Виктор ЦОЙдун ырлары. Которгон Эрнис АСЕК уулу

Виктор ЦОЙдун ырлары. Которгон Эрнис АСЕК уулу

Эсен болуп, эстей жүр!

13-июнь. Бүгүн Жазуучулар Союзунун мүчөсү, котормочу, акын, журналист Эрнис АСЕК уулу жарык дүйнөгө келген күн. Көзү тирүү болгондо 52 жашка чыкмак. Болгону 49 жыл гана өмүр сүрдү. 2020-жылдын 29-январында капилеттен жүрөгү кармап көз жумуп, 31-январда акыркы сапарга узатылган. Ат-Башы районундагы кичи мекени Кызыл-Туу айылындагы бейитте жатканына 2 жыл 4 ай 13 күн болду.

«Өттү кез, өттү учур.

Өмүрдүн өзү Өлүм.

Кашкайган чындык турат,

Калганы – баары төгүн» деп Эрнисим жазгандай, Өмүрдүн өзү Өлүм экен…

«Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт!» дегендей, көзү өткөндөрдү даңктайлы, эмгеги менен эскерели. Тирүүлүктүн парзы ушул экен… Бүгүн эскеребиз…

Назира СААЛИЕВА

АРХИВден…

Виктор ЦОЙ: «Кѳзγбγздѳ – «Алга!» деген чакырык, Кѳзγбγздѳ – «Токто!» деген бакырык»

Тѳмѳндѳгγ ырлар ушундай аталыш жана баш сѳз менен «Асаба» гезитине 1995-жылы жарыяланыптыр. Эрнис жылдар алмашса да, ѳздѳрγ бул жалган дγйнѳдѳн ѳтγп кетишсе да, ар бир муунда ѳз кγйѳрмандарын дагы деле таап жаткан мыкты актер, феномен ырчылар Виктор Цой менен Владимир Высоцкийди аябай жакшы кѳрчγ. Алардын ырларын уккандан тажачу эмес… ѳмγрγ ѳткѳнчѳ укту… Архивди аңтарып атып 25 жашында кыргызчалаган ырларын таап алдым… Цой бир маегинде: «Мен элдердин жагдайларга байланбай кѳбγрѳѳк эркин болушун каалайм: башкача айтканда, адам тышкы оңтойлуулукту эмес, андан кѳрѳ ѳзγнγн ѳздγгγн сактаса дейм» дептир… Ырларында да ошону берсе керек, окуп кѳрγңγз…  

Эрнис АСЕК уулу: «Цой кеткенде бγтγндѳй бир муун шолоктоп ыйлап…»

Сексенинчи жылдардын азабы, кайгысы, кубанычы, сγйγγсγ, жек кѳрγγсγ, γмγтγ, кγйγтγ, кусасы Виктор Цойдун ырларында жаңырды. Ал жарык дγйнѳдѳн кеткенде бγтγндѳй бир муун шолоктоп ыйлап жатты. Анын ырлары ал жашаган мезгилдин жаңырыгына айланып, жылдан жылга жаңырып келет, жаш дγйнѳнγн жан-дγйнѳсγнѳ уюп келет, нѳшѳрдѳй куюп келет, кылым доошун туюп келет…

Чылым тγтѳйт. Чымчык сайрайт.

Чырмалышат бул дγйнѳнγн сырлары.

Ѳспγрγмдѳр ѳкγрγγдѳ,

Виктор Цойдун ырлары…

Кѳчѳдѳ бий

Кѳчѳдѳ бий – жамгыр тѳгѳт шатырап.

Кол чатырлар «тарс» этишкен

Мылтыктардай атылат.

Кимдир бирѳѳ качып кетти.

Кимдир бирѳѳ калды ушул жамгырда.

Калды дагы, кѳлчγктѳрдγ кечип жγрдγ

Ыраазыдай тагдырга.

Жаш сыяктуу мѳлтγрѳгѳн тамчылар

Жаш сыяктуу кѳздѳн ылдый агууда.

Жаш сыяктуу мѳлтγрѳгѳн тамчылар

Жаш сыяктуу кѳздѳн ылдый агууда.

Кѳчѳдѳ бий.

