«Элде жок, эсте калаарлык күйөөң бар»…
8-март. Бул күнү ар бир үйдө майрамдык маанай! Мырзалар сүйүктүү айымдарын куттуктап, белектерин беришет. А мен болсо байымдын мага калтырган байлыгы — сөздөрүн эстеп отурам. Кайгырып баратканда эле: «Тирүүлүктүн өзү чоң майрам» деген сөзүн эстеп чыйрала түшөм. Укмуш сөз! Кандай гана күчтүү сөз! Бул жашоо чындыгы экен!
Ага болбой эле, пендебиз да, белек күтөт экенбиз. Жолдошум менен тоскон алгачкы 8-март майрамы эске түштү… 2013-жыл эле. Сүйлөшүп жүргөн кезибиз. Таң атпай коңгуроо кагып, кафеге чакырды. Ушундай да болот экен э деп таңгалдым. Борбор калаанын чок ортосундагы Өчпөс оттун жанынан саат тогузда жолуктук. Колунда гүл да жок. Чылымын чегип туруптур. Чекемден өптү да: «Тирүүлүктүн өзү чоң майрам да» деп колтуктатып алып, мурдагы сүйгөнүн айтып баратты…
«Назира, мен бир кызды аябай жакшы көргөм, ага жетпесем өлөм деген күндөр болгон.. Анын туулган күнү февралда, ал жоогазын гүлүн жактырчу. Ал гүл февралда сатыкка чыкпайт экен, алдын ала заказ кылып, бир топ жыл белек кылып жүрдүм. Бирок, ал гүлдүн кадырына жеткен жок. Жоогазын экөөбүздүн жандүйнөбүздү кадимкидей тебеледи. Ошондон кийин кыздарга гүл бербей калгам«, — деди. Ичимден ушунчалык ал кызга жиним келип, Эрниске боорум ооруп баратты… Кетип эле баратабыз, баратабыз… Эч бир кафенин тамагы даяр эмес экен. Тоголок Молдо көчөсүндөгү бир кафеге токтолдук. Чай, кофе даяр экен. Кирдик, кофе ичтик.
Эрнис Сакура гүлү тууралуу укмуш бир окуяны айтып берди. Аягында, «Ошондой сакура гүлүндөй сулуу болуп, узак жаша!», — деди. Кайрадан жол уланды. Колтукташып алып жөө кетип баратабыз. «Жөө басуу ден соолукка пайдалуу. Мен дегеле транспортко түшпөйм, дайыма жөө жүрөм», — деди. «Октябрь» кинотеатрына кирдик. Эл жок, экөөбүз гана кино көрдүк. «Ушундай да адам болот экен э» деп ичимден таңгалып отурдум. Көргөн кинобүз да «Сумерки», вампирлер тууралуу… Чыктык. Кинону аябай талкууладык. Анан сурадым, «Сүйүү тууралуу кино көрөсүңбү?» десем, күлүп, «Көрөм. “Вернись ко мне» деген кино жагат», — деди. Ал киного кызыгып калдым… Мына, эми ошол кино эске түшүп, көрүп алып, «Эрнис, вернись ко мне» деп отурам…
«Элде жок, эсте калаарлык күйөөң бар» деген сөзүн эстеп, сыздап отурам… Кайра: «Тирүүлүктүн өзү чоң майрам» деген сөзү эске түшүп кайраттанам. Адатка айлантып алган архивимди аңтарам…
АРХИВди аңтарып…
«Ата-энебиздин, Мелис байкебиздин арбактары ар дайым колдоп жүрсүн!»
