РЕДАКЦИЯДАН: Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Малик Аликеевдин түбөлүк уйкуга кеткенине бир жума болду… 7 күндөн бери окурмандар агабыздын үй-бүлөсүн сурап, редакцияга чалып да, жазып да жатышат. Окурмандардын суранычын орундатуу максатта жубайы Жаңыл Темирканованын архивдеги маегин берип турубуз…
АРХИВден…
Жаңыл ТЕМИРКАНОВА, «Балам жалгыз болгондуктан көп балалуу болсо экен деп тилейм»
— Жаңыл эже, биз сизди акробат катары жакшы тааныйбыз. Ишиңиз кайда?
— Мен азыр кыргыз-түрк лицейинде бий ийриминде сабак берем. Ар кандай конкурстарга Түркияга барып турабыз. Телефонумда Маликтин ырлары бар. Түрктөр угушуп, «үнү абдан жакшы экен. Бул жакка чакыралы, алып келбейсиңби» деп калышат. Маликке айтсам, көңүлдөнбөйт. Чыгармачылыкта көп жыл ысык-суугуна түтүп, талантты көтөрүп жүрүп да бааланбай атканына деми сууп калгандай… Аны байкап, ичимден толгоном, баалап коюшса, стимул болуп чыгармачылыгын дагы да өркүндөтүп кетет беле деп ойлонуп калам.
— Жолдошуңуз менен кандайча таанышып калдыңыз эле?
— 1988-жылдары филармониянын алдындагы студиянын бий бөлүмүнө тапшырып калдым. Ал кезде Малик дагы студент эле. Бир жерде окугандан кийин көрүшүп, учурашып жүрдүк. Экөөбүздүн тең 17-18 жаштагы кезибиз.
— Ал кезде Малик Аликеевдин аты чыгып калган беле?
— «Мөлмөлүм» менен эл оозуна алынып калган. Бирок, чынын айтсам, мен анын талантын ал кезде баалай билчү эмес экенмин. Студияны аяктагандан кийин циркке жумушка орношуп калдым. Акробат болгум келип, сырларын үйрөнө баштагам. Анан эле чоң атам каза болуп, айылга кетсем, цирк жамааты чет өлкөгө гастролго жөнөп кетишиптир. Келип эле таппай калып, жумушсуз жүргөн кезимде Маликти жолдон жолуктурдум. Анан ал мага: «Филармонияга бийчи керек болуп атат, гастролго чыга элек» деп калды. Тагдыр да, филармонияда Малик менен чогуу иштешип, эки жылдай гастролдорго чыгып жүрдүк. Мен аны жактырам, бирок, билдирбейм. Ал да унчукпайт. Мамилебиз кыз-жигиттикиндей. Бирок үйлөнүү тууралуу кеп козгобойт. Эми качан сунуш киргизет деп күтүп жүрдүм (күлүп).
— Анан?.. Сунушун качан, кантип билдирди?
— Айткан жок. «Менин жубайым болууга макулсуңбу?» дебей эле, ала качты сыяктуу кылып алып кеткен (күлүп).
— Кандай өмүрлүк жар болуп берди?
— Маликтин мүнөзү татаалыраак. Чыгармачыл адамдар негизинен жандүйнөсү бай келип, анан ошол байлыкты башкалардан таппай кыйнала беришет эмеспи. Тагдырдын бороонуна тез эле майышып калгандары да ошондон го. Сырын айтпайт, оорчулук болуп атабы же кубанычпы, ичине бекем катып жүрө берет. Ал мүнөзүнөн мен корком, ичине сактап жүрүп оорукчан болуп калабы деп бушайман болом.
— Үйдө башкаруучу ким?
— Мурда Маликтин айтканындай болчу. Акыркы кездерде анча-мынча үй-бүлөгө тийиштүү иштерди аны кийлигиштирбей эле өзүм жайгаштырып койчу болдум. Бул ал мага баш ийип калды дегендик эмес. Ал дегеле бирөөгө баш ийип көргөн жан эмес. Айтканына кайтпайт.
— Сизчи? Агайга баш ийесизби?