Кѳчѳдѳ бий – кѳѳдѳндѳгγ бѳксѳлѳрдγ толтурат.

Сынган айнек, айрылган шым –

Чыр-чатакты болтурат.

Урганым жок тγшγмдγ да, ѳңγмдγ,

Тγшγп калган кѳтѳрγңкγ кѳңγлдγ –

Ушул менин тагдырым.

Табийгаттын бийи ээлеп жан-дилди,

Кучагына кысып алган жамгырым.

Жаш сыяктуу мѳлтγрѳгѳн тамчылар

Жаш сыяктуу кѳздѳн ылдый агууда.

Силкип койгун суулуу чачты, башыңды,

Серпип койгун суу сиңирген кашыңды,

Болгон дγйнѳ кѳз алдыңда ачылсын:

Бекиткиниң каалганы,

Ыргыткының ачкычты –

Бул кγнγгѳ кайталанат –

Бул турмуштун баскычы.

Ачык асман болмоюнча,

Бул кγнγгѳ кайталанат –

Бул турмуштун баскычы.

Жаш сыяктуу мѳлтγрѳгѳн тамчылар

Жаш сыяктуу кѳздѳн ылдый агууда.

Бул турмуштун баскычы.

Жаш сыяктуу мѳлтγрѳгѳн тамчылар

Жаш сыяктуу кѳздѳн ылдый агууда.

***

Терезенин ар жагында – кγн тиет

Терезенин ар жагында – жарык бар.

А мен тγндγ жакшы кѳрѳм чынында,

Караңгылык – мен эңсеген тараптар.

А мен тγндγ жакшы кѳрѳм чынында:

Машинелер сейрек ѳтγп, сааты жылат

Кγтγγнγн.

Жакшы кѳрѳм тамекинин кγлγ менен тγтγнγн.

Ашканалар сыр каткансыйт ѳзγнѳ,

Γйγм сонун кѳрγнгѳнсγйт кѳзγмѳ,

Канчасы чын, канчасы калп,

ишенбеймин ѳзγмѳ.

Мынакей тγн. Мына жарык – электр

Ѳзγн кѳздѳй азыткыдай чакырат.

Эртеңки кγн кантип ѳтѳт билбеймин,

Жалгыздыгым эрме-чѳлдѳй какырап

Турат бγгγн. Бирок жалгыз эмесмин.

Жалгыздыкка моюн сундум дебесмин.

Магнитофон ырдап жатат кырылдап,

Бир кγнγмдγн кубанычтуу элесин.

Эртең менин кγтѳт далай кездешγγ,

Олтурабыз кѳңγлдѳгγ кѳтѳрγңкγ ыр ырдап.

Эртең менин кγтѳт далай кездешγγ,

Кафедеги кофе менин жылытат.

Мынакей тγн. Мына жарык-электр

Тереземди «тырс-тырс» этип черткилейт.

Мынакей тγн. Мынакей γн-электр

Ѳзγн кѳздѳй азыткыдай чакырат.

Эртеңки кγн кантип ѳтѳт билбеймин.

Жалгыздыгым эрме-чѳлдѳй какырап…

***

Кѳчѳ менен келе жатты бир солдат,

Кѳрγп калды топтолушкан балдарды.

«Атаңыр ким, айткылачы, балдар» деп

Аскер жигит жаш балдарды алдады.

«Мама – анархия

Папа – стакан портвейна.

Мама – анархия

Папа – стакан портвейна».

Баарысы булгаарыдан куртка кийген.

Баарысы бир курактуу, бойлору тең.

Кетем деп, кеталбады аскер жигит,

Алышып туруп алды ою менен.

«Мама – анархия

Папа – стакан портвейна.

Мама – анархия

Папа – стакан портвейна».

Жандарынан кетиришпей солдатты.

Тамшанышып – тамашага батышты.

Бети-башын кызыл-кѳккѳ боешуп,

Сѳгγнгѳндγ γйрѳткѳнсγп жатышты.

«Мама – анархия

Папа – стакан портвейна.

Мама – анархия

Папа – стакан портвейна».

***

Калааны жакшы кѳрѳм,

Аялдай Икс деген.

