болсо кайберендин каргышына калуу, ичимдик ичүү, бирөөгө жаманчылык кылуу ж.б. терс иштерге баруу жакпайт. Мындай касиет Мелис менен Эрнистин уул-кыздарында барбы, жокпу билбейм, бирок чыгып калышы мүмкүн. Эске ала жүрүшсө деген эле ой.

Ишенбек СУЛТАНАЛИЕВ, профессор

Агай 2013-жылы «Баягы Асаба» гезити чыкканда колдоп, рекламалык роликке тартылып да берген…

Ишенбек СУЛТАНАЛИЕВ: «Мелис менен Эрнис кош жылдыздай болуп биздин айылдан чыкты эле…»

Ишенбек СУЛТАНАЛИЕВ: «Эрнистин кыргыз адабиятында өзүнүн орду бар»

Жеңиш ЖУМАКАДЫР, төкмө акын: «Ага-ини кетти ээрчишип 49 жаштын кырында, сүйлөшүп экөө алгандай…»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.