2014-жыл. 6-март. «Баягы Асаба» чыгып жаткан кез. Төрт кайын эжеме арнап, куттуктоо жаздырганымды эстедим: «Билесиздер, 8-мартты майрам катары деле көрбөйм. Анткени тарыхы боюнча аялзатты эркекке теңеп салган күн. Аялзатты кантип эркекке теңесин? Аялзат эркектен бийик турушу керек. Аялзаттын бул дүйнөдө жашаганы өзү майрам да. Төрт эжеме өзгөчө төрт мамилем бар. Апам айткандай, «элден башкача» иниңер ар бириңерди абдан жакшы көрөт, уул-кыздарыңарды мындан, неберелериңерди андан жакшы көрөт, кагылып кетем го тим эле. Жаз майрамы катары Сиздерге кааларым бакыттын мөмөсүн татып, жакшылыктын нуруна чайынып, келечектин булбулун тыңдап, чың ден соолук ар дайым көзүн ымдап, бала-бакыранын төрүндө алтын аяктан суу ичип, мээнетиңерге дөөлөтүңөр токтоп, баарыбыз чогулуп, бири-бирибизге тийишип, шаңкылдап күлгөндөй шатыра-шатман жашап жүрө бериңиздер. Ата-энебиздин, Мелис байкебиздин арбактары ар дайым колдоп жүрсүн!«
Эрнис АСЕК уулу,
«Баягы Асаба», 2014-жыл
«Алтын АПА, оорубаңыз, арыбаңыз, карыбаңыз!»
«Сен да жаз, алтын апабыз бар го» деп байым апабызды куттуктап жаздырганын эстедим. «Тогуз ай көтөрүп, ыңаалатып аман-эсен жарыкка алып келип, түн уйкудан калып бешик терметип жети баланы чоңойткон Баатыр эне — Токтобүбү апабызды 8-март жаз майрамы менен куттуктайбыз. Алтын Апа, биз үчүн каерде гана иштеген жоксуз. Атам менен тоо-таш аралап, чабан болуп кой багыштыңыз. Колхоздун тамеки сындуу зыяндуу кара жумуштарында ден соолугуңузду кетирип эмгектендиңиз. Жаныңызда чөжүрөп биз кичинекейбиз. Ошол мээнетиңиз эмгек китепчеге жазылбай, түйшүк-азабына татыбаган пенсияга чыктыңыз. Бүгүн деле тынымыңыз жок, неберелер менен убарасыз. Түн уйкудан калып бала багуудан дагы деле болсо качпайсыз. Жайы-күзү огородду аралап кетесиз. Талаада иштеп жаткан балдарыңызга караан болоюн деп барып жардамдаша кетесиз. Тамагын, нанчайын да көтөрүп алганыңызчы…
Өзүңүз ооруп турсаңыз да, небереңизби, уул-кызыңызбы, ооруп калсак, ары-бери чабалактап чуркап каласыз. «Кызы жаман болсо энеге, уул жаман болсо атага сөз тиет» деп тарбия бергенден талбадыңыз. Мектепте жакшы окуган экенсиз, улантып окубадыңыз, бирок «мен окубасам да, силер окугула» деп баарыбызды билимге сүйрөдүңүз. Алтыным Апа, баарыбызда эмне жакшы сапат-мүнөз болсо, баары атам экөөңүздөрдүн эмгегиңиздер. Билебиз, АПА, тамактын таттуусун берип, кийимдин кымбатын кийгизсек да, уйкусуз бир түнүңүздү да, тынымсыз бир күнүңүздү да актай албайбыз. Ак сүтүңүздү актайбыз дейбиз, акташ кыйын, оор экенин билебиз, Апа. Жараткандан тилегенибиз: сиз оорубаңыз, арыбаңыз, карыбаңыз. Сиз бар үчүн үйүбүз жарык, жылуу. Ар дайым ден соолукта, биздин маңдайыбызда аман, төрүбүздүн куту болуп жүрө бериңиз. Бар болуңуз, асылыбыз Апа!»
Ушул алтын АПАМ мени менен кошо байымды жоктоп, аза күттү, бардык кыйынчылыгыма түттү… «Курандан башка айла жок» деп байыма багыштап куран окуп келет. Кандай оор АПАма да… Кайсы эне эрте эле кызынын жалгыз калышын кааласын… Ушул алтын неберелери АПАМ экөөбүзгө дары болуп келет. Муну мен Эрнисим тирүү кезинде тарттым эле:
«Мээрим чачкан күн бол, жазда чыккан гүл бол!»