Караңгы кѳчѳлѳрдγ

Эңсеп келем.

Ар бири жалгыз, жалгыз.

Бекитем калааны,

Тепкичтер менен ылдый

Тγшγп келем.

Ушул жерде ѳмγрγң ѳтѳт,

Билем –

Ѳмγрлѳр айнектγγ витринада.

Айнектγγ витринага сиңип кетем,

Ѳмγрлѳр айнектγγ витринада.

Мынакей мен баратам.

Жанымда баратышат.

Мынакей Мода Υйγ

Мени да каратышат.

Менимче кечээ тγнγ

Жылдыздар жааган экен.

Короого тγшкѳн таштай

Жылдыздар жааган экен.

Маңдайдан соккон шамал

Учурат этегимди.

Мынакей γйгѳ келдим –

Кѳрѳсγң элесимди.

Чогу угуп тамекимдин

Чочутат караңгыны.

Бγгγн сен жалын – оттун

Жапжалгыз канышасы.

Ушул жерде ѳмγрγң ѳтѳт,

Билем –

Ѳмγрлѳр айнектγγ витринада.

Айнектγγ витринага сиңип кетем,

Ѳмγрлѳр айнектγγ витринада.

***

«Токтой турчу, кетпечи» —

Жай мезгилин эңседик.

Келип калды кыш мезгил,

Ушул белем кечмелик.

Кире качтык γйлѳргѳ,

Υй ичинде кары жаайт.

Эртеңкини кγттγк биз.

Кѳзγбγзгѳ парда жаап.

Кѳзγбγздѳ – «Алга!» деген чакырык,

Кѳзγбγздѳ – «Токто!» деген бакырык.

Кѳзγбγздѳ – жалын-оттун ѳлγмγ.

Кѳзγбγздѳ – аткан таңдын ѳмγрγ.

Кѳзγбγздѳ – жылдыздуу тγн – кайгылуу,

Кѳзγбγздѳ – бейиш бактан айрылуу.

Кѳзγбγздѳ – эшик турат жабылган.

Каалаганың тандап ал.

 

Ичели десек – суусу жок.

Жарыкты кγтсѳк – жылдыз жок.

Турмушуң болду чимирик.

Жамгырга тосуп эринди,

Кѳлчγктѳн сууну шимирдик.

Ырдайлы десек – сѳздѳр жок,

Ыйлайлы десек – кѳздѳр жок.

Турмуштун кайнайт казаны.

Баарыбыз туттук азаны,

Обонун кайрып азанын,

Оркестр ойноп жатабы?..

Кѳзγбγздѳ – «Алга!» деген чакырык,

Кѳзγбγздѳ – «Токто!» деген бакырык.

Кѳзγбγздѳ – жалын-оттун ѳлγмγ.

Кѳзγбγздѳ – аткан таңдын ѳмγрγ.

Кѳзγбγздѳ – жылдыздуу тγн – кайгылуу,

Кѳзγбγздѳ – бейиш бактан айрылуу.

Кѳзγбγздѳ – эшик турат жабылган.

Каалаганың тандап ал.

***

Маңдайда турган γйлѳрдѳн

Алысты кѳрбѳйт кѳзγбγз.

Кѳргγбγз келет: кызык да!

«Мышыктын жаным бекем» дейт.

Жаныбыз биздин мышыкта.

Келдик эми биз, келдик биз

Талашыш γчγн укукту.

Шуудурап турса плащтар –

Биз эмес дγйнѳ курутчу.

Келиптир биздин замана.

Келиптир биздин замана.

Жаңы гана курулган
Райондогу

Тар бѳлмѳдѳ тѳрѳлγп,

Тар дγйнѳдѳ жашадык.

Сγйγγ γчγн мушташып,

Балалыкты ашадык.

Келиптир биздин замана.

Келиптир биздин замана.

Тар келип кийген кийимдер,

Тѳрт дубал бизди качырган.

Талпынып калган кезибиз,

Тѳрт тарап эми ачылган.

Келиптир биздин замана.

Келиптир биздин замана.

Кыргызчалаган Эрнис АСЕК уулу,

«Асаба», 1995-жыл, 17-февраль

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.