— Баш ийгеним ушул болсо керек, турмушка чыккандан кийин бир гана жолу концертинде бий топтун курамында бийлеп бердим. Азыр ар бир концертте бийчилер ырчыларды коштоп атышат го. Ал кезде андай жок болчу. Биринчи жолу бул нерсе Маликтин концертинде башталган. Андан кийин калгандары улап кетишти. Ошол концерттен кийин жеке чыгармачылыгымдан баш тарттым. Тиричилик, балалуу болуп, баланын түйшүгү көбөйүп, Маликтин чыгармачылыгын колдоп калдым.
— Агай тапканын сиздин колуңузга салып береби же өзү кармайбы?
— Ал өзү кармайт. Канча акчасы бар экенин деле айтпайт. Тамак-аш, кийим-кече сыяктуу жашоо-тиричиликке керектүү нерселерге берип турат.
— Аялдык кылып кээде мээсин «жеп» каласызбы?
— Айтпадымбы, эч кимге баш ийбейт деп. Мээсин жесем деле каалаганын жасайт, каалабаганын жасабайт. Анын үстүнө чыгармачыл адамдарга түшүнүү менен мамиле жасабасаң болбойт. Жандүйнөлөрү башкача жандар да. Менин дагы чөйрөм чыгармачылык болгондуктанбы, түшүнүп, мээсин азыраак «жегенге» аракет кылам (күлүп).
— 21 жыл чогуу түтүн булатып келатыпсыздар, үй-бүлөнүн түпкүлүгү бекем болушуна аялдын салымы көп болобу же эркектикиби?
— Менимче, аял көбүрөөк роль ойнойт го. Сабырдуу, чыдамкай болгонго туура келет. Турмушта ар кандай кырдаал болот, кээде бурулуп басып кеткиң келет. Андайда ачууга алдырбай, эртеңки күндү, баланы ойлоп, оорчулукту көтөрүп койсоң убакыттын өтүшү менен баары кайра ордуна келип калат.
— Балаңар канчага чыгып калды?
— Уулубуз Кубат Ататүрк-Ала тоо университетинде 3-курста окуп жатат. Кичинесинде сүрөттү жакшы тартчу. Мени, атасын, туугандарды баарыбызды тартып чыккан. Альбом түт келбей калчу. Кийинчерээк Шубин атындагы музыкалык мектептин комуз бөлүмүнө алып бардым. Кашыкты деле, шыпыргыны деле, колуна эмне тийсе комуз кылып ойноп, окшошсо-окшошпосо да төгүп ырдап, манас айтып калганынан шыгы бар экен деп бергенбиз. Жакшы өздөштүрүп кетти. Азыр чоң-чоң күүлөрдү чертет.
Бирок көңүлү калып калгандай жайы бар. Бизде ар кандай конкурстар тааныш-билиш, адам салмайсыз өтпөйт эмеспи. А биз балабызды бир да жолу кадырыбызды салып сүйөмөлөгөн жокпуз. Моралдык колдоо бердик, бирок, конкурстарда биринчи орунду алышы үчүн чуркаган эмеспиз. Баарын өзүнүн талантына табыштап койдук. Анан конкурстарда тааныш-билиш менен алдыга озуп кеткендерди көрүп жүрүп, бала жүрөгү сууп калды го дейм. Комуз менен кеткенде улуу комузчулардын катарын толуктайт беле деп ойлоп коем.
— Балалуу болгондо Малик байке майрамдады беле?
— Артисттердин ар бир күнү майрам эмеспи (күлүп). Анан балалуу болуп атса, андан ашыра майрамдайт да. Кубанып, атын өзүп коюп, досторуна жууп берген…
Мен азыр кыздуу боло албай калганыма өкүнөм. Балам жалгыз болгондугунан улам көп балалуу болсо экен деп тилейм.
— Жолдошуңуз башка бирөөнү сүйүп калганын билсеңиз кандай кабыл алат элеңиз?
— Узак убакыт чогуу жашап калганда аял-эркектик сезимдер басаңдап, бир туугандай жакынсынып, жакшылыгына сүйүнүп, жаманына санааркап эле жашап калат экенсиң. Кээде капаланып, бугу ичине толуп жүргөнүн көрүп, ушундан көрө бирөөнү сүйүп калып, мени кызгандырса эмне деп ойлогон учурум болот. Сүйүү деген бакыт да. Сүйүп калып, өзүн бактылуу сезсе эмнеге болбосун. Айрым курбуларым күйөөлөрүн аңдып, ким менен жүргөнүн териштирип күйүп-бышып калышканын көрөм. Андайда «кызгангандын ордуна, бирөөнү сүйүп, жашоонун агымынан калбай баратканынан кубанбайсыңарбы» деп калам.
