Эсен болуп, эстей жүр!
Бүгүн 31-январь. Эрнис АСЕК уулун акыркы сапарга узаткан күн. Оор күн. Түбөлүк уйкуга кеткенине эки жыл болду. Ыйга айланган өмүр өтүп жатат…
Эки жыл мени менен кошо эскерген жакшы адамдар көп болду. Өзү да, сөзү да, эмгеги да, бир тууган байкеси Мелис Эшимканов да эскерилди жана эскерилүүдө… Мелис агабыздан ажыраганыбызга 11 жыл болду. Көздөрү тирүү болгондо, быйыл Мелис байкебиз 60ка, Эрнис 52 жашка чыкмак…
Эрнистин аты аталган жерде Мелис байкенин ысымы аталып, агабыздын аты аталган жерде “Асаба” айтылып келет. Эрнистин үзүктөй өмүрү үзүлгөн датадан (29-январь), үч күндөн бери да эскерип жатабыз. Көптөгөн эскерүүлөр келди… Эки гений ага-инини эскерип, жараланган жүрөккө жылуу сөз тартуулаган жакшы адамдарга ыраазычылык билдирем!
Назира СААЛИЕВА
«Ошол кезден башталган биздин достук мамиле канчалаган окуяларга жетеледи…»
Эрнис мактаган, баалаган, жакшы көргөн Моквадагы группалашы Жеӊишгүл Байтерекованын эскерүүсү…
1989-жыл, күз айы. Кыргыз мамлекеттик университетине тапшырып, 1-курстун студенти болуп, кубаныч коюнга батпай турган кез эле. Ал мезгилде окууга жаңы киргенде эле студенттерди айыл-чарба жумушуна алып кетчү. «Мраморный» айылындагы айыл-чарба ишине барууга даярданып жатканда, үйгө жакын тууган эжебиз келип калды. «Сен ал жакка барганда, Эрнис Эшимканов деген баланы таап, таанышып ал! Ал абдан акылдуу, билимдүү жигит. Жакында эле Прибалтикадан окуудан келип, филфакка тапшырыптыр. Экөөңөр чогуу окуйт экенсиңер, сага жардамдашат»,-деди. Эжем аркылуу Эрнисти сыртынан таанып, айыл-чарба жумушуна барганда жакындан тааныштым. Аны биринчи көргөндө эле, ал мага көп сүйлөбөгөн, арабызга көп кошулбаган өзгөчө студент катары элес калтырды. Анда өзүм да үйдөн биринчи жолу алыска чыгып, ким менен кандай мамиле күтүш керектигин билбей, чочуркап жүргөн кез эле… Бирок, эжем айткан Эрнис деген жигит менен аз-маз сүйлөшүп калдым. Албетте, ошол кезден башталган биздин достук мамиле канчалаган окуяларга жетеледи… Кызыктуу күндөр, айлар, жылдар өттү… Группалаш болдук… Ал жылдар аралыгында Эрнистин көп кырдуу, миң сырдуу жан дүйнөсүнө күбө болдум. Ыр жазчу, далай жолу ырларын уктум. Кызыктуу, бийик ойлоруна, жөнөкөйлүк, адамдык касиетине таң бердим.
2-курста котормо боюнча жаңы сабак башталды. Кызыгуу менен окуй баштадык, өзгөчө Эрниске жакты. Ал кызыгуу менен киришип, бизге котормо боюнча көп жардам берди. Ошентип курстук иш да келди. Мен «Алыкул Осмоновдун ырлары орус тилинде» деген теманы тандап алдым, бирок, көп кыйынчылыктар туула баштады. Агайдан сурагандан коркуп, курстук ишимди баштай албай кыйналып жүрдүм. Ошондо Эрнистин байкагычтыгы, сезимталдыгы, көрөгөчтүгү, ай! Алтын убактысын бөлүп, бизге жандили менен жардам берди. Котормонун сырларын айтып, аны жөнөкөй, жалпак тил менен түшүндүрүп, талдап берди. Көрсө, котормо Эрнистин жакшы көргөн кесиби экен. Ал ошондо эле өзүн мыкты котормочу катары көрсөтүп коюптур. Эрнистин жардамы менен курстук ишим мыкты болду. Бул эми көп кызыктуу окуялардын учу гана…
Ошентип окууну да аяктадык. Ар кимибиз ар тарапка кеттик. Ар кимдин турмуш жолу өз нугунда өтүп жатты: үй-бүлө, тирилик, иш, ийгилик, бийиктик, кубаныч-кайгы, ачуу-таттуу дегендей… Көрсө, мунун баары турмуш нугу турбайбы …
2012-жылы Бишкекке Москвадан отпускага келип, Эрниске жолугуп калдым. «Де-факто» гезитинде иштеп жатыптыр. Көңүлү жай, көтөрүңкү, алдыда жакшы пландары көп экен. Редакциясына барып көпкө сүйлөштүк… «Жекинтай (мени ушинтип коер эле, мага абдан жакчу. Себеби чоң атам да Жекин дечү), сен Москвада жүрөсүң, маалыматтын чордонундасың, кыргыз тилин жана маданиятын орус жаштарына окутуп, таанытып жүрөсүң. Сенде көп кызыктуу окуялар бар да. Гезитке макала жазып, маалымат берип турбайсыңбы»,-деди. Мен макул болуп, Москвага учуп кеттим. Көр тирилик, иш менен алаксып, аз гана маалымат жөнөтүп калгам… Эрнистин чыгармачылык жан дүйнөсү аны көп жакшы идеяларга жетеледи. Көп нерсени ишке ашыргысы келген, бирок, бюрократия деген балээ көп нерсеге тоскоол болду.
