1200 литрлик казанга сүмөлөк кайнатылат. Келиңиздер! Дареги жана программасы…

1200 литрлик казанга сүмөлөк кайнатылат. Келиңиздер! Дареги жана программасы…

Эртен, 20-мартта, «Дасмия « этноборборунда көктөм майрамы Нооруз жана Улуу Рамазан айын утурлай 1200 литрлик казанга сүмөлөк кайнатылат. Бул тууралуу уюштуруучу топ башында турган белгилүү журналист Элнура Кулуева “Ынтымак сүмөлөгү” идеясы жаралган күндөн айтып келатат…

Өлкөнүн 31 жылдык жолунда ийгиликтер да, кемчиликтер да, адашуулар да көп болду. Кыргызстан биздин мекенибиз, ошон үчүн баарыбыз мекенибиздин жакшылыгына сүйүнүп, жамандыгына күйүнүп келдик жана жан үрөп жатабыз. Өлкөбүздүн тарыхында тагдыр чечээр учурлар көп болду. Кандай оор күн болбосун ынтымакты туу кылып, эл тынчтыгы үчүн жан үрөшүбүз керек. Анын үстүндө акыркы кезде мамлекет улуттук идеологияга , коомдук жаңы идеяларга суусап жаткандай. Кыргызстан ачык, демократиялуу коомдо башка өлкөлөр менен теңтайлаша өз ордун ээлеп жашоосу үчүн ар бир жаран өз салымын кошуш керек деп эсептейбиз.

Улустун улуу күнү, Нооруз майрамынын урматына ынтымак азыгы болгон “Сүмөлөк -2023” фестивалын уюштуруп, борбор калаада биринчи жолу “Ынтымак” сүмөлөк кайнатып, элди биримдикке, ынтымакка чакырып жатабыз... Касиетүү сүмөлөктүн технологиясын жаш муундарга үйрөтүү, Нооруз алдында ынтымак азыгынынын касиетин жайылтуу, ата-бабаларыбыздын бай мурастарын аздектөө, аны жанданттууну максат кылган бул ишчаранын мааниси терең. 1 тонна 200 литрлик казанга кайнатылган сүмөлөк кыргыз элинин тилеги болот деген ниетте бул фестивалды уюштуруп жатабыз... Былтыр өрүкзарлуу Баткенде дал ушул казанда 1 тонна сүмөлөк кайнатылган. Эртең, 20-мартта, Кудай кааласа бул казанда экинчи ирет сүмөлөк кайнатылат.Ынтымак сүмөлөгүнө балдар үйүнөн 200 бала алып келинет. Алар «Сүмөлөк» фестивалына катышып, чыныгы сүмөлөктүн таттуу даамын татып, бир күн болсо да мээримге, камкордукка чөмүлүшөт... Жалооруй карап калышса, жүрөгүң зырп эте турган катмар... Кыргызстандын түндүгүнүн астында эненин, баланын бир да тамчы көз жашы төгүлбөшү керек! Бардыгы мамлекеттин камкордугунда, ата-эненин камкордугунда болсун!” деген каалоо-тилек айткыбыз келет. Бул акцияны кайрымдуулуктун эң мыкты үлгүсүн көрсөткөн, эл ичинде Эмгек жана социалдык министри болгон Назгүл Насиева менен биргеликте уюштурабыз. Мындан тышкары, кайнатылган сүмөлөк карылар үйүнө, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар борборлоруна жеткирилет«,дейт Элнура Кулуева

Бизге ынтымак гана керек болуп турат.

Элдин ынтымагы баш алсын бүчүрдөй.

Кыргызстан деп жашасак,

Кылымдык иш жасасак!

