34 жылдан кийин жактырылган мыйзам
болбосун, БААРЫНДА ТЕҢ мамлекеттик тил колдонулуп, иш кагаздары, маалыматтар, билдирүүлөр, мобилдик тиркемелер, кыскасы, бардык КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮЛӨР, ТЕЙЛӨӨЛӨР ТОЛУК МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕ ЖҮРГҮЗҮЛӨТ. Мыйзамдар адатта орус тилинде жазылып, анан кыргыз тилине которулуп келсе, эми бардык мыйзамдардын түп нускасы кыргыз тилинде гана болот.
Орус тилине тынчсыздануунун кажети барбы?..
Жоробекова кечирим сурады
Аягы кандай болду? ТИМ Дипломатиялык академиясында Айнур Жоробекованын сɵзγн талдаган эмгек жамаатынын жыйыны ɵтγп, Айнур Эшимбековнага ɵздγк делосуна жазылган дисциплинардык чара каралып, сөгүш жарыяланган. Ал эми Айнур Жоробекованын тγшγндγрмɵсγ боюнча, «Валдай» талкуусу маалында Борбор Азия ɵлкɵлɵрγндɵгγ орус тилинин абалы жана орус диаспорасына болгон кысым тууралуу суроо коюлгандыктан, ар бир ɵкγлгɵ ɵз ɵлкɵсγндɵгγ абал тууралуу айтуу мγмкγнчγлγгγ берилген. Айнур Жоробекова коңшу ɵлкɵлɵргɵ караганда Кыргызстанда орус тилинин абалы абдан жакшы экенин айткан. Болгон жаңылыштыгы, эксперттер кɵп колдонгон, бирок элге тааныш эмес «УЛУТТУК КРОКОДИЛДЕР» деген терминди колдонгону болгон. Айтымында, кайсы ɵлкɵдɵ болбосун, улуттар аралык чыр-чатактарды козутуп турган адамдарды эксперттер ушундай аташат. «Ушул сɵз тγрмɵгγ коомчулукта терс маанайды жаратканы γчγн кечирим сурайм» деген профессор бул айтканы боюнча бир катар журналист, блогерлерге тγшγндγрмɵ бергенин айтып, «Кимдир бирɵɵнγ кемсинтγγ, андан да кыргыз тилин шылдың кылуу ниетим жок болчу. Жалпы коомчулуктан чын дилден кечирим сурайм. Мен ɵз ɵлкɵмдγн патриотумун, эл аралык аянтчаларда дайыма Кыргызстандын, кыргыз элинин жана кыргыз тилинин гана кызыкчылыктарын коргойм» деди…
Айнур Жоробекованын түшүндүрмөсүнөн кийин «УЛУТТУК КРОКОДИЛДЕР» — мамлекеттик тилибиз жөнүндө конституциялык мыйзамга каршылар деп кабылдагым келип калды! Ошондуктан мыйзам эртерээк күчүнө кирип, «ким аткарат, кандай аткарат, ким көзөмөлдөйт» деп кайра-кайра мыйзам жаза бербей, ушул мыйзам гана иштеп, зарыл болсо, улут, тил кызыкчылыгын көздөгөн толуктоолор, түзөтүүлөр киргизилип, мындан ары эне тилибизди тебелеп-тепсөөгө, кемсинткенге жол берилбейт дегим келет!
Мамлекеттик тил мыйзам жагынан биз артта калганбыз…
Эне тилибиз кыргыз тили көз карандысыз, өз алдынча мамлекеттик тил расмий макамын алганына 34 жыл болот. Бирок бул тилибиз, улуттук баалуулугубуз эне сүтү менен бүтүп, сүйлөнүп сакталып келатканына кылымдар ашты. Ошол бийиктиктен мамиле кылбай, ар бир жаран мыйзамды сыйлап, мамлекеттик тилди билүүгө тийиш деген чечкин аракеттерди жасай албай келебиз!
Мамлекеттик тил боюнча азыр къчън жоготкон алгачкы мыйзамыбызды ушул коңшу мамлекет Казакстандан озунуп кабыл алып, 1989-жылдын 23-сентябрында улуттук тилибизге мамлекеттик тил макамын ыйгарганбыз, иш жүзүндө бауырлардан артта калдык. Бул ачуу чындык, факт! Менимче, бул казактардын тил маселесинде мамлекеттик саясатты башынан туура баштаганынан болгон. Мурунку ажосу Нурсултан Назарбаевдин көчөлөргө “Казак казак менен казакча сүйлөшөт” дегенди бакырайта жаздырып илдирип койгону канча аңыз болуп айтылып жүрөт. Бул бир улуттун башка улуттан артыкчылыгын көтөрүү эмес, муундарда ажырым болбогудай улуттук аң-сезимди көтөрүү, сөздүн жакшы маанисинде улутчул болууга, улутун сүйүүгө, улуттук баалуулуктардын түбөлүгүн сактоого болгон умтулуу деп ойлойм.
Эне тилибиздин өнүкпөй келатканына чынында намыстанам. Бизде көрнөк-жарнагы, аталышы, башкасы болобу — орус тилине ылайыкташкан, ал эле эмес англис тилинде жазылганы басымдуу болуп баратат. Кыргызчасын эптеп, көрүнбөгөн жерине кыпчып, анда да ката менен жазып коюшат… Айрым мамлекеттик мекемелердин сайттарында кыргызча деген тил тандоосу турат, кыргызча маалыматы аз, жаңыланбайт дагы. Кечирип койгула, казак баурлар латиницага өтөбүз деп, айрым сайттары маалыматтарын Qaz, QZ деп латын арибинде жайгаштырып жатышат…
Айтарым, 56 жылдан бери агартуучулук багытта үзүрлүү эмгектенип келаткан Кыргыз Эл мугалими Бектур Исаков агайыбыз айткандай, эне тилин үйрөнүү бала бакчадан, ата-эненин бала менен үйдөгү кыргыз тилинде баарлашуусунан башталат… Тагырагы, улутубуздун нагыз келечеги – назик балапан дүйнө балдардан башталат. «Кыргыз деп келгем дүйнөгө, кыргыз деп өтөм дүйнөдөн» деп Байдылда атабыз айткан сөздү балдарыбыздын, өзүбүздүн жан дүйнөбүзгө, аң-сезимибизге сиңире алсак, ошондо улуттук тилибиз “муктаждык, зарылдык жаралса гана” үйрөнө турган эмес, “Кыргыз тилин билбесең иштей албайсың, жарандык алыш оңой эмес!” деген заманга жараша талабы бар КЕРЕМЕТ, КУБАТТУУ ТИЛГЕ АЙЛАНАТ!
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы