50 жаш! Актёр Руслан Курманалиевди караңгыда сууга качан, эмнеге ыргытышты эле?..

50 жаш! Актёр Руслан Курманалиевди караңгыда сууга качан, эмнеге ыргытышты эле?..

50 жаш кут болсун!

Б. Бейшеналиев атындагы сыйлыктын ээси, маданияттын мыкты кызматкери, бир топ кыргыз тасмаларында, спектаклдерде мыкты роль жараткан, учурда Б.Кыдыкеева атындагы жаштар театрында эмгектенип жаткан белгилүү актер Руслан КУРМАНАЛИЕВ бүгүн, 25-февралда, эр ортону 50 жашка толду. 

Руслан, кесибиң менен эмгектенип келатканыңа 25 жылдан ашты. “Туңгуч» тетрында 5 жыл иштеп, кийин Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрына актер болуп келип, 20 жылдан ашуун үзүрлүү эмгектенип, былтыр театрдын көркөм жетекчиси болдуң. Жакында эле президент Садыр Жапаровдун колунан АРДАК ГРАМОТА алдың… Эмгек сиңирген…, анан эл артисти… наамын ала турган убагың алыс эмес чыгар деген үмүттөбүз… Бирок, сен наам, сыйлык, байлык, бийликке жулкунбаган жөнөкөйлүгүң, адамгерчилигиң менен бийиксиң!

«Ийгиликке жетүү, жогору көтөрүлүү үчүн тылың мыкты болуш керек» дегендей, артыңда тылың бекем, мыкты. Дегеним, Гүлгаакы аттуу акылдуу, билимдүү, илимдүү, мыкты тилчи, жаркылдаган жарың бар-жокту билдирбей, сени турмуштун түмөн түйшүгүнө чөмүлтпөй, ийгиликтериңе тең ортоктош болуп келатат. Чыныгы үлгүлүү үй-бүлөсүңөр, мыкты ата-энесиңер, көз тийбесин, сөз тийбесин…  Экөөңөр тууралуу кенен кепти «Эрнис АСЕК уулу» аттуу китептен окуйсуңар, буйруса!

Эмне дейм Руслан, байымдын көзү тирүү болгондо 50 жашыңды куттуктап барат элек… Досуң Эрнис: «Бул чуркаган жашоодо адамга өмүр, анан көңүл кымбат» деп айтчу эле… Өмүрүң узун болуп, көңүлүң оорубасын! Дагы бир «Дарактын шагы сынды» деген сөзү бар… Дарак болдуң, шагың сынбасын!

«Тирүүлүктүн өзү чоң майрам» деген досуңдун «Кубаныч илимин» тартуулайм!

Назира СААЛИЕВА

«АСАБА» архивинен…

Руслан КУРМАНАЛИЕВ: «Беш жыл дөңгөлөк үстүндө жүрдүм»

— Руслан мырза, сизди актёр катары тааныйбыз. Бир канча тасма, спектаклдерде роль жаратып жүрөсүз. Өзүңүз жөнүндө кеңири айтып берсеңиз. Кайдан жүрүп актёр болуп калдыңыз?

— Мен төрөлгөн жылдары Пионер совхозу, азыркы Жылаң-Арык айылы Нарын облусунун Ак-Талаа району болчу. Ошол жерде алты бир туугандын арасында чоңойдум, балалыгым да дал ошол жерде өттү. Бала кезде эле актер болсом деген тилегим күчтүү эле. 8-классты аяктагандан кийин Бишкекке келип, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырдым. Бүтүргөндөн кийин Россияда армияда кызмат өтөп келдим. 1991-жылы армиядан келип, агездеги студия, азыркы театралдык окуу жайга тапшырып окуп калдым.