Бул ынтымак……

Күлүк башын бура алсак,

Кыргыз үчүн туралсак

Бул ынтымак деп Элнура эженин жазганына аңдасак, бул иш-чара “аты улук, супарасы курук» иш-чаралардан эмес десек болот. Атына, максатына жараша сандык маалыматтары да өзгөчө: улуттук тамагыбызды 71 кг буудай өндүрүлүп, 71 таш салынып, сыйымдуулугу 1200 литр, салмагы 500 кг, диаметри 2 м, бийиктиги 70 см, калыңдыгы 5-6 мм, 4 эмес, 8 сегиз кулактуу (!), илгеркиче тай казан (же той казан) деп атагыдай берекелүү кенен казанга 70 апа 24 саат аралаштырып кайнатат. Апалардын колу чарчабасын деп, “Дасмиянын” эшигин күндүзгү саат 12ден түнкү 12ге чейин ачык коюшту — келген адам чын жүрөктөн ак тилегин айтып, учуна депкир бекитилген таякка кол тийгизип аралаштырып кетсе болот…

Андыктан, жашаган жагыңыздан жол багытын, коомдук унаалар жүрүмүн тактап, чак түштү болжоп, Анкара, 2 дарегине — “Дасмия” этноборборуна келип калыңыз…

Эми сүмөлөктүн жаралыш тарыхынан айталы…

Сүмөлөктүн жаралышы ар кандай улама кеп болуп айтылып келет. Бирок баарынын орток маңызы бир –  эл башына түшкөн оор күн, кыйын сыноодо элди, улутту, адамды ынтымак, тилектештик, кайрымдуулук, боорукердик, сабырдуулук, нысаптуулук сындуу улуу сапаттар сактап калган. Андай баяндын бири мындай:

«Илгери өткөн заманда, жаркыраган жаздын алгачкы айында элди ачарчылык каптап, өлүм-житим көп болот. Калктын айласы кетет, тентийт. Чыркырап тамак сураган балдардын үндөрүнөн ЭНЕлердин аргалары түгөнөт. Андайда амал тапкан апалар колдорунда болгон тамак-ашын ортого чыгарышат. Бири бир чымчым унун, экинчиси бир кашык майын, үчүнчүсү бир ууч талканын, башкасы болгон-бүткөн азыгын чогултат. Жыйналган тамак-аш чоң казандын жарымынан болот. Үстүн бастыра суу куюлуп, от жагылат. Бүлкүлдөп кайнайын деп калганда, чиедей жаш тогуз баласын ээрчитип жесир аял келет.

Көз жашын көлдөтүп от жагып отурган аялдарга: «Айланайындар, мына бул тоголок тогуз таштан башка казаныңарга кошор эч нерсем жок, ушуларды кошоюн, тогуз балама ырыскы болуп кошо бышсын», – деп, бет аарчысына орой келген таштарын таза жууп, «Жаратканым калайык-калкыма токчулук менен бейпилчиликти алып келсин!» деп тилек айтып казанга салат. Казан боркулдап кайнай баштайт. Ак элечек энелер улам казанды аралаштырган сайын: «Айланайын Кудай, ушул көктөм элибизге токчулук менен бак-таалайды алып келсин. Журтубуз ачкачылыктан кыйналып кетти, мол түшүм, берекенин, ден соолуктун жылы болсун» деп тилек айткандарын токтотушпайт.

