Темиралы КУНАШОВ: «Чыңгыз Айтматов Атай Огомбаевдин “Эсимдесин” үч-төрт күн ойноткон»

Темиралы КУНАШОВ: «Чыңгыз Айтматов Атай Огомбаевдин “Эсимдесин” үч-төрт күн ойноткон»

Кыргыз күүлөрүн гитарага салган музыкант 

Темиралы Кунашов агабызды алгачкы жолу тажрыйбалуу мыкты котормочу, журналисттер Айгүл Бакеева эжебиз, Бахтияр Шаматов байкебиз аркылуу таанып билгенибиз эсимде. 2005-2006-жылдар, баарыбыз «Бишкек таймс» деген сонун гезитте иштеп жаткан кез. Бир күнү редакцияга Темиралы байкебиз гитарасы менен келип, «Кыргыз көчү» күүсүн чертип берип, «кыргыз күүлөрүн гитара менен да чертсе болот турбайбы» деп жаңылык тартуулаган эле…

Агабыз Жалал-Абаддын Аксы районунун Кара-Суу айылынан экенин, гитарага кызыгуусу бала кезинен жаралганын айтып берген. Атайын музыкалык билим албаганын, нотаны өз алдынча өздөштүрүп үйрөнүп алганын угуп, тубаса талант-шыгына таң бергенбиз. Дүйнөлүк чыгармалардан тартып «Ак тамак, көк тамак, «Насыйкат», «Сынган бугу», «Кыз ойготоор», «Боз салкын», «Кыргыз көчү» жана башка кыргыз күүлөрүн гитарага ылайыкташтырып ноталарын жазып чыккан. Анын репертуарында цыган, испан, латын америкалыктардын, түрк элдеринин музыкалары бар. Агабыздын өзгөчөлүү өнөрүнө кезинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов да баасын берген… Бул тууралуу биздин гезитке да айтып берди эле… Ал маегин издеп жатып, бизге айткандарын «Азаттыкка» берген маегинен да окуп калдым. Анда мындай дейт: «1987-жылы мен атайын улуу жазуучуну издеп Бишкекке (ал кезде Фрунзе шаары) келдим. Чыңгыз Айтматовго жолугуп дин маселеси, Куран, Библия тууралуу баарлаштык. Ошол кезде анын “Кылым карытар бир күн”, «Кыямат» аттуу романдары окурмандардын кызыгуусун арттырып турган маал эле. Анан Чыңгыз агай мени Илимдер Академиясынын чыгыш бөлүмүнүн кол жазмалар фондусуна жумушка орноштурду. Музыканы кунт коюп угуп, «бул жакшы, бул начар» деп бир дагы жолу айткан эмес. Тескерисинче, “кайсы чыгармалардын үстүндө иштеп жатасың, эмнелерди жазып атасың?” деп сурап калчу. Кеңешин берчү. Бир жолу Белгияда туулган күнүнө чакырып калды. Мен кечигип бардым. Меймандары кете элек экен. Мени алар менен тааныштырып, кыргыздын гитарчысы, кыргыз күүлөрүн гитарага салган музыкант деп мактады. Анан “Биз бала кезден бери жакшы көргөн Атайдын ырларынан билесиңби?” деп сурап калды. Мен Белгияга бараарда эмне белек алып барсам деп ойлонуп туруп, анан музыкант болгондон кийин Атай Огомбаевдин “Эсимдесин” гитарага иштеп чыгып, Чыңгыз агайга арнагам. Ошол «Эсимдени» ойноп бергенде Чыңгыз агай аябай сүйүнүп, меймандары шатырата кол чаап, үч-төрт күүнү катары менен ойноткон«.

Айтматов менен адабият, Куран, дин тууралуу баарлашуу…

Ошол бир кезде баарлашып, гитарада ойногон күүлөрүн уккан Темиралы Кунашов агабыз «Тоолор бөксөрбөйт» аттуу китеп жазыптыр. Жакында жарык көрөрүн жаш акын кызыбыз Нурзат Мокеновадан угуп калдым. Чыңгыз Айтматовго байланыштуу баянынан кийин, китебинин да аты залкар жазуучубуздун «Тоолор кулаганда» деген чыгармасына үндөштөй, китепти Чыңгыз Айтматовго арнабаптырбы деп Нурзаттан сурасам, ал «жок, анын ичинде өзү жолуккан, тагдыр кезиктирген бардык таланттар тууралуу баяндалат» деди. «Чыңгыз Айтматовго байланыштуу баяндарынан салып койчу» деп сурандым эле, мына ошол китептен кыска баян алдыңыздарда, урматтуу окурманым!

***

Жазуучу кимге деле болсо жардам бергиси келет эле. Жазуучудан кайсы бир ишке жардам берип коюшун өтүнүп кайрылгандар аз эмес болчу. Чоң кишилерди коёлу. Жаш балдарга да жардам берген. Менин Төлөгөн Исаев деген ага досум бар. Бир күнү таң эрте үйгө келиптир. Мага айтып жатат:
– Темиралы, экөөбүз бир ишти бүтүрбөсөк болбой калды.
– Колдон келсе бүтүрөлү, — дедим.
– Семетей Москвадагы Карповдун шахмат мектебинен бир ай окубаса болбойт, — дейт мага.
Төкө төрт кыз, бир уулдун атасы. Жалгыз уулу Семетей он бир жашта. Жашынан шахматты мыкты ойнойт. Төкөң али карасаң Индия менен Иранда, же болбосо Италия менен Испанияда. Иши кылып кайсыл жерде шахмат мелдеши өтсө, кичинекей баласын алып, бир өлкөдөн бир өлкөнү көздөй жол жүргөнү жүргөн. Мунун баары чоң чыгым, чоң эмгек. Эми, Москвага барып, баланы машыктырып келбесек болбойт экен. Бул шахмат мектебине кирип окуп келиш үчүн талапкерлер көп болгондуктан ага кириш да абдан кыйын экен. Төкөңдүн бир үмүтү эле Чынгыз Төрөкуловичте. Жазуучу Анатолий Карповго кат жолдоп, ага кошумча бир телефон чалса эле иш бүтөөрүн мага түшүндүрдү.
— Анда бул ишти бүтүрөлү, — дедим мен.
Төкөм сүйүнүп кетти.
— Бир жакшы кафеге чакыралы, — дейт
— Кафенин кереги жок Төкө.
— Эмнеге?
— Эмнеге болмок эле. Биз экөөбүз тең бай эмеспиз. Ресторан-кафелер байлардын иши. Сиз бар тапканыңызды Семетейдин жолуна чаптап келатасыз. Биз чоң чыгымга учурабайлы.
— Ой,жок! Үч кишинин бир жакшы тамак жеп отурганына акча табылат! Чыңгыз Төрөкүлович менен отургандын өзү эле эмнеге татыйт! — дейт Төкө.
— Маселе анда деле эмес, маселе жазуучунун убактысында. Жазуучуну ары-бери чакырып кыйнабайлы. Үйүндө эле сүйлөшөлү, — дедим.
— Мен чын пейилим менен өз оюмду айттым. Калганы сен айткандай болсун.
— Эт барбы үйдө , Төкө?
— Бар. Кечээ эле Нарындан тайдын эти келген.
-Аябай жакшы экен. Күрүч барбы?
— Бар.
— Анда ишке кириштик.
Жазуучуга телефон чалдым.
— Алло!
— Саламатсызбы Чынгыз Төрөкулович?
— Саламатчылык.
— Качан эки-үч саат бош боло аласыз?
— Бүгүнчө бошмун.
— Анда кечки тамакты ичпей турасыз. Биз сизге Нарындан келген тайдын этинен жегизели, — дедим.
— Тайдын этин жегизем десең, анда түшкү тамакты деле жебей, кечке чейин ачка күтөйүн, — дейт жазуучу тамашалап.
— Анда сүйлөштүк. Бирөө жарым кокус чакырып калса аткез кылыңыз. Тайдын эти убал болбосун.
— Макул.
Төкө экөөбүз кечки саат алтыга жакшы күрүчтөн палоо демдеп, тайдын этин былкылдатып бышырдык. Жөнөөргө жакын дагы телефон чалдым.
— Сени качан тайдын этин алып келет деп ачка отурам, — дейт.

Жазуучу таланттуу балдарды жакшы көрөт эле. Биз менен эки саатка чукул шашпай сүйлөшүп отурду. Семетей менен да сүрөткө түшүп, жаш бала деп койбой, биздин бала үчүн келген ишибизди бүтүргөнгө убада берди. Ошондон көп өтпөй эле Төкө Семетейди алып, Москвада бир ай туруп келген. Жазуучунун кат да жолдогонун, Карповго да телефон чалып дайындаганын сүйүнүп айтып келген эле. Жазуучунун жардамы Семетейге жакшы тийди. Семетей шахмат боюнча Азиянын эки жолку чемпиону болду.
Мен да кээде ашыкча сөздү айтып жибермей адатым бар. Үйдөгүлөргө жазуучуга Семетейди алып барганымды айта салганда эле, «элдин баарын эле айдап барып жүрө бересиң. Өзүңдүн балдарыңды да ойлобойсуңбу» деген сөздөр чубала баштады. Эртеси күнү дагы жазуучуга телефон чалып, беш мүнөттүк жумуш бар десем, «келе бер» дейт.
Төртүнчү класста окуган улуу балам Мухаммедди ээрчитип бардым. Короосунун дарбазасын ачканда эле айттым.
– Менин ишим ушул жерден эле бүтөт. Ушул бала менен сүрөткө түшүп койбосоңуз болбой калды. Сүрөткө түшкөндөн кийин акырын кулагына айттым.
— Чоң соопко калдыңыз. Мени жемеден куткардыңыз.
— Кандай жеме?
— Бул менин балам, — деп күлүп жибердим.
— Ой, ошентип айтпайсыңбы!
Мухаммедди колу менен өзүнө карай тартып, эркелетип сурап жатат.
— Эй, балам, чоңойгондо ким болсуң?
— Жазуучу, — дейт Мухаммед бирөө үйрөтүп койгонсуп.
— Ой, айланайын! Жазуучу болосуңбу? Жазуучу болом дейт, — деп баланын сөзүнө сүйүнүп жатат. Биз ала барган «Легенды Айматова» деген китебине “Уулубуз Мухаммедге” деп автограф жазып берди.
— Эми биз кайталы. Жакшы иш болду. Эң негизгиси мен жемеден кутулдум, – дедим.
— Анда мындан кийин жемеге калбай тургандай иш кылып жүр, — деп жылмайып, бизди узатып койду.
… Менин билишимче, жазуучу кимге деле болсо жардам бергенден баш тартканын көргөнүм жок. Бирок, ылайыгы жок ишке жардам сурагандар да болот экен. Бир жолу жазуучу менен кадыресе эле мамилеси бар интеллегенциянын бир өкүлү үйүнө келип калды. Кайра-кайра эле «өзүбүзчө бир сүйлөшүп алсак болот эле» дейт.