2020-жылы, 29-январда «Эрнисти өтүп кетти» деген суук кабарды угуп, аябай жаман болдум, ыйладым… Аттиң, арман дүйнө, дагы жашай турганда эмне?! Мелис байке тирүү болгондо балким дагы жашайт беле?… Экөө тең мыкты инсан эле. Бейиштин төрүнөн орун алышсын!
Эрнисти мен агамдай, кеңешчимдей жакшы көрчүмүн. Ал мага карындашындай мамиле жасачу. Аз убакыт бир туугандай мамилелеш болдук. Жылуу сезимдер, жакшы элестер калды. Эмне дейм, Эрнис артына керемет ой-толгоолорун ырларында, котормолорунда, китептеринде калтырып кетти. Бул Эрнистин окурмандары үчүн баалуу мурас!
Эрнистин Москвадагы «Каалгасы»…
Эрнистин «Каалга» аттуу ыр китеби колума алып, окуй баштадым. Баш сөзүн Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев жазыптыр. Мыкты жазыптыр, Эрниске туура баа бериптир. Аягында: «…Кайран Эрнис өз артынан адабияттын «Каалгасын» жаппай, ачык бойдон калтырган экен…» деп бүтүргөн экен. Эрнистин ыр жыйнагынын «Каалгасы» ачылып, экинчи өмүрү башталды десек болот. Акыныбыздын ырларын баягы студенттик кезде Эрнис менен сүйлөшкөндөй сезим менен окуп жатам. Ырлары 17 жашындагы эки сап ырлар менен башталат экен. Башталганда эле «Блокнот» деген ыры:
«Барагына көп жазуулар жазылды,
Заматта эле бирок калды чийилип».
Ар бир сөзү күчтүү, кулакка жагымдуу, тааныш… Ырын окуп жатып жаштык кезди, студенттик убакты эстедим. Баарыбыз жаңыдан окууга өтүп, таанышып, бири- бирибизди, кыздар жигиттерди, жигиттер кыздарды байкап, шатыран-шатман болгон жагымдуу элестер көз алдыга тартылды… Улам ары окуган сайын ойлору тереңдеп баратат, Баса, Эрнис орус тилинде да ыр жазчу. Ошол ырлары да китепке кириптир. «Лабиринт» деген ыры чыгармачыл айлампа, терең турмуштук философия…
Лабиринт
Где мой ключ?
Где моя дверь?
Куда я попал?
В какой лабиринт?
Я вас ждал.
Я очень долго ждал,
Вас, мои добрые хищники.
И вы обманули меня,
Вы отобрали у меня
Все, что было.
Я просто устал.
Но я вам прощаю,
Мои добрые хищники…
Я вам прощаю…
Как бесконечен этот круг!
Как тяжко смотреть в глаза осени,
Моей любимой осени,
Котороя хотела подарить мне радость…
И вы отобрали у меня эту радость.
Живу в тени теней,
Бесконечен круг.
«Всякий конец – это ваше начало»
Так хотел меня утешить мой друг.
Я не верю ему.
Я в болоте предрассудков,
Сомнений…
У меня было Одиночество,
Великое, большое.
И вы, мои добрые хищники,
Отобрали и это.
Брать – все.
Даже не оставив Надежды.
У меня нет даже Пустоты.
Только вы, мои добрые хищники
Смеетесь ехидно.
Я просто устал…
А что такое усталость?
Не знаю.
Только смех, только смех,
Этот страшный смех
Разрывает на куски
Мою душу.
Я теперь не могу даже плакать,
Не могу я смеяться,
Только блуждаться,
Как хиппи,
В этом лабиринте
Самообмана.
Нескончаемый круг…
Я просто устал.
Я устал.
А где же мой друг?