— Демек, кызганчаак эмессиз?
— Жаш кезде кызганыч болчу. Эми акыл кирип, аркы-беркини аңдап калгандан кийин «жаман аял эр коруйт» болмок белем. Жашоонун ар кандай күндөрү бар, алдын ала өзүңдү даярдап жүргөн деле жакшы го.
— Экинчи аял алам десе да макул болот белеңиз?
— Анысына ишене албайм. Ар бир эркек оң-тетири басат. Өзүн камап койсоң да жүрөгүн кантип камайт элең. Сага болгон сүйүүсү түгөнүп калса, уруш-талаш, зордук-зомбулук менен сүйдүрө да албайсың. Сүйүүсүз, уруш-талаш менен жашагандан көрө эркиндик болгону деле жакшы… Бирок, аялсың да, ким бирөө менен мамилелеш болуп атканын билип калсаң, кандай болбосун көңүл ооруйт. Ошондуктан аялга билгизбей жаңы сүйүү күткөндөргө мен эч кандай айып кое албайм.
— Таластыктар гүлчөтайга жакын болот эмеспи. Камыр тамакты көп кыласызбы?
— (Күлүп) Таласка келин болгонумдан кийин кайсы тамакты көп жасарым айтпасам деле белгилүү го. Башында гүлчөтайдын камырын жая албай кыйналчумун. Азыр үлбүрөтүп жайып, бышырып алып, анан колго туурайм. Малик камыр тамакты жакшы көрөт. Эки күндө бир гүлчөтай жасап турсам эле болду, калган күндөрү тамакты кандай жасасам деле сын айтпай жей берет. Көбүнчө жумушта болуп, үйгө кеч кайткандыктан түрлөп тамак жасап бере албай калам.
— Эрте кетип, кеч келсеңиз: «Үйдө отур, иштебе!» дебейби?
— Базар шартында жашап атпайлыбы. Бир үйдө жубайлардын экөө тең иштебесе жашоо кыйындап калат го. Азыркы убакта ири байлар гана аялдарын үйгө отургузуп бакпаса, басымдуу аялзаты эркек менен бирге акча таап калды. Малик күндүз үйдө блот, мен жумушта. Мен жокто достору үйгө келип калышат. Качан келишпесин жумушта болом да. Анан «аялы үйдө отурбайт, Маликти карабайт» деген сөздөр чыгат да. Жашоо-тиричилик деген бар, үйдө отуруп алсам атабызга эле күч келет. Жакасын агартып, тамагын жасап берип карагандан башка да мүмкүнчүлүк болуп турганда, үйдүн түйшүгүн тең көтөрүп таяныч болгон деле жакшы го.
— Кайын энеңиз кандай адам?
— Апабыз аябай кайраттуу, темирдей бекем аял. Тиричиликтин көзүн билет. Этти ушунчалык даамдуу кылып сүрсүтөт.
— Чыгармачыл адам романтик келет эмеспи. Майрамдарда же жөн күндөрү деле гүл берип турабы?
— Берет, өзгөчө концерттерге катышканда үйгө толтура гүл көтөрүп келип мага берет (күлүп).
— Үйдөн ырдап береби?
— Ырдайт. Көбүнчө баласына комуз ойнотуп коюп угуп жатканды жакшы көрөт, «жакшы ойноп жатасың, балам, азамат!» деп коштоп коюп… Малик күүнү ким кандай ойноп атканын байкап турат, «бул жерин туура эмес ойноп койду, туура эмес алды» деп калат. Ошондон улам баламды мактап атса, мен эми комуз билбейм да, «Аа Кубат жакшы ойнойт экен» деп кубанып калам.
— Кубат кимге жакын, сизгеби же атасынабы?
— Кичинесинде мага жакын болчу. Бой тартканы атасына жакындап баратат, экөөнүн эркекче сөздөрү бар. Атасынын машинасын айдап кетип да калат.
Маектешкен Гүлмайрам ТУРУСБЕКОВА,
«Баягы Асаба», 2013-жыл, 19-декабрь
Концертинин алдындагы жолугушуу…
Жоктоп калдык…