Акыры жазуучу айтты:
— Ой, бул жерде бөлүнүп сүйлөшө тургандай деле бөтөн адам жок. Темиралы молдокеден жашырбай эле сүйлөшө беребиз. Өзүбүздүн эле молдоке. Айтчу сөзүң болсо азыр айт. Эмне сөзүң бар. Кулак сенде.
Тиги келген киши айтышка аргасыз болду.
— Баланча президенттикке кандидатурасын койсом, — дейт
— Жакшы экен, коё берсин, — дейт жазуучу.
— Ушул маселени сиз менен акылдашалы деп мени жиберди эле, — деди.
— Президенттикке талапкер адам бирөө менен акылдашып койбойт. Президенттике талапкер адам эч кимден сурабай, өз акылы менен эле чечип коё берет. Ага ушундай деп айтып бар, — деди.
Жазуучунун сөзүнө биз да, жазуучу өзү да кошулуп күлүп калдык. Күлбөй коюшка болбойт эле.
…Жазуучу кээде күтпөгөн жерден эле кызык тамашаны айта салчу. Бир жолу телефон чалып салам айткандан кийин эле, колу бош болбосо жолтоо болбоюн дегендей оозума ушул сөз келиптир.
— Эмне кылып жатасыз, Чыңгыз Төрөкулович?
— Өзүмдүн ишимди кылып жатам.
— Аа …
— Эмне болду, сөзүң бүттүбү?
— Жок, туура эмес эле суроо берип алыпмын.
— Туура эле суроо бердиң. Мен да туура эле жооп бердим, — дейт.
Мырзабек Тойбаев аксакал “Искусство академиясы” дегенди ачып, президентке кат жолдогон. Чыгармачыл инсандар кызык кишилер болот эмеспи. Ошол кат президенттин колуна тийсе эле, акча бөлүнүп, чыгармачыл адамдардын иши жүрөт деп жатканбыз.

Кол коё турган кишилердин тизмесинде биринчи болуп «Чыңгыз Айтматов» деп жазылып турат. Баш аягы отуздан ашык киши экенбиз. Баарыбыз кол коюп бүтүп, жалгыз эле Чыңгыз Төрөкулович Белгияда болгону үчүн колу коюлбай турат. Эки-үч күнгө жетпей катты тапшырышым керек деп, Мырзабек Тойбаев шашып алган. Ошондо Мамат аке “Чыңгыз Төрөкуловичтин ордуна сен эле кол коюп койбойсуңбу” деп жиберди. Буга бир жазуучу чок баскандай секирип каршы болуп туруп алды. Эч нерсе деле болбойт мен кол коюп коё берейин десем, тигил жазуучу ансайын жаны чыгып безилдейт. Анда Чыңгыз Төрөкуловичтин фамилиясын алып салалы десем, Мырзабек аксакал көшөрүп болбойт. Ошондо Мамат аке тиги жазуучуга, “коркуп жатсаң Белгияга учуп барып Чыңгыз Төрөкуловичке кол койдуруп кел” деп жатат. Кашайып ал жазуучу буга да көнбөйт. Акыры кечке жакын арга түгөнүп, Мамат аке ал жазуучуга айтты:
-Темиралы менен интернетке бар. Барып телефондон сүйлөшкүлө. Чыңгыз Төрөкулович өзүнүн ордуна Темиралыны кол коё берсин дейби, же жокпу, өз кулагың менен угуп кел.
Жолдо кетип жатып мен ал жазуучуга айттым.
– Менин телефонго акчам жок. Сиз төлөйсүз.
– Макул.
– Эгер Чыңгыз Төрөкулович өзүнүн ордуна мени кол коё бер десе, анда мага бир жакшы кафеден кечки тамакты алып бересиз.
– Макул.
– А эгер кол койбойсуң десе, анда кечки тамакты мен сизге алып берем.
– Макул.

– Мен Чыңгыз Төрөкуловичке телефон чалып “алло” дегенде трубканы сизге берем, өзүңүз сүйлөшөсүз.
– Жок, жок, болбойт! Сен өзүң сүйлөш. Мен жаныңда тыңшап угуп турам.
Чок баскандай секирди.
– Макул, — дедим мен.
Мен Бельгияга телефон кылып эле жазуучу менен сүйлөшүп кирдим.
– Алло!
– Саламатсызбы, Чыңгыз Төрөкулович.
– Саламатчылык.
– Биз чечилбеген бир чоң маселе боюнча сизге чалып жатабыз. Бизде азыр жаңжал.
– Эмне жаңжал?
– Жаңжалдын чыгышы сизге байланыштуу. Мырзабек Тойбаев деген калемдешиңиз жөн жүрбөй «Искуство академиясы» дегенди ачып алып, ошонун атынан президентке кат жолдоп жаткан кербези. Отуздан ашык киши кол койгонбуз. Тизменин башында эле биринчи сиз турат экенсиз. Сиздин колуңуз коюлбай турат. Катты эки-үч күнгө чейин президенттин колуна жеткирбесем болбойт деп Мырзабек Тойбаев үшкүрүп отурат. Сиздин ордуңузга мен кол коюп коё берейин десем каршы болуп, жаңжал кылган адам бар. Буга эмне дейсиз?
Жазуучу телефондон жооп берип жатат.
– Сен мындай кыл. «Ч» деп чекит кой. Андан кийин «А» деп жазасың да, ага улап менин колума окшотуп чиймелейсиң. Эгер бул каттан кылмыштуу иш чыгып сурак бере турган болсом, анда сени каматам, — дейт тамашалап.
Жарым күн жаңжалга айланган Мырзабек Тойбаев аксакалдын катынын жаңжалын Бельгияга телефон чалып жатып тындырганбыз.
… Болот (Усубалиев) деген досум бар. Барбаңдаган ак көңүл адам. Кээде мени машинесине салып алып ары-бери ташый берет. Жадабайт, кабагын карыш салбайт. Гитараны да алып алабыз. Ал гитара менен да орусча-кыргызча ырдап жиберет. Андайда убакыттын өткөнү да билинбейт. Бир жолу кеч кирген жай мезгили болчу. Анын үйүндөбүз. Сөздөн сөз чыгып эле айтып калды.

— Сен, досум, Чыңгыз Төрөкулович менен такай эле жолугушуп жүрөсүң. Эмнелерди сүйлөшөсүң? Мага ушул аябай кызык. Ал киши менен баарысы эле сүйлөшө бербейт да.
— Эмнени сүйлөшмөк элем. Ассаламу алейкум! Жакшы жүрөсүзбү? Аман-эсен келдиңизби деп ал-акыбалын сурап коём. Башка эмнени сүйлөшмөк элем.
Менин жообум Болотту канааттандырбады. Мал базардын далдалчысындай мага асылды да калды.
— Жок, досум! Чыңгыз Төрөкуловичтин авторитети менен далай иштер бүткөн! Биз Москвада окуп жүргөн жылдары «Кыргызстанданбыз» дегенде эле биринчи Чыңгыз Айтматовду билишчү. Чыңгыз Төрөкуловичтин китептерин мугалимдерге белекке беришип далай студенттер зачет койдурушкан. А эгер ал киши менен бирге түшкөн сүрөтүң болсо, анда бул өзүнчө эле аброй, өзүнчө эле сыймык болчу! Сен Москвада окуган эмессиң, муну билбейсиң! Эми, сенден сураныч, азыр телефон чалып эки-үч ооз сүйлөшүп койсоң. Мага бул аябай кызык!
— Эч кандай жумуш жок, жөн эле сүйлөшкөндүн эмне кереги бар.
— Жо-ок, досум! Сага жөн эле болсо, мага жөн эле эмес да! Мага кызык болуп жатпайбы! Бол, досум!
Болот чөнтөк телефонун сунуп, акидей асылып туруп алды. Мен да апенди чалыш адаммын. Кайсы мезгил болгонун ойлобой эле Болоттун көңүлү калбасын, бой көтөрүп жаткандай болбоюн деп телефон чалдым. Телефонду бир аз кечигип алды. Адаттагыдай эле ал-акыбал сураштык. Канча күн болушун, качан кетишин сурадым. Акырында, мейли, анда жакшы туруңуз, деп кайырлашып жатсам, айтып жатат:
— Телефон чырылдаганынан ойгонуп кетип эле карасам саат бирге жетип калыптыр.

— Оо-уу! Кечирип коюңуз, Чыңгыз Төрөкулович! Кечирип коюңуз! Мен апенди…
— Жок, шашпа. Угуп тур. Түнкү саат бирде телефон чалган ким экен десем, сен экенсиң. Сен азыр жакшы бир отурушта отурасың. Мындай учурда убакыт да билинбей өтөт. Жашоо дегендин керемети ушул. Жаштыктын керемети деген да ушул. Жаштык өзү кандай керемет нерсе. Биз да жаш болдук, далай-далай уйкусуз түндөрдү өткөрдүк. Көз ачып жумгуча таң агарган түндөрдү өткөргөнбүз. Эми анын баары өттү, кетти. Кеткенде да кайрылбай кетти. Эми сен бул отурушуңду жакшы улант. Жакшы отурушту акырына чейин жакшы улантыш керек.
— Рахмат, Чыңгыз Төрөкулович! Саатты карабай калганымды карабайсызбы!
— Жок, андай дебе. Эч нерсе эмес. Отурушуңду бузбай жакшы уланта бер.
— Рахмат, Чыңгыз Төрөкулович! Жакшы жатыңыз!
Телефонду өчүрүп эле Болотту жекирдим.
— Эй, мээси жок! Жакшы иш кылбадың!
— Эмне болду?
— Атаңдын башы болду! Ме, саатты карачы!
Болот телефондон саатты көрүп эле чочуп кетти.

— Туу, ата! Саат бир болгон турбайбы! Мына! Чыныгы гуманист деп Чыңгыз Төрөкуловичти айтыш керек! Кудай анын бетин ары кылсын! Эгер бир чиновникке ушу маалда телефон чалсаң балээге калдың дей бер. Биринчиден, ал сени баш кылып, жети атаңды түгөл койбой сөгүп чыгат. Экинчиден, кол алдында иштесең ишиңден айдап, абийириңди төгөт. “Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу” деп Чыңгыз Төрөкулович бекер жазган эмес экен да! Мына, ал саптарды жазган адамдын улуулугуна да, бийиктигине да мен азыр күбө болуп жатам! Улуу адамды улуу деш керек!- дейт Болот.
Бир топ жылдан бери мечиттин так жанында жашайм. Аны кайтарам. Эми мечит деген күнү-түнү эле адам үзүлбөгөн жай болот экен. Өзгөчө, кээ бир күндөрү жети түндө мас болуп келип, “мечитти ачып койсоң намаз окуп алайын” деп келгендер да болот. Оозунан арактын жыты бурулдайт. Ары айтсаң да, бери айтсаң да түшүнбөйт. Жатар жери жок намазды шылтоолоп келгенин ачык эле көрүп-билип турам. Ар кайсыны бир айтып жадатат. Мындайда Чыңгыз Төрөкуловичтин сабырдуулугу, адамгерчилик сапаты эсиме түшөт. Сабыр кылам. Сабыр кылыш керек дейм өзүмө.
…Жазуучу кээ бир учурларда күтүлбөгөн жерден татаал суроо бере салат эле. Мен жооп бере албай шашып калган учурларым көп эле болду. Андайда чери жазылгансып, жылмайып калчу. Бул анын мага карата сыноосу, ары тамашасы.
Бир жолу мындай дейт:
– Мусулманчылыкта тагдыр эч качан өзгөрбөйт, маңдайга эмне бүтсө, ошол эч өзгөрүүсүз аткарылат деп ишениш керек деп айтылат экен. Бул деген фатализм. Сен айтчы, чын эле ушундайбы? Эгер мындай болсо, анда ар бир адам маңдайга эмне бүтсө ошол болот деп эч нерсеге аракет кылбай эле жата бериш керекпи? Сен буга эмне дейсиң, молдоке?
Ошондо мен жазуучуга ушинтип жооп кайтардым эле:
— Пайгамбардын алдына төө минген бир киши келип, төөсүн байлабай эле анын алдына кирет экен. Ошондо пайгамбар:
— Эй, төөңдү эмнеге байлабадың, — дейт.
Анда тигил киши:
— Аны Аллага тапшырдым, – дептир.

Анда пайгамбар:
— Сен оболу төөңдү байлап коюп, анан Аллага тапшыр, — деген экен.
-Демек, биз жамбаштап жатып албайбыз, аракет кыла беребиз. Ошого карабай биз аракет кылган иштердин баары эле биз ойлогондой, биз каалагандай болбойт, же болбосо Кудай оболдо кандай жазса, ошондой эле өзгөрүүсүз болот. Мындайда, биз, маңдайга жазганы ушул экен дебешке аргабыз жок. Мен ушуга ишенем. Тагдырдын табышмагын эч бир адам таба элек. Адам ата, Обо энеден бери карай бир да адам “мен тагдырдын табышмак сырын билип алдым” деп айта албай келе жатат. Себеби, тагдырдын математика менен физикадагыдай формуласы жок. Ошону үчүн аны эч ким алдын ала айта албай, түбөлүк табышмак бойдон калып келе жатат.
Курандагы “тагдыр” деген сөз, чен-өлчөм дегенди билдирет. Бул сөз Куранда көбүнчө Күн менен Айдын кыймылы, күн менен түндүн алмашышы, ар кандай жан-жаныбарлардын туулушу менен өлүшү, мунун баары күн мурунтан Кудай тарабынан өлчөнүп коюлган деп айтылат. Мисалы секундасына отуз километрдей тынымсыз өз орбитасында учуп бара жаткан Ай менен Жердин ылдамдыгы ким тарабынан өлчөнүп коюлган? Муну биз такыр өзгөртө албайбыз, укугубуз да жок, күчүбүз да жетпейт. Эгер бул экөөнүн учкан ылдамдыгында бир аз эле өзгөрүү болсо, анда чатак иш башталат. Жашоо кыйрайт. Тагдыр жөнүндөгү Куранда түшүнүк ушундай.
– Анда сен фаталистсиңби?
– Жок, мен мусулманмын. Куран жөнүндө сизге айтып берип жатпаймынбы.
Жылмайып күлүп койдум. Жазуучу да жылмайып койду.
Жазуучунун “Тоолор кулаганда” деген романы басылып, аны мен окуй деле элекмин. Кыргызстанда басылып чыга элек болчу. Өзү бир келгенде:
-Сен менин романымды окудуңбу? –деп калды.
Мен азырынча окуй элегимди айтып, бирок сөзсүз окуй турганымды айттым. Экинчи жолу келгенде дагы сурады. Мен окушка мүмкүн болбой жатканын айтсам таң калат.
– Эмнеге? – дейт.
– Бизде али басылып чыга элек. Ошон үчүн окуй элекмин, — дедим.
Эмнеге эле менден акыркы жазган романын “окудуңбу?” деп эки жолу сурап калды деп, ойлонуп да калдым.
Жазуучу бир суроону кайра-кайра сурай берчү эмес. Демек, муну тезирээк окушум керек экен деп калдым. Смальт акеден сурасам, компьютерге терилип басылганы бар экенин айтып, менин кезегим жыйырмадай кишиден кийин экенин айтты. Смальт акени эмне кылсаңыз да, менин кезегимди алдыга жылдырыңыз дедим шаштырып. Ал тез эле мага берди. Роман чү дегенде эле биз сүйлөшкөн “тагдыр” деген сөздөн башталыптыр. Биринчи бетте эле ушул саптар турат.
«Существует одна непреложная данность, одинаковая для всех и всегда, — никто не волен знать наперед, что есть судьба, что написано ему на роду, — только жизнь сама покажет, что кому суждено, а иначе зачем судьбе быть судьбою… Так было всегда от сотворения мира, еще от Адама и Евы, изгнанных из рая, — тоже ведь судьба — и с тех пор тайна судьбы остается вечной загадкой для всех и для каждого, из века в век, изо дня в день, всякий час и всякую минуту…»

Кийин келгенде айттым:
— Романыңызды окудум. Бир убакта сүйлөшкөн тагдыр маселесинен баштапсыз.
-Сүйлөшкөн менен жазылгандын айрымасы болот. Сүйлөшкөн деген айтылды – эстен чыкты, а жазылган – унутулбай сакталып калды деген сөз,- деп койду.
Бир жолу жазуучу менен Курандын котормолору туурасында сөз болгондо ушундай деп айттым эле.
-Куранды ар кайсы илим-билимден кабары бар, проза менен поэзияны жакшы өздөштүргөн адам которсо жакшы болот болчу. Орустар “смысловой перевод”, “поэтический перевод” деп аз-аздан илгерилеп жылып жатышат.
-Пороховага барып жолугуп, сүйлөшүп да келдиң. Айрымдар аны жакшы которду деп жүрүшөт. Буга эмне дейсиң? Сен орусча кимдин котормосун дурус деп эсептейсиң?
-Баары бир академик деген академик экен. Мага Крачковскийдики башкалардыкына караганда көбүрөөк жагат. Крачковский бар болгону ислам традициясын атайын окуп үйрөнбөгөнү үчүн терминологиядан аксайт. Мисалы, жөнөкөй эле “зекет” дегенди “очищение” деп которгону туура болбой калып жатат.
-Сага Куранды которсом деген ой келдиби?
-Азырынча жок.
-Балким, келечекте муну ойлоноорсуң?
-Эгер күчүм жетсе, кудай жардам берип которсом жакшы болот болчу. Алды менен терминологиясын алфавиттик тартипте тактап чыгыш керек. Бул өзүнчө алиге дейре жасала элек чоң мүшкүл жумуш. Куран поэзия да эмес, проза да эмес. А бирок анда мыкты поэтикалуулук бар. Мен ушул поэтикалуулугунан да катуу чоочуйм. Өмүрү ыр жазып көргөн эмесмин. “Поэзиядан кийин музыка башталат” деген сөз бар болсо да, мен ыр жазбай эле музыкага аралашып жүрөм.
-Порохова музыка жазбай эле Куранды “небесная симфония” деп жатпайбы. Буга эмне дейсиң?
-Египеттик Абдулбасит деген бир кары бар экен. Он беш аяттан турган “Күн” сүрөөсүн терең бир дем тартып алып жети мүнөт дем албай окуйт! Уккан өзүнчө эле рахат! “Небесная симфония” дегендей эле бар. Дүйнөнүн мен деген ырчысы деле үнүн үч-төрт мүнөттөн ашык созо албаса керек.
-Сен ушундай кылсаң кандай болот? Мисалы, гитарада деле жөнөкөй жеңил чыгармалардан баштап, ошондон кийин аз-аздан көлөмдүү чыгармаларды чертип үйрөндүң да. Ошондой эле Курандын да акырындагы майда сүрөөлөрүнөн которуп көрүшүң керек. Ошондо аз да болсо тажырыйбаң топтолот. А балким, келечекте которуп деле салышың мүмкүн.
— Чыңгыз Төрөкулович, тескерисинче Курандын майда сүрөөлөрү татаал. Алардын көпчүлүгү эле кыяматтын учуру жеткендеги кубулушту сүрөттөйт. А кыяматтын учурундагы кубулуштарды элестетиш кимге деле болсо жеңил эмес. Мисал катары алардан үч аятын айтсам, анда ушундай мааниге жакын айтылат:
-Күн жыйрылып кысылган кезде,
Жылдыздар төгүлүп чачылган кезде,
Тоолор кыймылдап жылышкан кезде…
Эми ушул эле үч аят жалаң эле поэзиянын тилинде эле эмес, физикалык кубулуш катары да мааниси так аныкталышты талап кылат.
-А физикалык кубулуш катары дегенде эмнени айткың келип жатат?
“Күн жыйрылып кысылган кезде” дегенде ааламдын физикада айтылгандай жыйрылышы тууралуу сөз болуп жатат. Ал эми “Жылдыздар төгүлүп чачылган кезде” дегенде жылдыз-дардын өз орбитасында айланбай хаос башталып, менин оюмча бу жерде гравитациялык тартылуу закону иштебей бузулуп, кыргызча айтканда “оңтор-теңтер” башталганы айты-лып жатат. “Тоолор кыймылдап жылышкан кезде” дегени да кызык. Мунусун мен азыр деле түшүнө албай жүрөм. Менин оюмча, Жер үстүндө кыяматтын келгенин алды менен акыл эстүү адамдар эмес, сезим-туюму күч жаныбарлар эмес, биринчи болуп тоолор билет экен. Башка бир аяттарда тоолор сабалган жүндөй майда-майда болуп талкаланы-шы айтылат. А бирок бу жерде ошол процесске чейин эле тоолор кыймылга кирип, талка-ланууга чейин эле жылыша башташы айтылган. Демек, тоолордун космос менен тикеден –тике байланышы бар. Алар муну биринчи кабылдайт деп ойлойм. Куран аяттарынын ушундай оор түшүнүгүнөн улам аларга тийиштүү комментария бериштин да зарылчылы-гы ортого чыгат. А бул болсо котормочудан опол тоодой милдетти да, билимди да талап кылат.
-Демек, физика менен поэзияны жакшы билбей туруп Куранды жакшы которушка да, түшүнүшкө да мүмкүн эмес деп жатасың.
-Туурасы, ушундай.
-Тоолор жөнүндө айтканың кызык экен.
Сөздү токтоттук. Жазуучу ойчул адам катары экология жана эсхатология маселеле-рине кайдыгер караган адам эмес болчу. Акыркы романы да “Тоолор кулаганда” деп турат. Жарыктык, бир убакта “Тоолор бөксөрбөйт” деди эле!