Советбек Жумадылов

Айтылуу Советбек Жумадылов, Дүйшөн Байдөбөтов, Алмаз Сарлыкбеков, Гүлшара Дулатова, Жаныш Кулманбетов агай-эжелерден таалим-тарбия алдым. Жалаң таланттуу, жандүйнөсү таза адамдардын мектебинен билимге сугарылдым. Андан кийин, 1995-жылы «Тунгуч» театрына келдим да, Асылбек Өзүбеков, Жамал Сейдакматова, Эгемберди Чалабаев, Мурат Мамбетов агай-эжелердин билим алып, «Тунгуч» театрынын казанында кайнадым. «Тунгун» менчик театр болгондуктан, иштесең акча алып, иштебегенде акча албай калчусуң. Агезде театрда спектаклдер көп коюлчу эмес, жалаң концерттерге даярданат элек. Кайсы жерге барбайлы, концерттерибиз аншлаг менен өтчү. Беш жыл Кыргызстандын булуң-бурчун кыдырып гастролдоп жүрдүк. Беш жыл дөңгөлөктүн үстүндө жүрүп улуу кызым менен уулум кандай тарбияланып чоңойгонун деле билбей калдым.

— Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрына кандайча келип калдыңыз?

Бакен Кыдыкеева

— «Тунгуч» теарында иштеп жүргөндө Кыргыз драма теарындагы режиссер Алмаз Сарлыкбеков агай: «Актер болсоң, концерт менен эле калып каласыңбы? Кел бизге!» деп чакырган эле. Барган эмесмин. «Театрда иштешиң керек эле» деп мага таарынып жүрдү. Беш жылдан кийин жолукканыбызда дагы чакырды, ошондо келдим. Ушул театрда бир топ спектаклде ойнодум. «Тунгуч» театры мага чыгармачлыктын чыйыр жолун ачып берген чоң мектеп болду.

— Анан? Актердук кесиптин кыйынчылыктарына чыдап жатасызбы?

— Тасмада, спектаклде образ жаратуу өтө татаал иш. Ал – текст жаттап эле сахнага чыгуу эмес, жан дүйнөң менен берилүү, ай-айлап изденүү, ийне -жибин өздөштүрүү. Жеңил ойлуулукту эл да, сахна да кабыл албайт. Эсимде, «Тунгучта» иштеп жүргөндө Нурлан Абдыкадыровдун «Буюккан көч» спектаклинде, андан кийин «Таямам» деген спектаклинде иштедим. Бул спектаклдер менен Алматы, Харши, Египет, Башкирияда өткөн фестивалдарга катышып, жеңиштүү да кайттык. Жаштар теарына келгенде Кыргыз эл артисти Назира Мамбетова эже: «Ай балам, чыгармачылыкка болгон шыгың ушул спектаклде билинет. Ойной алсаң – өзүңө жакшы» дегенинен, Лев Корсунскийдин «Концерт по заявкам»  чыгармасын кыргызчалатып, Болот деген жигиттин ролун аткардым. Спекаклдин өзгөчөлүгү — эки киши 1 саат 20 мүнөт сахнадан кетпей ойнойт.

— Жогорку билим алган жоксузбу башка?

— Алмаз Сарлыкбеков агай: «Руслан, сен эки окуу жайды буттүң. Бирок, билимиң жогорку эмес, диплом алыш керек» дегенинен 2006-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна тапшырып, кызыл диплом менен бүтүрдүм.

— Кыргыз тасмаларында да роль жараттыңыз, канча тасмага тартылдыңыз?