Возможно, это изображение 3 человека, люди стоят и на открытом воздухе

Курсактары ач, чаалыккан балдардын алды кыңылдап ыйлап жатып уктап калышат. Казан аппак болуп таң аткыча кайнайт. Колдо бар азык кошулган тамактын буруксуган ширин жыты каңылжарды жарат. Эң бир таттуу, жегиликтүү, токчулук даамданып бышат. Жакшы бир демделип, суугандан кийин идиштерге салынып, жаш-кары дебей нысаптуу сөөмөй менен илип жешет. Ошол сүмөлөк бир айга жетет. Калк тирденип ачарчылыктан аман калат. Ширелүү, касиеттүү күлазык тамакты Сүмөлөк деп аташат. Эл тилеги кабыл болуп жаз токчулукту алып келет: эгин укмуштуудай жакшы чыгып, мол түшүм алышат. Калк азыгы арбып, берекеси артат. Ошол күндөн бир учурда ата-бабабызды ачарчылык апаатынан сактап калган касиеттүү сүмөлөк жаз келип, жер жанданганда жасалчу тамак болуп калат. Кийин бара-бара күн-түн теңелген жылды тосуудагы салттуу тамакка айланат.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов агабыз айткан бир маалымат да абдан кызык. Анын айтымында, сүмөлөк тууралуу  “Туркестанские Ведомости” гезитинин XIX кылымдагы (!) сандарында мындай бир кызыктуу маалымат чыккан экен: “…Үзүмчүл жаз айында дан эгиндери жок, ачкачылык каптап калган мезгилде, бүтүндөй айыл чогулуп туруп, кампалардагы эң акыркы эгиндерди жыйнап караса, көпчүлүгү күндүн табынан улам өсүп кеткен болот. “Муну эмне кылабыз?” деп ошол жердеги бардык айылдагылар келип, кеңешип туруп, калган данды майдалап, казанга салып: “Бул биздин ырыскыбыз, акыркы ырыскыбыз, эми мындан ары эгин бышканга чейин аман-эсен жетели” деп, ошондон буудайды өндүрүп, сүмөлөк жасоону салт кылып алышат”.

Жазгы жандануу “Улустун улуу күнү” менен башталган

Нооруз — «нав» — жаңы, «руз» — күн дегенди түшүндүргөн фарс сөзү. Кыргыздар жаздагы жанданууну “Улустун улуу күнү” деп майрамдап келишкен.Тарыхта айтылгандай, бул күндү утурлай уруулар аралык араздашуулар токтоп, кастыктар жоюлуп, чыр-чатак унутулуп, таарынгандар жылуу тилек-сезимдер менен элдешип жарашкан. Бул элдик майрам өзөгүн илгертен келаткан салт-санаа, үрп-адат, оюн-тамашалар түзгөн. Балбандар күрөшкө түшүп, аркан тартышып, көзгө атар мергендер бийиктикке илинген жамбыларды жаа менен үзө атып ат үстүндө түрдүү чеберчиликтер менен оюндар, мелдештер өткөн. Эң башкысы – бардыгынын башатында ынтымак деген тилек турган. Жанчылып, 7 жолу суу кошулуп маңызы чыгарылган буудайдын актык суусу, канча буудай өндүрүлсө, ошончо өсүмдүк майы, ун кошулуп, түнү менен 10-12 саат бүлкүлдөп кайнаган сүмөлөк кымтыланып демделип тыныккандан кийин, эртең менен эрте бетин ачкандар бетине түшкөн сүрөттөрдү жакшылыкка жоруп: “Элде, жерде тынчтык болсун, ынтымак ыроолосун, жакшылыктар үзүлбөсүн” деп бата тилешкен…

Айтмакчы, астрономиялык жазыңар менен, туугандар!

Адатта биз «1-март, жаз келди» дегенибиз — ал илимде метеорологиялык же климаттык жаз делет. Кышкы аба жылымык тартып нөлдөн плюсту карай өйдөлөй баштайт. Астрономиялык аталган жаз — күн менен түн теңелген убакыт марттын 20сынан 21ине аттаганда келет.

Ошо, астрономиялык жазыңар менен, туугандар! Көктөмдүн,  аруулуктун жана тазалыктын майрамы «Улустун улуу күнү» жана «айлардын султаны» Ыйык Рамазан айы менен «Алакан» сайты куттуктайбыз. «Жакшы тилек — жарым ырыс» дейт. Жазгүл Жамангулов акын, журналист кесиптешибиздин бир сөзү жакты, «сөзүбүз — өзүбүз» — ойлорду тазартып, сөздөргө уу аралаштырбай жумшартып, жүрөктөрдү агартып, ой-максаттарды түздөп, түрдөп, душман көзүнө жаманыбызды анча-мынча жашырып, жакшылыгыбызды ашырып, асманыбыз ачык, жүзүбүз жарык, ортобуздан ынтымак кетпей, талашканыбыз сый болсун, урматтуу мекендешим!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.