…Чыңгыз Төрөкулович менен адабият темасында сүйлөшө албадым. Себеби, мен адабияттын аки-чүкүсүн билбегенден кийин бу темада сүйлөшө деле албайт элем. Мен өзүмө ылайык чыйыр жол менен жүрөм. Анын үстүнө жазуучу өзүнүн күндөлүк турмушунда адабиятты көп козгой берчү эмес. Сөзгө сараң, көп сүйлөбөгөн адам болчу. Мен болсо аны дүйнөгө “маңкурт” темасын жеткирген улуу жазуучу деп айтып жүргөндөрдүн эле биримин. Бир гана жолу “маңкурт” жөнүндө өз оозунан ушундай укканым бар.
Анкарадамын. Эки ай ашыгыраак курулуш жана жол министрлигинин отелинде туруп калдым. Турганда да отелдеги министрдин өзүнө тийиштүү жатаканасында турдум. Анда уктай турган бөлмөсү, залы, кухнясы, ваннасы бар. Шартым жакшы, тамак да үч маал бекер жейм. Телефон да бекер, туш тарапка чалганга болот. Ара-чоло министрдин жардамчысы келип жашоо тиричилигимден кабар алып турат. Мунун баары Чыңгыз Төрөкуловичтин урматынан болуп жатат. Анткени, 2003-жылы жазуучуну Стамбулдан Анкарага алып барганыбызда биринчи жолу ушул министрликке кирип, мен котормочулук да кылгам. Ошондон улам министр мени жакшы таанып калган, мамилебиз жакшы. Ал министр мерседес 600 машинасын да жазуучунун алдына тарткан. Кээ бир учурда адаттагыдай эле жазуучуга телефон чалып ал акыбалын сурап коюп жүрөм. Бир жолу министрдин отелдеги бекер телефонунан чалып, сөздөн сөз чыгып ушундай узун сөзгө түшкөнбүз. Майдалабай эле негизгисин айтайын. Жазуучу сурап жатат:
— Сен маңкурт менен кулдун айырмасын кандай деп түшүнөсүң?
— Ушуну билбейм. Чынын айтсам бу туурасында эч качан ойлонгон деле эмес экем.
— Анда, угуп тур. Кул деген түбөлүк кул эмес. Ал бир күнү баш көтөрүп чыгышы мүмкүн, эркиндикке жетиши мүмкүн. Мисалы, Спартак. А маңкурт деген кулдан да төмөн. Ал акыл эстен ажырап, кожоюндун буйругун аткарганды, кара курсагынын ачканын, тамак жегенди эле билет. Мындан башка менен анын иши деле жок. Андан кожоюн качып кетет экен, баш көтөрөт экен деп коркпойт.
— Мен сиздин “Кылымга тете бир күн” деген романыңызды окугам. Бирок, азыркы мага айткан сөзүңүздү укканда мен адабиятты түшүнбөгөнүмдү мурдагыдан да ачык билдим. Сиздин романыңыздын максатын эми түшүндүм.
— Куранды түшүнөйүн деп кайра-кайра окуп, изилдеп жатпайсыңбы. Адабий китептерди деле окуй берсең түшүнүп кетесиң. Курандай кыйын эмес, молдоке!
— Эми, ошондой кылам. Эми түшүндүм.
— Менден башка кайсы жазуучулардын китептерин окуп жүрөсүң?
— Чынын айтайынбы Чыңгыз Төрөкулович?
Смальтбек байке жазуучу менен тамашалашкысы келип калса ушинтип сурап калар эле. Ошондон улам ушинтип сурап жатам.
— Чынын айт.

— Чыңгыз Төрөкулович, анда мага ачууланбайсыз. Адабий китептерди көп окуй албадым, буга убакыт бөлгөнүм жок. Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” деген романы мыкты жазылган деген сөздөрдү жашымда көп угуп, ал романды бир сыйра окудум. Эмне десем? Мен сынчы да, окурман да, орусча айтканда “ценитель” да эмесмин. Адабият менин пикириме муктаж деле эмес. Бир жолу мага Рыспай Абдыкадыров үйүндө жүргөнүмдө “сен жакшы музыка жазыш үчүн адабият менен поэзияны көп окушуң керек” дейт. Анда мен ага ушинтип орой жооп кайтарыпмын:
-Адабият менен поэзияны окуш аялдардын иши!
Ошондо ал эки көзүнөн жаш чыкканча күлө бери жыгылып калган.
— Ха-ха-ха… Жазуучу да күлүп жиберди.
— Чыңгыз Төрөкулович, жашырбай айтсам ушундай болуп жатат. Биздеги адабият менен поэзия, тактап айтканда совет доорундагы адабият менен поэзия , кошоматчы адамдын тонун кийип артист болуп алды. Жалаң эле коммунисттердин идеологиясын мактап туруп алды. Кудайды унутту, атеизмди чыныгы илим деп төгүп ырдай баштады. А демократиянын учурунда баш-аягы жок эле бирдемелер жазылып жатат. Ушуну үчүн мен адабият менен поэзияга ыкылас кыла койгонум жок. Ушу күнгө чейин бир дагы акындын китебин толук окуганым жок. Мындан ары деле окубайм деп ойлойм. Анткени, акында-рыбыз эчак эле ырдалып бүткөн “Жусуп менен Зулайканын” дастанын кайталап туруп алды. Эрте менен деле сүйүү, түштө деле сүйүү, кечинде деле сүйүү. Жалаң эле үшкүрүк, уйкусуз түндөр. Бир эле тема кайталанып жатат, жаңылык деле жок. Бир сөз менен айтканда акындар күнү-түнү эле уктабай үшкүрүп жатышат. Сиз деле сүйүү жөнүндө жазып келе жатасыз. Сүйүү темасы түбөлүктүү тема деп айтып каласыз. Бирок, “Кыямат”, “Кылымга тете бир күн” деген романдарыңызда коммунисттик идеологиядан жүз үйрүдүңүз да. Иисус кудайды сүйүүгө, Мухаммед кудайга ишенүүгө чакырган деп айткандар бар. Мисалы, Бахиана деген каарманыңыз монастырга бир эркекти сүйүш үчүн эмес, кудайды сүйүш үчүн келди да! Бул чыгармаңызда сиз сүйүүгө мурдагыдай эмес, дагы бир башкача жаңы бир көз караш менен карап жатасызбы?
— Муну сен кантип билип жатасың?
— Эмне десем, Чыңгыз Төрөкулович? Ар кандай чыгарма түбөлүктүү идеяны жарата албаса көпкө жашабайт, унутулат деп акын-жазуучулар өздөрү айтып жүрүшөт. А түбөлүктүү идеяны табыш үчүн сөзсүз билим керек дегендерге кошулам. А түбөлүктүү идеяны бере турган билим кайда? Биздин акын-жазуучулар мифологияны, динди, философияны ырааттуу окуп үйрөнүшкөн эмес. Ушундан улам аларда чыгармачылыкка жардам бере турган жетиштүү билим жок деп ойлойм. Мындай адам кыйын болгон күндө деле ылдый-өйдө сүйлөгөн бакшыдай эле бирдемелерди чиймелей бериши мүмкүн. Мисалы, сиз христианствону мыкты билбей туруп “Кыямат” деген романды жаза албайт болчусуз. Ошондой эле Манасты жакшы билбесеңиз “Кылымга тете бир күн” деген романды жазбайт элеңиз.
Сиз кээде адабиятчымын деп каласыз. Мен да музыкантмын деп калам. Мурунку заманда адабият да, музыка да илим деп окулуп келген экен. Мисалы, орто кылымдагы Аль-Кинди менен Фараби сыяктуу улуу философтор музыканы илим деп таанышкан. Адабият болсо илгертен эле адеп-ахлактын илими катары окулуп келгенин жакшы билесиз. Кийинчерээк жаңы заманда бу эки илимге тең мамиле өзгөрдү, экөөсүн тең искусство деп тааный баштадык. Ошондон кийин акырындык менен “ремесленник” акын-жазуучулар менен композиторлор көбөйдү. Азыр болсо, жазылган китептер да, музыкалар да көп. Бирок, илимге айланбаган адабият менен музыканын кимге кереги бар?
— Сен анда азыркы адабий китептерди илим эмес, аларды окубайм деген чечимге келдим деп жатасыңбы? Мен сени туура түшүндүмбү?