«Эми сен Кыргызстандагы аялзатын куттуктап койчу» деп атып куттуктоо жаздырганымды эстедим… Аны да жөн жазбай, «8-мартыңар менен, «мамалар»… деген рубрика менен баштап атпайбы… «Жыл сайын Аялзат күнүнө арнап куттук айтабыз, ыр жазабыз, гүл көтөрүп келебиз. Бирок, эмнегедир ырыбыз саз болбой, гүлүбүз кооз болбой, сөзүбүз аз болгондой сезиле берет экен. Дагы ырлар, дагы гүлдөр, дагы айтылчу дары сөздөр калып калгандай сезиле берет экен. Эчтеке эмес, эмики Март майрамда мындан да мыкты кылабыз деп эркектер өзүбүздү өзүбүз таптайт экенбиз, баптайт экенбиз… Эмесе, жанбирге аялзаты, өмүргө сүйүү берген, үйүбүзгө кут болгон, акыл кошоор кыт болгон, жашоонун маани-маңызы, эскирбеген жаңысы – баарыңарды жаз майрамы, Март майрамы менен жүрөгүбүздөн куттуктайбыз. Жамандыктан алыс болгула, амандыкта чогуу бололу. Жашоонун арабасын бирге кылдыраталы. Араба сынбасын, өгүз өлбөсүн, үстү толо үй болсун, үй ичинде той болсун. Мезгил менен тең бол, мээрим чачкан күн бол, жазда чыккан гүл бол. Тилегиңерди берсин, дүйнөдө бейпилдик, тынчтык болсун!»
Эрнис АСЕК уулу,
«Баягы Асаба», 2014-жыл
Эрнис АСЕК уулу: «Тирүүлүктүн өзү чоң майрам»
Мен ушул эки нерсени окуп, көп нерсени эстедим. Айтылуу «Асаба», «Агым» гезиттеринен Кимбайке каймана аты менен таанылган мыкты карикатурист, сатирик Төлөгөн Карыкеев байкебиз менен «Баягы Асабада» да чогуу иштеп калдык. Эрнис байкеге өзүнүн оюн айтып, сүрөт тарттырган эле. Эми укмуш сүрөт. Эрнис аябай жактырып, «Жалжалым (кээде гана ушинтип айтып калаар эле), мен 8-мартта ушинтип келем э. Бүгүн 5-март. Ага чейин босогодо репетиция жасап, бутту көндүрө бериш керек!» деп айтып, Кимбайке экөө каткыргандарын эстеп, көздөн ысык жаш тоголонуп кетти…Ушундай тамашөкөй байымдан ажыраганыма 2 жыл 2 ай 7 күн болуптур…
Жогоруда байым: «8-мартты майрам катары деле көрбөйм» деп бул майрамдын тарыхын жактырбай жатпайбы. 1910-жылдагы жаралыш тарыхын жакшылап окуп көрөлү. Коммунист Клара Цеткин майрамды негиздеген деп билебиз, бирок, анын максатын билбей майрамдап келебиз. Анын негизги максаты — ушул күнү аялдар өздөрүнүн көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруп, митинг жана жүрүштөрдү уюштуруу болгон. Мына, ошол азыр Кыргызстанда кайталанууда… “Тынчтык. Март. Марш” деп кыргыздын каада-салтын бузган, жаштарды башка бир багытта үндөгөн, аялдардын укугуна арналган жүрүш өткөрүп келишет. Ар кандай жагымсыз лозунг көтөрүп алышкан. Бул туура эмес! Негизи бул майрам бизге эч тиешеси жок болсо деле, майрам катары кабылдап калганбыз, каныбызга сиңирип алганбыз…
Эмне дейм, урматтуу айымдар, мендей болуп жолдошуңарды сүйгүлө! Уул-кыздарыңар менен узак өмүр сүргүлө! Башыңар кемибесин, көбөйсүн! Жолдошум какшап айтып кеткендей, «Тирүүлүктүн өзү чоң майрам».
Назира СААЛИЕВА