— Мен чыгармачыл чөйрөгө аралаша баштаганда кинолор аз тартылчу. Алгачкы жолу 2007-жылы кастингге катышып, Асанкожо Айтикеев тарткан кыска метраждуу «Той» тасмасына тартылгам. Тасмада баламдын сүннөт тоюн өткөрүп, айылдагы үч аксакалды чакырам. Алар «тогуз коргоол» ойноп атып тойго кечигип калышат. Негизи эле кинодо ошол үч аксакалдын кулк-мүнөзү, ынтымагы, ички дүйнөсүнүн тазалыгы жоголуп бараткан кыргыз мүнөзүн чагылдырат да. Андан кийин «Кандуу сүйүү», «Мен сага ишенем», «Токолдор тополоңу», «Алыкул», «Президент жана Бомж», «Күйөө балам – водовоз», «Чыңгыз менен Бүбүсара», «Бакыт баасы» тасмаларында роль жараттым. Акыркы жолу «Курманжан датка тасмасында Курманжан датканын атасы Манап байдын образын чагылдырдым.

— Тасмага тартылуунун да түйшүгү болсо керек да?..

— Тасмада да роль жаратуу кызыктуу да, түйшүктүү да. Кызыгынан кеп кылсам, мен кээде тамадалык кылып калам. Тойду алып барганга кээде бир ай мурун сүйлөшүп, акчасын алып коесуң. «Той» деген тасмага тарыларда да Кеминде 25-майда өтчү 20 жылдык тойго тамадалыкты эрте макулдашып, алдын ала акчасын алып койгом. Асанкожо байке так ошол 25-майда съемка деп калып, байкеден суранып атып 24-майда тойго барып, 26-май күнү Кеминден Бишкекке съемкага келишим азап болгон. Эки күн уктабагандыктан съемка бүтөөр менен уктаганым эч эсимен кетпейт. Анан «Кандуу сүйүү» тасмасында улам-улам сууга ыргытыла берип үшүгөнүм эсимде аябай калды. Ысык-Көлдө октябрь айында тартылганбыз да. Башкы ролду аткарган Чыңгыз Мырзаев акыркы бир съемкасына тартыла албай калып, анын ордуна караңгыда кайыктан сууга мени ыргытып тартышкан. Суудан чыгып жылынганы отко чуркайм, ооруп калбасын деп денеме арак сүртүшкөн.

— Кинодо жана сахнада ойногондун айырмачылыгы барбы?

— Кино элге таанылганга жакшы шарт түзүп берет. Кино тартылгандан кийин элге көрсөтүлөт, кийин диск болуп сатылат. Ал эми театрга театрды сүйгөндөр гана келишет. Албетте, айырмачылыктары бар. Театрда чыгармачылык менен күндө алектенип, күндө иштейсиң. А кинодо кайра-кайра ойногонуңдун бири тандалат да болду. Аны кайра оңдой албайсың, ошол боюнча калат. Сценарийден чыгып ашыкча кыймыл-аракет дагы жасай албайсың. Бирок мага сахна да, тасма да кымбат.

— Учурда ырчы, бийчилер роль жараткан адатка айланды. Буга кандай көз караштасыз?

— Роль жараткан эле эмес, кино, театр тууралуу түшүнүгү жок адамдар кино тартып жүргөнүн эл катары мен да байкайм. Тажрыйбалуу актерлорду тарталы дешет, бирок, алардын эмгегине тийиштүү акчаны төлөп бериш керек, ошондон качышат . Ал эми ырчы-бийчилер бекер деле тартыла беришет. «Көч бара-бара түзөлөт» да,  бара-бара сапаттуу кинолор тартылат деп ишенем.

— Баса, үй-бүлөңүздү айтпадыңыз. Келинчегиңизди сахнадан же тасмадан тапкан жок белеңиз?

— Келинчегимдин аты – Гүлгаакы, 1993-жылы баш кошконбуз. Кесиби – филолог. Учурда Кыргыз Илимдер Академиясында иштейт. Ортодо төрт балабыз бар. Улуу кызым Касиет, Томскиде окуйт. Андан кийинки балам Сыймык, залкар актриса Бакен Кыдыкеева эжебиздин атынан Бакенбий атаган уулум, көкүрөк күчүгүм Насыят чоңоюп жатат.

Маектешкен Кымбат ТУРДУБЕКОВА,

«Баягы Асаба», 2014-жыл

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.