— Чыңгыз Төрөкулович, сиз мени дайыма эле туура түшүнүп келгенсиз. Мындан ары да туура түшүнөсүз! Мисал катары айтсам, бу жарык дүйнөгө келген ар кандай мусулман пендеге оболдо тунук акыл менен эң кур дегенде Курандын беш-алты кичине сүрөөсүн болсо да кырааты менен жакшы жаттап окушу керек. Мусулман адамга бу зарыл. Бирок, жалаң эле кыраат менен иш бүтпөйт. Кыраатын жайына келтиргенден кийин анын ар бир сөзүн курч акыл менен талдап акылга салып, ой жүгүртүп баамдабаса болбойт. Муну
айтып жатканым, Курандын өзүндө эки эле жолу “окугула!” деп, 46 жолу “акыл менен аңдагыла!”, 27 жолу “пикир жүргүзгүлө!” деп эскертилген. Демек, ар бир жөнөкөй адамга берилген акыл эстин жүз пайызынан эки пайызы филологиядан, 46 пайызы логикадан, 27 пайызы философиядан турат экен деп коёлу. Баарысы 75 пайыз болсо, калган 25 пайызы кайда? Алар кошумча дөөлөт катары кылымдарда бир келген пайгамбарларга, окумуштууларга, суфийлерге, айрым бир чыгармачыл инсандарга гана берилет экен. Жүз пайыз акыл эске пайгамбарлар гана ээ, пайгамбарлык кудайдан берилген улук энчи, зор дөөлөт. Бир сөз менен айтсам, бу 25 пайыз “эзотериканын” предмети. Биз мактап жаткан окумуштуулар деле жөнөкөй адамдан бир эле пайыз ашык акыл эске ээ. Ошону үчүн Курандын текстинде “илим” деген сөз анын бир пайызын түзөт. Буга терең кирбейин. Жыйынтыктап айтчу болсом, таланттуумун, билимдүүмүн дегендер акыл эстин 75 пайыздан турган күч кубатын жакшы жыйнап алып, андан кийин бир нерсе чиймелесе жакшы болот болчу. Эгер алар өздөрү үчүн эмес бирөөлөрдү окусун, бирөөлөрдү уксун деп жазып жатышса. Айылдагы кичинекей бир окуяны сизге айтып берейин.
Зулпукаров Арзымат деген киши бар болчу. Ал киши Ала-Бука районунун начальник мициясынын жардамчысы болуп иштечү. Сүйлөгөн сөзү орундуу, ар кандай киши менен тил табыша сүйлөгөн адам эле. Менин ким экендигимди билгенден кийин эле мага суроолорду жаадырып баштаган. Эми, милициянын кандай таризде сүйлөшүн айтпасам деле билесиз. Ал мага айтат:
— Сен пайдалуу нерселерди окуп жатасыңбы, же эч ким түшүнбөгөн арабча тексттерди окуп алып эле окудум деп сүйүнүп жүрөсүңбү? Биздин айылда Тажибай молдо деген бар болчу. Үч эле нерсени билет эле, дем салганды, нике кыйганды, жаназа окуганды. Бүткүл өмүрү ушул иш менен өттү. Айылдын баары аны кожодой колдоп, сыйлашчу. Эгер сен да Тажибай молдодой ушул үч эле нерсени окуп жатсаң, анда “чала молдо дин бузар” болосуң. Куранды окуп жатсаң айтчы, тоок мурун жаралганбы, же жумурткабы?” деп кара терге түшүргөн.
Ошондон кийин Арзымат аке менен такай эле катташып, ал мага кээде бир-эки саат убакытты жалаң эле философияны түшүндүрүшкө жумшачу. Көрсө, бир убакта ал Ташкенттеги марксизм-ленинизм интитутунда эки жыл окуп, аны абдан мыкты окуп бүтүрүптүр. Бизди мээңдин капкагын ачып куюп коё турган докторлор окуткан деп калар эле. Арзымат аке Ала-Букада баш аягы беш жылдай иштеп, бул арада мен аны менен такай эле байланышта жүрдүм. Ал мага «диалектический материализм» менен «исторический матариализмдин» теорияларын түшүндүрөт эле да, философия деген аалам менен адам жөнүндөгү эле окуу деп, Куран деле ушул маселени айтат деп калчу. Ошондон кийин мен философия менен логикага бир аз кайрылдым. Башкасын айтпаганда да, Фарабинин логикасы менен Аль-Киндинин “Биринчи философия тууралуу” деген трактатын окуганда көзүм ачылды десем болот. Ансыз Куранды деле түшүнбөй, жалаң эле кырааты менен окуп кала беришим мүмкүн экен.
Эми мен сизге көркөмдөбөй эле ачык айтайын. Эгер мен адабий китеп окуй турган болсом, анда сөзсүз кыргыз акын – жазуучуларынын жазгандарын окушум керек. Анткени, кыргыз тилин эле билем. А кыргыз тилиндеги акын-жазуучулардын чыгармала-рынын көпчүлүгү эле кудайсыз адабияттар, атеизмдин акурунан жем жеген малдарды элестетет. Кудай менен иши жок акын-жазуучу көбөйүп кетти. Ошону үчүн алар жан-дүйнөсүн кыйнаган жашоо менен өмүр өткөрүшөт, окулбай турган, эсте калбай турган китептерди жазышат.
— Муну мага ачык түшүндүрбөсөң болбой калды, молдоке!
— Мунун түшүнүгү эле ушул. Чыгармачылык деп жатабыз. Түбүндө бу нерсе кудайдын улук энчиси. Муну жогоруда да айтып өттүм. Кудайдан берилген чыгарма гана бу дүйнөгө шедевр болуп жаралат. А шедеврлер болсо кудайды тааныган, кудайды сүйгөн чыгармачыл инсандарга гана берилет. Кудайды тааныбаган көп эле адамдар шедевр жаратам, гений болом деп убаракерчилик менен өмүрүн өткөрө берет. Кудайды тааныбай
туруп, кудай жараткан аалам менен адамды жазып сүрөттөш кыйын, а балким мүмкүн эмес. Мен ушундай түшүнөм.
— Анда сага ушундай суроо. Сен орто кылымда ыр жазган мусулман акындары көп болгонун билесиң. Алардын ичинен кудайды тааныган дейсиңби, же сүйгөн дейсиңби, билимдүү дейсиңби, иши кылып өзүң айткандай кудай талант берип мыкты шедеврлерди жазып калтырганы кимиси деп айтасың?
-Буга мисал катары эки эле акынды айтайын. Биринчиси — Омор Хаям, экинчиси – Жалаледдин Руми. Бир жолу агамдын үйүнө барсам бир акын бар экен. Кайра-кайра эле жазган ырларын окуп жадатты. Акыры жадаганда агам тиги акынга айтып жатат:
— Омор Хаямдан кийин ыр жазган туура болобу?
Тиги акын бир топ чычалап, поэзиянын жаңы бийиктиктерин, жаңы формаларын түшүндүргөнгө өттү. Анда агам да жөн калбай кызууланып, тиги акындын шаштысын алды:
— шунун баарысын билгениң жакшы экен. Бирок, эмнеге Омор Хаямдай дүйнөгө таанылган гений акын боло албай жүрөсүң? — дейт.
Бу сөзгө үчөөбүз тең күлдүк. Ошондо мен да сөзгө аралашып ушундай дегем.
Омор Хаям болуш кыйын. Алды менен Омор Хаям акын эмес, суфий болгон. Суфийлер бүткүл өмүрүн кудай жолуна жумшаган, чоң билимге ээ даанышмандар болчу.Омор Хаямдын мыкты астроном жана математик экенин айтпаганда деле поэзиянын пайдубалын койгон улуу акын экенин айтпай жатасыңар. Орто кылымда ар кандай формада жазган көп эле мыкты акындар чыккан. Мисалы, эки саптан турган ырлар – масневи, үч саптан тургандары – мусаллас, төрт саптан тургандары — рубайи, беш саптан тургандары – мухаммас, алты саптан тургандары – мусаддас деп аталып, ушул тартипте өсүп кете берет. Омор Хаямдын улуулугу ушул. Ал төрт саптан турган рубаилерди жазды, анын баарысы эле элге тегиз тарады. Ал берметтин сыңары мыкты ойлорун төрт сапка тизди. Ошондон кийин негизинен төрт саптан турган ырлар жазыла да баштады, ырдала да баштады.
— Сен поэзияны окубайм дегениң менен поэзияны изилдеген окумуштуудай сүйлөп жатпайсыңбы.
— Чыңгыз Төрөкулович, мунун да себеби бар. Молдо Жоро Акун Дамбылда кээде “жалаң эле шарият китебин окуй бербегиле. Шир китептерди да окуп тургула. Антпесеңер жүрөгүңөр катып калат” дечү. “Шир китептер” деп ыр менен жазылган китептерди айтып жатат. Көрсө, шарияттын жол – жоболорун такай окуй берген киши ар кандай адамдын баскан – турганынан айып тапкан “закүнчүл юристтердей” пейил күтүп калат экен.
— Ал Дамбылда жакшы сөз айтыптыр. Анан сен ал Дамбылда айткандай ыр китептерден да окудуңбу?
— Окуп турдум. Кул Кожо Акмат Ясавинин чагатай тилиндеги хикматтарын баш кылып, бирин-экин фарсы тилиндеги ыр китептерге чейин да окудум эле. Азыр эми эсимден да чыкты. Бирок, аманчылык болуп пайгамбар жашына жетип акыл токтотконумда Омор Хаямдын Рубаилерин түз эле фарсы тилинен которсом деген оюм бар. Биздин котормо-чулар орусча котормосунан эле которуп жүрүшөт.
— Бул оюң жакшы экен.
— Эми, Жалеледдин Руми жөнүндө да айтайын.
— Айт.
— Менин Стамбулда Орунч бей, Яшар бей деген эки бир тууган досторум бар. Экөөсү тең музыкант, жакшы адамдар. Алардын “Түмата” деген ансамбли бар. Жалпы эле түрк элдеринин ырлары менен музыкасын аткарып, концерт да беришет, диск да жазышат. Менин да дискимди жазышкан. Орунч бей Мармар университетинде иштейт, философия илимдеринин доктору. Алардын студиясы Стамбулдун так ортосунда, Султан Ахмеддин жанында жайгашкан. Түркияга келгенимде эле алды менен аларга бир учурабасам болбойт. Орунч бей абдан билимдүү адам. Түрк элдеринин музыкасы менен маданиятын мыкты билет.
Бир жолу Рамазан айы болуп, таң атканча алардын студиясында музыка ойнодук, ыр ырдап, каалагандар бийлешти. Ошондогу бир окуя мага чоң таасир калтырды. Ал окуя ушундай. Алды менен Жалаледдин Руминин арбагына Куран окулду. Андан кийин анын ырлары ансамблдин коштоосу менен ырдалып, каалагандар суфийлердин салтына ылайык эки колун жайып, тегеренип бийлесе да болот экен. Мунун терапиялык касиети да бар дешти. Ошондо бир толмоч сары аял кан басымы 200 гө көтөрүлүп ооруп жүргөнүн, ошондон улам атайын терапиялык максат менен келгенин айтты. Ошонү үчүн Жалаледдин Руминин ырларын ансамблдин коштоосунда жандуу ырдалганын угуп, шыпаа болсо деп угуп отуруш үчүн келиптир. Муну укканда Орунч бей ал аялды ортого чыгарып, эки колун суфийлер салтына ылайык эки тарапка жайып тегеренип бийлей да, ырдай да беришин талап кылды. Тиги аял алгач ишене албагандай түр менен акырын тегеренип бийлеп, андан кийин эки сааттай экстазга кирген адамдай эркин эле тегеренип ырдап да, бийлеп да жүрдү. Ошондон кийин чайга отурдук. Тиги аял “жакшы болуп калдым!” деп жетине албай сүйүнөт. “Эми, силердин студияңарга такай келип турам!” деп таң атканда сүйүнгөн бойдон кетти.
Чыңгыз Төрөкулович, муну мен өз көзүм менен көрдүм! Бизден ыры менен адамдын жан дүйнөсүнө шыпаа берген ушундай акындар чыгабы? Муну мен эмес, биздин акындар ойлонушу керек.
— Сенин мага эки суфий акын жөнүндө айтканың кызык болду. Жанагы Бахиана жөнүндө айтканың да кызык болуп жатат. Андай ой сага кайдан пайда болду, молдоке!
— Алды менен сизге Жусуп пайгамбар менен Зулайканын окуясын кыска айтып берейин. Жаш убагымда “Пайгамбарлар баяны” деген китептен Жусуп пайгамбар тууралуу ушундай окуганым бар. Жусуп пайгамбарды бир туугандары ич күйдүлүк менен кул катары Палестинадан Египетке кетип жаткан кербенчилерге сатып жиберишет. Муну Библиядан билесиз, Жусуп пайгамбар фараондун вазири Потифардын кызматкери болуп Египетте туруп калган. Ошондо Потифардын аялы Зулайка Жусупту сүйүп калып, Жусуп болсо аны түк карабайт. Зулайка аялдардын билген амалдарынын баарын колдонсо да, максаты ишке ашпайт. Акыры, Жусуп түрмөгө камалып, а Зулайка болсо биздин акындар жазгандай күнү-түнү үшкүрүп, оор азапка түшөт. Мусулман аалымдарынын жазганы боюнча, Зулайка өлө турган абалга жеткенде айласы түгөнүп, кудай деп сыйынган идолдорунан жардам сурайт, эч кандай жардам болбойт. Ошондон кийин жини келип идолдордон жүз үйрүйт да, Жусуп ишенген бир Кудайга ишенсем жардам болор бекен деп, Кудайды сүйөт. Бул болсо ага чексиз рахат тартуулайт, Жусупту унутат. Бул арада Жусуп Зулайканын ышкысына түшөт, а Зулайка болсо аны карабайт. Жусуп буга таң калып сураганда, Зулайка жооп берет:
— Сени сүйдүм азапка кирдим, Кудайды сүйдүм, чексиз рахатты таптым! Мага башканын кереги жок!
Ошондон кийин экөөсү никелешип баш кошуп, бактылуу өмүр сүрүптүр. Эми сиздин Бахианаңызга келели. Буга чейин сиз Данияр менен Жамийланы, Раймалы менен Бегимайды жана башкаларды жаздыңыз. Жыйынтыктап айтсак, эркек-аялдын сүйүүсүн жетишээрлик эле ырдадыңыз. Ким болбосун түбөлүктүүлүктү да, бийиктикти да, тынчтыкты да, бакты-таалайды да Кудайдан издейт, Кудайдан табат. Сиз түбөлүк сүйүүнү тапкан бактылуу аялзаты катары Бахиананы бу дүйнөнүн бардык азап-тозокторунан куткарып, монастырга алып келдиңиз дейли. Мусулмандар кыйналганда акыркы үмүт менен мечитке, христиандар чиркөөгө барышы жашыруун деле эмес. Сиздин Бахианаңыз монастырга кантип келгени тууралуу монахиняларга “Я бы здесь не появилась, если бы не тот человек” деп жатат. Мен, мына ушул кишини Бахиана сүйгөн деп билип жатам. Эми, сүйүү дегенге баарысы эле каршы турушат. Муну сиз жаздыңыз. Демек, Бахиана сүйүүсүн таза сакташ үчүн Кудайды сүйүшкө, Кудайдын мыйзамы бузулбаган жерге келди деп коёлу. Ошону үчүн ал чиркөөгө келди да.
— Аа, Темиралы молдоке, сен менин жазыла элек китебимдин идеясын билип алыпсың. Туура айтып жатасың, Бахиананы монастырга жөнөткөн жигит менен Бахиана бирин-бири катуу сүйүшкөн. Аларга чоң каршылык да болот. Бахиананы сүйгөн жигитти согушка жөнөтүп көзүн тазаламакчы болгон бийлик адамы да бар. Анткени, Бахинага ал өзү үйлөнгүсү келет. А жигит болсо согушка барса өлөрүн да билет. Бирок, согуш деген да мекендин ыйык милдети. Барбай коюшка болбойт. Мындайда эмне кылыш керек? Ортодогу сүйүүгө доо кетирбей таза сакташ үчүн сен айткандай, Бахиана монастырдан башка эч бир жерден тынч орун таба алмак эмес. А монастырь деген өмүр бою кудайга гана кызмат өтөй турган, кудайдын мыйзамы бузулбай аткарылган, кудайды гана сүйө турган таза жер, тынч жер болуп жатат. Анда эркиндик бар. Ошондон улам алар үчүн мындай оор жагдайда монастырь гана бирден бир коркунучсуз тынч жер болуп, Бахиана өмүр бою монастырда калышы керек болчу. Алар ушундай туура чечимге келишкен. А Бахиананы сүйгөн жигит болсо согушка кеткен бойдон кайтпай өлөт. Муну ал өзү күн мурунтан эле билет. Сенин молдокелериң жакшы экен, тез эле Зулайканы Жусуп пайгамбарга аман-эсен кошуп, бактылуу кылып коюшуптур. Биздин Бахиана али деле кыз боюнча жүрөт.