Рядом…
1990
«Жить» деген ырында да терең маани жатат.
Бул ырларын 20 жашында жазыптыр. Жаш кезинде эле не деген ойлорду жазган. Китебинин акыркы барактарды ача салсам, «Жети сап» деген ыры көзүмө урунду. Жашоосун жети сап менен баяндап берген ойлорун окуп, Эрнистин басып өткөн жолу көз алдыга тартылды….
Эрнистин ар бир ырында философия жатат. Бекеринен философ деген атка конгон жок да. Турмуштагы кандай гана терең ойлорду айтып койгон. Эрнистин ушул китебин чыгарып, анын жан дүйнөсү менен кайрадан бизди жолуктуруп, ой-толгоого салып жаткан жубайына ыраазычылык билдирем. Себеби, Эрнистин аманатын аткарып, былтыр, апрель айында жогорку деңгээлде эскерүүсүн өткөрдү. Мен эскерүүнү толугу менен көрүп чыктым. Андагы айтылган сөздөрдүн бардыгы туура, Эрнис ошондой бийик, мыкты котормочу, мыкты журналист, мыкты акын, мыкты адам болчу.
Андагы эскерүүдө, бир кезде айтылуу «Асабада» чогуу иштеген Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков Эрнистин котормого болгон мамилеси тууралуу жакшы айтты. Эрнис котормодо дал ошондой адам болчу…
Дагы Эрнистин портрети мени кубандырды. Аны белгилүү сүрөтчү Асан Турсункулов тарткан турбайбы. Ал портреттен мен Эрнистин жан дүйнөсүн көрдүм, ал толук чагылдырылган, жадагалса чылым кармаганына чейин…
Ал эми Маданияттын мыкты кызматкери, белгилүү актер Руслан Курманалиев Эрнистин «Периштең» деген ырын жакшы окуптур… Ал ырында Эрнис өзүнүн аркы дүйнөдөгү, бул жактагы жубайынын абалын жазыптыр. Жүрөк титирейт…
Назира, кайрат кыл, ыйлаба! Албетте, сага өтө оор, жан дүйнөң өрттөнүп турат… Эрнис бул жарык дүйнөгө бир келген таланттуу адамдардын бири. Жазуучулар Союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков айткандай, Эрнис гений болчу. Сен генийдин жакшы көрүп кадырлаган жары болдуң, бул сыймык! Сага арнаган «Акроырында» сени менен болгон бактылуу жашоосун, сага болгон ыраазычылыгын билдирип кетиптир. Сен бактылуу адамсың. Эрнис менен аз болсо да, эң кызыктуу, маңыздуу жашоодо жашадың! Эрнис сага ушунчалык зор, түгөнбүс байлык, мурас калтырып кетти. Ал мурас сенин жашооңду жакыр кылбайт! Ар бир айтылган сөзү сага жол көрсөтүп, жарык чачып турат! Эрнистин мурасы сенин жашооңдун уландысы. Арбагы ыраазы болсун! Куран окутуп, эскерүүдөн башка арга да, айла да жок. Эрнистин жаткан жери жайлуу, топурагы торколуу болсун!
Жеӊишгүл БАЙТЕРЕКОВА
Эрнистин Жекинтайы тууралуу эки ооз сөз
Эрнистин эң жакшы көргөн кызы, группалашы Жеңишгүл Байтерекова тууралуу байымдын өзүнөн көп эле жолу уккам. «Билимдүү, акылдуу. Деңгээл деген болот, анын деңгээли бийик» деп калчу. «Сонун сүрөттөр, жакшы мүнөттөр» деп Эрнис айткандай, сонун сүрөттөрүн архивинен таап алдым. Байым экөөбүз альбом карап отурбаппыз. Мен ошого өкүнөм, «ушул сүрөттөрдүн тарыхын сурап калмак экем» деп. «Жекинтай Москвада, келгенде тааныштырам» деп калчу… Аттиң арман, ошол максатына жетпей калып, өзүбүз телефон аркылуу таанышып алдык. Күтүүсүздөн чалганда, үнүн укканда ыйладым… Жакшы сөздөрүн, кеңештерин, «Каалгасы» колуна тийгенин жана андагы айрым ырларын айтты. Чынында, Эрнистин ырларын түшүнүү кыйын. Аны ар бир киши эле түшүнө бербейт. Ал эми Жеңишгүл байымдын жаштык, турмуш, тагдыр, жүрөгүнөн сызылып өткөн ички жандүйнөсүн түшүнүптүр. Мен ошого аябай ыраазы болуп, ичим жылыды. Эми бул эки жакшы адам тууралуу жана Эрнистин «Гүлдөрү» тууралуу жазылчу сөз али алдыда…
Назира СААЛИЕВА