— Чыңгыз Төрөкулович, биздин молдокелер үч ишти кечиктирбей бүтүрүшөт: өлгөн кишиге кечиктирбей жаназа окушат, үйлөнө турган эркек-аялга да кечиктирбей нике кыйышат, ооруп калган адамга да дароо эле дем салышат. Муну мага Арзымат аке жашымда эле кулагыма куйган.
Экөөбүз тең күлдүк.
— Чыңгыз Төрөкулович! Сиз мифологияны, динди, философияны, искусствону жакшы билесиз. Акыркы мезгилде илимий адабияттарды көбүрөөк окучу болдум деп да айтып каласыз. Бир сөз менен айтканда чоң энциклопедиясыз. Ушунун баары сизди чыгармачылыктын бийик чокусуна жетелеп, түбөлүктүү өлбөс-өчпөс идеяны тапканга билим катары жардам берип келди. Бахиянаны бүтүрсөңүз мыкты шедевр болот эле! Гениалдуу чыгарма болот эле!
— Эмнеге мындай деп бекем ишенич менен айтып жатасың?
-Биздин жазуучулар эле эмес, жазуучу атпайдын көбү эле бу турмуштун соодасын эле жазып бүтүшө албай жүрүшөбү деп да ойлойм. Мисалы, Моисей, Иисус, Мухаммед деген пайгамбарлар кандай адамдар болушкан? Алар эмнени ойлошкон? Алар кандай ой жүгүртүшкөн, кандай жумуш кылышкан? Адамзатка эмне калтырышкан? Алардын ой санаасын, идеясын, инсандык образын адабият бизге жеткире алдыбы? Азырынча, жок деп кесе эле айтсам болот. Сизге азыр түшүнүктүү болуш үчүн Курандын “ТаХа” деген сүрөөсүндө Кудай менен Моисейдин сүйлөшкөнү тууралуу кичинекей бир эпизодду айтып берейин. (Анда ушундай деп айтылат).
— Эй, Муса! Бу, сенин оң колуңдагы эмне?
Муса айтты:
-Ал менин таягым. Аны таянып басам. Аны менен койлорума жалбырактарды күбүп берем. Андан башка да анын мага көп кызматы бар.
— Эй, Муса! Аны жерге ташта!
Ошондо ал сойлогон жыланга айланды. Айтты:
-Колуңа ал, коркпо! Аны мурдагыдай эле таяк абалына келтиребиз. Эми, эки колуңду колтугуңа кыс! Эч кандай кыйынчылыгы жок эле аппак болуп чыга келсин. Бул сага бир аят. Биз сага Өзүбүздүн улук аяттарыбызды көрсөтүп жатабыз.Эми, Фараонго бар! Ал жолдон азды!”
— Чыңгыз Төрөкулович, сиз Моисейдин еврей калкын ушул эки керемети менен Фараондон куткарганын жакшы билесиз. Бирок, Куранда айтылып жаткан бул айаттардын түшүнүгүн-дө мындан да терең маани бар. Ал – ушундай. Кудай деген кээ бир адамдардын колуна калем карматып жазуучу кылып коёт экен. Айрым бирөөлөргө кисти карматып сүрөтчү кылып, кээ бирөөсүнө скрипка карматып музыкант да кылат экен. Анан ошондой адамдар Фараонго окшоп жолдон азып, ак-караны тааныбай калган наадандарды колунда карма-ган керемет аспабы менен туура жолго жетелеши керек. Кудайдан айрым бир инсандарга талант ушул үчүн берилет да. Муну чыгармачылмын деген адамдын ар бири өз акылы менен түшүнүшү керек. Өзүнөн өзү жоопкерчиликти талап кылышы керек. Маселе эле ушул. Аса таякты таянып алып алып эле кой кайтарып беймарал жүрө бербешибиз керек.
— Темиралы молдоке, угуп тур!
— Угайын.
— Сен азыр чындыкты таамай айттың! Айтканда да так өзүн айттың! Моисейди мисал кылып, не деген керемет ойду айттың! Мунуңа мен толук кошулам, молдоке! Эң негизгиси, сен Куранды жөн окубайсың! А Куранды деген жөн эле окуп коюштун өзү да туура эмес.
Жазуучу толкуп кетти. Жакшы бир ойлорду, идеяларды кимдир бирөөдөн укса тол-кунданып, анысын кээде жашыра албай күүлөнүп кетчү.
-Эми, дагы бир нерсе айтайын.
— Айт, молдоке!
— Бахианадан алдын айта кетейин. Түркстанда өткөн Кул Кожо Акмат деген шейхти жакшы билесиз.
— Билем.
— Алтымыш үч жашка чыкканда “пайгамбар жер үстүндө алтымыш үч жылдан ашык жашаган эмес экен. Мен жер үстүндө андан ашык эмнеге басып жүрөм” деп, үңкүр казып жер алдына кирип кетет да, өмүрүнүн акырына чейин жер алдында да алтымыш үч жыл жашайт. Ал жер алдында кандай ой-санаа менен, кандай акыл эс, билим менен жашады? Буга алиге дейре бир деле адам башын оорута элек. Маселе бул эле эмес. Кул Кожо Акматка чейин эле дагы бир Шейх Баязид Бистами деген жашап өтөт. Ал шейх бир учурда өзүнүн суфий шакирттерине экстаз учурунда “Мен улукмун!” деп жиберет. Бу сөз кала-йыкка жайылып кетип, эч ким бу сөздүн түйүнүн чече албайт. Анткени, пайгамбар деле “Мен улукмун” деп айтпаган экен. Бу маселе жоопсуз калып, ортодо эки – үч жүз жыл өтүп да кетет. Ар бир учурда жашаган суфий шакирттер өздөрүнүн кол берген шейхине бу суроону беришет. А шейхтер болсо жообун айта алышпайт. Бир сөз менен айтканда, бу маселенин жообу Кул Кожо Акматка чейин чечилбей келе бериптир. Акыры, Кул Кожо Акмат шейх туулуп, Түркстанда улук шейх даражасына жетет. Ошондо, суфий шакирттер жыйылып келишип кылымдар бою чечилбей келе жаткан маселенин табышмак сырын сурашат. Анда Кул Кожо Акмат шейх жооп берет: “Пайгамбардын “Мен улукмун” деп айтпаганы да туура, Шейх Бистаминин “Мен улукмун!” дегени да туура.
Шакирттер таң калышып, кулак салып жым туруп калышат. Кул Кожо Акмат сөзүн улайт: “Алла Таала тарабынан шейхтер үчүн уламдан улам бийик даража таап өсө турган 70 000 даража белгиленген. Бул деген ар бир даражанын өзүнө таандык акыл эси, билим тажырыйбасы бар деген сөз. Шейх Бистами өмүр бою Кудайга ак кызмат кылып, ошондой даражанын бир гана баскычына жеткен болчу. Андан ары көтөрүлө турган бийик даража-ларды ал билген да, көргөн да, сезген да жок. Ошол себептен ал “Мен улукмун!” деп туура айтты. Пайгамбар ошондой даражадан 70 000 даража бар экени билип-көрүп туруп, “Мен улукмун” деген жок. Айрымасы эле ушул”.
Кылымдарга табышмак калган маселе чечилди.
— Чыңгыз Төрөкулович, чыгармачылыктын да кайсы түрүндө болбосун, анда жаңы даражалар да, жаңы бийиктиктер да жок эмес да. Азыр жаңы бийиктиктерге көтөрүлүш барбы? Буга эмне дейсиз?
— Муну мен акыркы жылдары ачык эле айтып келе жатам. Мисалы, Шекспирдей адам азыр керекпи? Керек. Бирок, чыкпай жатат. Азырынча жок. Күтө туралы. Адам баласынын жашоосу улам алдыга өсүш үчүн илим менен техника өсүш керек деп жатабыз. Муну менен бирге өлбөс – өчпөс идеяларды жараткан чыгармалар да жаралып турушу керек да. Андай болбосо прогресс болбойт, чыгармачылык өспөсө маданият да өспөйт.
-Эми, Бахианаңыз жөнүндө да айтайын.
— Айт, молдоке!
— Балким, мен дин жагына көбүрөөк көңүл бөлгөнүм үчүн, ар кандай окуянын маани-маңызын диндин көз айнеги менен карасам керек. Ошондой болсо да, диндин убакыт-мейкиндик өлчөмү, анын тереңдиги менен бийиктиги, идеясы, адабиятка тийишпей эле коёюн, философия менен илимди да кээде тизгиндеп коёт экен. Илим менен философия аалам менен адамдын кантип жаралганын лабараторияда күзөтүп отургуча эле, дин ааламды да, адамды да Кудай жараткан деп, өз окуусун баштан аяк айтып келе жатат. Муну “априорное знание” деп да, “трансцендентальное знание” деп да атап жүрүшөт. Андай десек да, мындай десек да, дин деген феномендин таасири адамзатка тегиз жайылып, аны менен эсептешпей коё албайбыз. Ошондон улам философия да, илим да такай эле дин менен диалог жүргүзүп келе жатат. Же, муну алар аргасыз моюндайт. Буга салыштырмалуу, адабият такыр эле динди ача албай жатат, белсенип кире албай жатат. Бирок, такыр эле кире албай жатат десем да туура болбойт. Бирин-экин буга кайрылган жазуучулар бар. Ошолордун бири сиз. “Кыямат” деген романыңызда Авдий Каллистратов семинариядан качты. Мунун тескерисинче, Бахиана чоң кыйынчылык менен Болгариядан чыгып, кара жер менен, деңиз менен жүрүп отуруп монастырга жетип келди. Диндин ордосуна келди дейли. Монастырь эле дейбиз, анда кандай жашоо турмуш бар? Не деген адамдар жашайт? Алардын дүйнөгө көз карашы кандай? Муну биз билбейбиз. Билели десек, аны айткан, аны жазган жазуучу да жок. Исламда суфизм деген бар. Ханакада жашаган суфий-мистиктер бар. Алар эмне деген адамдар. Иши кылып базар менен театрга, стадион менен казиного кирбей, жашоо образы, ой пикири, кылган кызматы таптакыр эле бизден айрымаланган, тикеден тике дүнүйөлүк жашоосун Кудайга тапшырган, бизге ушул күнгө чейин табияты ачык маалым болбой, динди туу тутуп келе жаткан адамдар бар. Ошолордун бири Бахиана болсо, анда бу чыгармаңыз бизге кызык болот эле. Балким, Бахиана аркылуу биз муну анча-мынча аңдайт элек. Балким, Бахиана аркылуу орусча айтсам, светский жашоону да, духовный жашоону да салыштырып карасак керек эле. Иши кылып бул кызык роман болот болчу деп ойлойм.
— Мени өзүң билесиң, ар кандай жолугушууларга көп чакырышат. Кээде ар кандай динди изилдеген окумуштуулар менен да жолугушуп калам. Ошолордун ичинде азыркы адамзат илгертен салттуу келе жаткан акыл эстен адашты, биз кайрадан адамзат эзелден карманып келе жаткан мурдагы даанышмандыкка кайтышыбыз керек дегендери да бар. Бул боюнча изилдеп, философиялык эмгектерди жазган докторлору да жок эмес. Кээ бирлери бул боюнча университтеттерде сабак да беришет экен. Иши кылып алардан мурда укпаган кызыктарды угасың. Ошолордун ойлорун угуп отурсаң, сен айткандай бир замандарда монастырларда монахтар менен монахинялар, исламда болсо суфий-мистиктер, буддизмде деле мистериялык окуулар болуп, кылымдар бою эле мистериялык окуулар бардык эле диндерде уланып келиптир. Ал окумуштуулардын пикири боюнча акыркы жүз жылдыктарда мындай окуулар жоголуп, ошондон улам азыркы муун өткөн доордогу даанышмандыктан узактады деп түшүндүрүшөт. Буга каршы чыгышка да болбойт. Балким, чын эле ушундайдыр. Жазуучу катары мен мындай ойлорду укканда ойлонуп калам. Сен айткандай, буга адабият кайрылса болбойбу деген ой да көңүлгө келбей койбойт. Бахиана деген роман ушундай ойдон улам жазылып башталган. Аны сен байкап жатасың. Динди окуган үчүн байкап жатасың. Бахиана аркылуу сен байкагандай монастырдагы жашоо менен сырттагы жөнөкөй жашоонун адам баласынын акыл эси менен ойлоо туюмунда чагылышы да, күндөлүк турмушунда практикаланышы да салыштырылып каралат эле. Анткени, Бахиана жыйырма бир жашка чейин сырттагы жашоонун бир топ кыйынчылыктарын көрүп, ошондон кийин монастырга келди. Аа-а… Эмне десем? Тема оор. Биз жаңы форманы, жаңы идеяны издейбиз. Бул романдын айрым бир жерлери эсимден да чыгып баратат. Убакыт болсо… Сен өлбөс-өчпөс идеяларды жаратыш үчүн билим керек деп жатасың. Бул кандай билим?
— Бул ушундай билим, Чыңгыз Төрөкулович. Исламда шарият, тарикат, марифат деген таанып билүүнүн баскычтары бар. Шарият деген эмне? Шарият деген сөз “чоң жол” деген мааниде. Бу жол менен жалпы мусулман калкы кетет. Дыйкандар, малчылар,
жумушчулар, соодагерлер деп коёлу.Булар күндөлүк турмуштун китепке жазылган эреже-мыйзамдары менен жашашат. Мунун илими логика десек болот. Исламда бул такай эле окутулуп келген. Шарият акыл эске ачык көрүнүп турган эреже-мыйзамдар менен иш жүргүзөт. Шарият жолунда жүргөн адамдар күндөлүк турмушун диндин кагазга жазылган эреже-мыйзамына ылайык жашай беришет. Андан башкага көп деле баш оорута беришпейт. Тарикат деген эмне? Бул чыйыр жол деген мааниде. Бу жолго кирген айрым бир шакирттер белгилүү бир шейх жетектеген мистериялык окууга мүчө болуп кирет. Мисалы, орто кылымда эле Бухара шаарында Кожо Бахауддин тарабынан негизделген Накшбанди тарикат мектеби ушундай мистериялык окуулардын бири болчу. Бу мектептен сабак алган шакирттерди суфизмге өткөн кишилер десек болот. Бул адамдар алды менен беш сезимди такай көзөмөлгө алат. Эмоцияны тизгиндейт. Балекеттин баары эмоцияда. Адам эмоцияны тизгиндемейинче эч кандай ийгиликке жете албайт дешет суфийлер. Биздеги “сабырдын түбү сары алтын” деген сөз суфизмден келген болуш керек. Мен ушундай деп ойлойм. Суфийлер убакытты бошко өткөрүшпөйт, тамак-ашты ашыкча жешпейт, уйкуну азайтат, бекерчи сөздү сүйлөшпөйт. Булар көп убакытты жалгыз өткөрү-шүп, күндөп-түндөп өздөрүнүн өсүп жетилүүсү боюнча күрөшөт. Кудайга кулдук уруп, ибадат кылышат. Ушунун натыйжасында эмоциядан акырындап кутула башташат. Эмоция азайганда эле таза идеялар келе баштайт. Эмоция деген шайтандын иши. А эмоция жүз пайыз токтогондо акыл эс да толук тазаланат, марифат башталат. Марифат деген сөз чыныгы билим деген мааниде. Бу даражага жеткен адамга азыткы ойлор келбейт. Шайтандын жолу тосулат. Жалган пикирлерден, шектенүүлөрдөн кутулат. Өлбөс-өчпөс идеяларды, чыгармаларды мына ушундай адамдар жарата алышат. Антени, алар чыныгы билимге жетишет. Суфий-мистиктер кылымдар бою ушундай окууну практикалап келишкен.
— А суфий болбой туруп эле мыкты чыгармаларды жараткан адамдар бар. Аларга эмне дейсиң?

— Чыңгыз Төрөкулович, алар деле өздөрү билбей туруп эле суфизмдин белгилүү бир элементтерин жасашкан. Мисалы, Паганинини алалы. Суткасына он төрт саат скрипка ойногон, көп уктаган эмес, көп тамак ичкен эмес, көп сүйлөгөн эмес. Мындай иштерге убакыт короткон эмес. Бетховен да ушундай. Ошол себептен жакшы ийгилик жарата алышты. Бирок, булардын катасы эле шейхке кол берип, мистериялык окуудан өтүшкөн жок. Билим алыша алган жок. Алар чыгармачылыкка күнү-түнү берилип, чектен ашыкча күч жумшашкан. Фанатизмге берилип кетишкен. Ошону үчүн алар ооруп калышты. А эгер мистериялык окуудан өтүшсө, оорушпайт болчу. Шейхтер деген шакирттерин такай көзөмөлгө алып, алардын ар биринен бейкабар калбайт. Ар дайым туура кеңеш берип турат,кылдат күзөтүп турат. Фанатизмге жол беришкен эмес. Суфизмде ден соолук деген биринчи планда турат. Мухаммед пайгамбар жандан аша кечип күнү-түнү намаз окуш, динге катуу берилип кетиш адамды же жинди кылат, же оору кылат деген. Динди оор кылбагыла деп айткан. Пайгамбар ар кандай ишке жандан аша кечип берилип кеткенди туура көргөн эмес. Жанагы сизге “биз кайрадан адамзат эзелден карманып келе жаткан мурдагы даанышмандыкка кайтышыбыз керек” деген окумуштуулар жок сөздү айтышпай жатышат. Алар мурдагы мистикалык трактаттарды кайра-кайра окушуп билип жатышат. Андай трактаттарда даанышмандыктын илими бар. Анда адам баласынын табиятын күндөн күнгө акырындык менен тарбиялап өстүрүүнүн жол-жобосу ийне-жибине чейин каралган. Фанатизмге жол берилген эмес. Ар бир шейх өзүнүн шакиртине өзү практикалаган гана таалим тарбияны үйрөтөт. Ансыз эч кандай мистериялык окуулар жашай албайт болчу. Илимсиз дин болбойт.
— Мунуң чындыкка окшошконсуйт.
— Чыңгыз Төрөкулович, сизге туура чындыкты айтып жатам. Ишенбей жатасызбы?
Күлөт.
— Сен анда ушу суроого жооп бер. Менин байкашыма караганда ар кандай эле мистериялык окуулар аскетизмди практикалашат. Куранда суфизм боюнча эмне дейт? Куран аскетизмге чакырабы?
-Куран тикеден тике суфизмге чакырат, аскетизмге чакырат десем туура болбой калат. Бирок, Куранда аз-аздан суфизмге дейбизби, аскетизмге дейбизби чакырган аяттар жок эмес. Мисалы, анда Моисейдин кырк күнгө Кудай менен сүйлөшүү үчүн өз калкынан бөлүнүп, жеке тоого чыгып кеткени айтылат. Ушундан болуш керек, суфизмде да кырк күн бою эч кимге көрүнбөй Кудайга кулдук уруп ибадат кылмай салт бар. Муну кыргыздар чилдеге отуруптур дешип коёт. “Чилде” деген сөз да кырк күн дегенди билдирет. Мухаммед пайгамбар да пайгамбарлык учуру келерден алдын он-беш, жыйырма күн Меккедеги Хира деген үңкүргө кирип кетип, өзү жалгыз Кудайга кулдук уруп ибадат кылган. Иисус да кээде жалгыз өзү элден бөлүнүп кетип, бир топ күнгө чейин суфизмди практикалаган. Бир сөз менен айтканда пайгамбарлардын баарысы эле суфизмди практикалашкан. Суфизм жок жерден пайда болгон эмес, эзелден эле адамзаттын практикасында бар. Анткени, адам баласынын табиятында Кудайга умтулуу бар. Ансыз адамдын руху тынч ала албайт, тынчтык таба албайт. Мисалы, сиздин Бахианаңыз да, Филофейиңиз да ушундай адамдар. Анан, сиз буга кантип ишенбей коёсуз?
Жазуучу дагы күлдү.
— Сен менин каармандарымды айтып мени ишендирип койдуң. Ишенбей коюшка болбой калды. Демек, биз байыркы даанышмандыкка эртедир-кечтир кайтышыбыз керек экен. Суфий болушубуз керек экен да. Сен ушундай деп жатасың да.
— Кайтышыбыз керек. Башка жолубуз жок. Атеизмди 70-80 жыл жакшы эле окудук, колдон келишинче практикаладык. Эч бир натыйжа берген жок. Билим эмес, миф экен. Маймыл эмес экенбиз, эзелден эле адам пендеси экенбиз. Коммунизм деген түш экен, реалдуу боло турган турмуш эмес экен. Эми, кудайга тооба келтирип, мурдагы эле “Теңир өзүң колдо, Алла өзүң туура жолго башта” деген келмени келтирбесек болбой калды. Экология бузулду, адеп-ахлак бузулду. Мунун баарын кантип оңдойбуз? Кудайга чын ыкыласыбыз менен тооба кылып кулдук кылмайынча оңоло албайбыз. Бул – аксиома. Башка жол жок.
— Демек, акыл эс менен кудайга кайтышыбыз керек?
— Кайтышыбыз керек!

— Анда кайталы. Сен жанагы адамдын акыл эси жүз пайыздан турат дегениңди бир китеп кылып жазсаң да жакшы болчудай экен. Мунуң да мага жакты.
— Алдын “Эзотерические вопросы Священного Корана” дегенди бүтүрөйүн. Сизге да жалганчы болуп жүрөм. Кудай буйруса, ошондон кийин!

 

…Бахиана бүтпөдү. Болжолу, буга жазуучунун убактысы жетпеди. Өзү айткандай оор тема болчу. Билими жетпейт эле деп айта албайм. Толук эле жетет болчу. Анткени, дин туурасында түшүнүгү бир топ эле мыкты болчу. “Мен эми динди биле албайм” деп койчу. Сүйлөшө келгенде динди да терең окуп түшүнгөнү ачык эле билинет эле. Таң калат элем. Кээде “молдоке, кудайды эстеп жүрөлү. Бүгүнкү күн да ушинтип өттү” деп жылмайып калчу. Өткөн убакытка өкүнөт эле. Кыла турган иши көп, жетише албай кыйналчу. Ушуну билип, мен да убактысын алгым келчү эмес. Ошого карабай сүйлөшкөнгө убакыт бөлчү. Мен деле пайдасы жок сөздү сүйлөчү эмесмин. Эми, ушундай адам жок! Орду бош калды.

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.